«АР-НАМЫСЧЫЛАР» АТАМБАЕВГЕ ЫКТАШУУДА

“КСДП” жана “Республика” фракциялары “Биримдик жана өнүгүү” макулдашуусун кайра чакырып алгандан кийин “ар-намысчылардын” он депутаты коалицияга киребиз деп сюрприз тартуулашты. Муну менен “коалиция урайын деп калды” деген сөздөр төгүн болуп калды көрүнөт.

КӨШӨГӨ АРТЫНДА ЭМНЕ КЕП?
14-апрелде Алмазбек Атамбаев иш кабинетине «ар-намысчы» 10 депутатты кабыл алып, кызматташуу жана биригүү жөнүндө кеп козгошуптур. Бул убакта фракция лидери Феликс Кулов иш сапары менен Орусияда эле. Аталган жолугушууда депутаттар өз лидерин сатпастыгын, фракциядан чыкпай турганын жана жолугушуу жөнүндө азырынча жарыялабай туруу өтүнүчүн айтышып, буга Атамбаев макул болгон дейт. Бирок 15-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат каражаттарында 10 депутаттын билдирүүсүн кеңири жарыялап салды. Бул боюнча “Ар-намыс” фракциясынын басма сөз кызматы “Ар-намыс” оппозициядагы фракция, андыктан 10 депутаттын фракциядан чыкпастан коалицияга кирүү чечими эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес жана акылга сыйбаган иш. Алардын мындай кадамын саясий кризис убагында өкмөттү моралдык жактан колдоо аракети деп гана бааласа болот” деген билдирүү тараткан.
Ал эми 18-апрелде “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев коалициянын курамына депутаттар өз алдынча эмес, фракция менен гана кире аларын айтып, 10 депутаттын коалицияга кошулуу аракети мыйзамсыз жана алар депутаттык мандатынан ажырашы мүмкүн экенин билдирди. Буга чейин өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарымбаев депутаттар фракциялардан көз каранды болбостон, коалицияга кире аларын маалымдаган эле.
“Ушул иштерге байланыштуу жобонун жоктугунан учурда депутат өз алдынча коалицияга кошула алабы же жокпу деген талаш маселе келип чыкты”,- дейт БШКнын төрагасы Акылбек Сариев.

«МЫНДАЙ КАДАМДЫ МЫКТЫЛАР ЖАСАЙТ»
Президент Роза Отунбаева болсо коалицияга кошулабыз деген он депутаттын кадамын жогору баалап, аларды «бийликтин күнгөй-тескейин мыкты билгендер» деп мактады. Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков да коалицияга киребиз дегендердин чечимин колдой тургандыгын айтып чыкты.

КУЛОВЧУЛАР КУБУЛАТ ДА...
19-апрелде “ар-намысчылар” “коалициядагы айрым кызыл кулактардын жеке кызыкчылыгын көздөп, бийликке татыксыз кадрларды жашыруун жол менен коюшуп, Жогорку Кеңештин баркын түшүрүп жатат. Биз ушундай жолдорду токтотууну жана акырында алга карай илгерилей баштоону чечтик. Ушуга байланыштуу коалициянын формасын өзгөртүүгө же жаңысын түзүүгө жана “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов башчылык кылган ушул фракциянын калган 14 мүчөсү да ага кирүүгө даяр экендигин расмий түрдө билдиребиз” деген “сюрпризин” маалымат булактарына тартуулады.
10 депутаттын билди­рүү­сү талаш маселени жаратканы менен, 20-апрель күнү жабык эшик артында өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында алар коалицияга расмий түрдө кабыл алынышты. Ушул эле күнү кечинде Атамбаев менен Кулов жолугуп, коалиция тууралуу сөз кылышканы маалым болду.

МЫШЫК-ЧЫЧКАН ОЮНУ
Жаз келгенде эле саясатта мы­шык-чычкан ойномой башталып, аягы ызы-чуу менен аяктаганына баарыбыз күбөбүз. Бул оюндун арты менен Өмүрбек Бабановдун ордуна Феликс Куловду алып келип, коалицияны сактап калуу аракети болууда деген кеп тарады. Деги коалицияга кирген “Ар-намыстын” депутаттарынын жана аларды колдоп жаткандардын ою чын болуп, өлкөбүз өнүгүүгө кадам таштаса эле болду.

Кубаныч Сыдыков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
KOS
2011-04-28 12:59:29
ушулардын чыры, ушактары бутпой койду. булардын баарын тазалап жаштарды алып келишсе, а карыгандар кенеш берчулордон болсун.
0
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан