“Эл тааныбаган Эл артисттери көбөйдү” деп белгилүү бир режиссёрдун кейигени эсимде. “Жыл сайын узун тизме менен берилип жаткан наамдар өз ээсин таппай татыксыз берилүүдө” деген коңгуроолор кагылып эле келе жатат. Бирок татыксыз сыйлангандар токтободу. Ушул өңүттөн карап, наам тууралуу бир катар маселелерди жазгыбыз келди.
БААРЫН КОМИССИЯ ЧЕЧЕТ
Учурда “мен наам алат элем, кокуй” деп министрликтердин эшигин жырткандар арбын. Арасында 2 жыл ырдап алганы, эчен жыл эмгеги сиңсе да ала албай наалып жүргөнү да бар. Эңсеген эгемендикти алгандан соң мамлекеттик сыйлыктарды берүү маселеси курчуп, 1996-жылы негизделген. Мыйзам боюнча, Эмгек сиңирген же Эл артист деген наамдар өнөр ээлеринин чыгармалары, ырлары, обондорунун саны жана сапаты эске алынып, ар бир министрлик боюнча сунушталат. Сунушталган тизме президенттин алдындагы 15 адамдан турган жашыруун комиссиянын чеңгелине түшөт (жашыруун комиссия болгондуктан, ал жерде кимдер отурганын, искусствону түшүнгөн адам отурабы же башкабы, эч ким билбейт). Демек, акыркы сөз ошол жашыруун микрофондун ээлерине берилет. Алардын элегинен өткөнү өтүп, калганы калат.
Маданият министри Нурланбек Шакиевге кайрылсак: “Кызыгы, кээде биз сунуш кылбаган ысымдар тиги жакка өтүп кеткен учурлар болот. “Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап” дегендей, наам ал адамга арналып калгандан кийин биз эмне кыла алабыз? Тааныш-билиш, жогору жактан телефон чалуулар же дагы бир башка жолдор менен берилген үчүн жаман көрүнгөн учурлар да болот”,- деп өз көйгөйүн айтып өттү.
«НААМ АЛСАҢ, КӨРҮСТӨНҮҢ ДАЯР» ДЕЙБИ?
Албетте, наам чыгармачыл инсанга, биринчиден, моралдык жактан дем-күч берет эмеспи. Бирок моралдык канааттандыруу менен гана чектелбестен, келечекте мамлекеттик кошумча каражаттарга да ээ кылат экен. Мисалы, эмгеги сиңген ишмерлердин айлык акысы 50 пайызга жогорулатылат. Эл артисттерине, Эл акындарына, Эл жазуучуларына, Эл сүрөтчүлөрүнө маянасынын үстүнө 100 пайыз жогорулатылган персоналдык пенсия кошулат. Жеңилдиктер, мисалы, бекер дарылануу мүмкүнчүлүгү болору турган иш. “Жаман айтпай жакшы жок” демекчи, кокус көз жумуп кеткен учурда наам ээлеринин коштошуу зыйнаты да мамлекеттик деңгээлде өткөрүлөт. Жакын адамдары макулдугун берсе, чоң наамдын ээлери “элитный” делген “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат. Бул үчүн премьер-министрдин жана тиешелүү жетекчилердин колу коюлушу керек. Демек, “наам алсаң, көрүстөндөн бери даяр” дегендей кеп да. Көрсө, наам үчүн буту үзүлгөнчө бекер жүгүрүшпөйт тура.
ӨЗ УБАГЫНДА БААЛОО КЕРЕК
Элибизде адамдын талантын өз баасында сыйлап, ага урмат көрсөтүү эзелтен калган. Чындыгында, наам берүү ошол адамдын эмгегин сыйлоо, талантына кулдук уруу эмеспи. Бирок заманга жараша ошол сый акчага байланып, көп учурда чыныгы талант көңүлдөн тыш калып кеткен учурлар болгон. Мисалы, улуу инсан Рыспай Абдыкадыров. Анын ырлары бүгүнкүгө чейин өз баасынан түшпөй ырдалып келгени баарыбызга дайын. Бирок ага наам, сыйлык өз мезгилинен кеч берилип, Эмгек сиңирген артист наамын өзүнүн шакирттери менен тең алып бир сынса, Эл артисти наамы көзү өткөндөн кийин берилген. Чүнчүп, обондорун теледен бере албай жүргөндө берилбеген наам өлгөндөн кийин ага кереги бар беле?
Эл шайырларынын ичинен Асанкул Шаршенов Эл артисти наамына жетпей кетсе, Манас Бердибеков эч кандай наам албай калган. Эми өзүңүз баамдап-багыңыз, окурман, Каныкей Эралиева канча жылдан бери сахнадан түшпөй жүрүп кечээ жакында эле Эмгек сиңирген артист наамын алса, эки ыры да элдин эсинде жок айрымдар кандай кызматы үчүн Эмгек сиңиргенди алды деп баш катырасың.
КАНДАЙ ТАРТИПТЕ БЕРИЛЕТ?
Aр собол
КЕЧИККЕН НААМ СИЗГЕ РАХАТ ТАРТУУЛАДЫБЫ?
Нурак Абдрахманов,
комузчу:
– Комуздун кылы менен өмүр сүрүп келе жаткан мага Эл артисти наамы былтыр гана ыйгарылды. Менимче, бул башкы бийликте отургандардын маданиятка салмактуу эмгегин кошкондорду баалабагандыгынын натыйжасы. Парасаты жетишсиздиктен улам чыккан нерсе. Чынын айтсам, наамды көпкө күттүм. Бирок мага, эң негизгиси, бийликтин эмес, элдин сыйы маанилүү. Бир концертимде эл дүркүрөп туруп алып кол чапкан. Мага ал бир эмес, эки Эл артисти наамын алгандай кубаныч тартуулаган.
НААМ ЭМНЕГЕ КАРАП БЕРИЛИШИ КЕРЕК?
Сыймык Бейшекеев,
ырчы:
– Наам эмгекке жараша берилиши керек деп ойлойм. Кээде “эмне үчүн жаш ырчы алды?” деген кептер чыгат. Менимче, бул туура эмес. Эгерде татыктуу эмгек кылса, жаш кезинде деле алышы керек. 30 жыл сахнада жүрүп оозго алынган ыры жок болсо деле “мага бериш керек” деген туура эмес. Наам жаш кезде берилсе, чыгармачылыкка чоң эргүү болот. Ал эми өзүмө келсем, наам мени өзгөчө деле бактылуу кылып жибербейт. Менде «ким алды, ким алган жок?» деген деле ич күйдүлүк жок.
– Айтсаңыз, мамлекеттик сыйлык жана наамдар кандай шартта ыйгарылат?
– Мамлекеттик наамдар азыр аскердик чин сыяктуу болуп калган. “Солдат болгон соң генерал болууну эңсегендер” наамга жетүү үчүн баарына даяр. Менимче, сыйлык же наамбы, бир эле жолу ыйгарылышы керек. Мисалы, айрым инсандардын 5-6 мамлекеттик наам-сыйлыктары бар, ошол эле мезгилде эмгеги сиңген өнөрлүү адамдын бир да наамы жок.
– Кээде жаш ырчыларыбызга эле наамдар берилип жатат. Бул туура көрүнүшпү?
– Наам берип жатканда жашы, сахнадагы өмүрү эсепке алынбайт. Ал инсан искусствого бир бурулуш киргизип коюшу толук ыктымал. Жаш же кары деп бөлбөйбүз.
– Мамлекеттик сыйлык, наамдарды ыйгаруунун кереги барбы? Мунун артыкчылыгы эмнеде?
– Мен мамлекеттик наам-сыйлыктарды реформалоо тууралуу оюмду буга чейин да айтып келгем. Азыр да ошону айтам. Себеби мындай наамдар аябай көбөйүп кетти. Реформалоо сунушумду премьер-министр Алмазбек Атамбаевге эки-үч күн мурун жолдодум. Жиберилген сунуш – келечекте бул системаны түп-тамыры менен жоюу тууралуу. Сыйлыктардын тарыхы Союз учурунан тамыр алып, 15 союздук республиканын ичине тараган. Учурда мындай сый, наамга бөлөө бир да өнүккөн мамлекетте жок. Ошондуктан муну жоюп жиберсек, көп баш оорудан кутулат белек деген ой. Кээде “мен Эмгек сиңирген артист наамын алышым керек” деп келишет. Алар “чын эле эл-журтума эмгегим сиңдиби?” деген суроону өздөрүнө көп бере беришпейт.
Нуржамал Жийдебаева, Мальвина Уметбекова
koom@super.kg