СУРАМЖЫЛООЛОР ПРЕЗИДЕНТТИККЕ КИМДЕРДИ КӨРСӨТӨТ

Гезитибиздин www.super.kg сайтында “Президенттикке ким татыктуу?” деген сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Кызыгы, “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаровдун рейтинги күн санап өсүп барат. Анын аброю артып баратканы коомчулукта да байкалууда. Экинчи орунда Атамбаев болсо, үчүнчү орунда Текебаев. Учурдагы президентке да ишеним көрсөтмөкчү болгондор аз эмес. Булардан сырткары Келдибеков – 4, Кулов – 4, Сариев – 2,6, Өмүракунов – 2 пайыз добуштарга ээ болушту.

Ал эми орус тилдүү «Дизель» форумундагы ушундай сурамжылоодо абал бир топ айырмаланат. “Жакынкы күндөрү президенттик шайлоо болсо, кимге добуш бересиз?” деген суроонун негизинде жүргүзүлүп жаткан сурамжылоодо “баарына каршымын” дегендер учурда 27,54 пайызды түзүүдө. Баарына каршылардан кийин эле Феликс Кулов, ага үзөңгүлөш экс-президент Аскар Акаев баратат. Экөөнөн кийинки орунду жакында кызматтан бошотулган Кубатбек Байболов ээлөөдө.

Көрүнүп тургандай, кыргыз тилдүү интернет колдонуучулар менен орус тилдүүлөрдүн пикири төп келише бербейт. Көрсөткүчтөргө көңүл бөлсөк, лидерлердин бири да 50 пайыздан ашык добуш ала алчудай эмес. Президент болуу үчүн 50 пайыздан ашык добуш алуу керегин эске алсак, анда булар бири-бири менен тил табышууга аргасыз. Эки талапкер бириккен күндө да, алардын электоратында биримдик болору күмөн. Же тескерисинче шайлоочу-колдоочусу окшош болгон Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиевдин өз ара мамилесинин начардыгын айтсак болот. Ушундай эле көрүнүш кечээ үзөңгүлөш болуп жүрүп бүгүн атаандаштарга айланган Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевден да байкалат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (37)
ungabhu
2011-04-27 19:21:23
менимче приезидентске эч ким татыктуу эмес, албетте бизге азыркы учурда президенттин кереги да жок, анткени президент деген тушунук (система, институт президентства)озун маскарапоз сымал болуп калды
0
ungabhu
2011-04-27 19:23:05
Мадумаровду деле иште коргонбуз, эки жуздуу адам экени мындай эле блинип турбайбы
0
UvE
2011-04-28 00:15:34
Анда мени шайлагылачы, туугандар!!!
0
KOS
2011-04-28 10:49:42
бул сурамжылоо кайда болуп жатат, мага адресин берип койгулачы. нормальный киши кантип куловду же мадумаровду шайласын, эмне булар бизге иш кылыптыр?
0
Konfetka
2011-04-28 19:23:36
Bir da tatyktuu kiwi jok! Akaev 2 orund ekendigi bolso kyrgyzdardy "ne u4ats9 na svoix owibkax" desek bolot.
0
kyrs
2011-04-29 00:08:01
Мадумароту 29,8 % эл колдосо бул деген интернет колдонуучулар эле добушу да а айылдарда даже шаарларда да интрнет колдонбогон адамдар бар алардын добуштарын кошсок Мадумаровтуку 80 пайыздын айланасында болотко. Мадумаров бир да жерди сатканга макулдугун берген эмес, тескерисинче каршы турган, бийлик анын колунда болбосо не кылсын колуна бийлик келсе кыргызстан онуп осуп оркундойтко!!!
0
nurbek_posol
2011-04-29 00:26:45
Мадумаровду Кудай колдосун. Президенттикке кыргызстанда татыктуу бир гана инсан бар. Ал- Адахан Мадумаров. Ийгилик каалайбыз, эл учун иштешине тилектешпиз.
0
oshmir
2011-04-29 11:00:03
Куловду, Текебаевди президенттике корсотпой койсо деле болмок. Менимче Мадумаров менен Ташиев президенттике татыктуу
0
elif
2011-04-29 14:45:26
Adhan Madumarov jokton goro jogoru degendey biroo,birok ulutu kim bunun,ushundayda tak aytsanar,prezident bolgondon kiyin eldin bashin aylantip, jani janiliktardi chigarbay.
0
Adikalon
2011-04-29 17:59:57
Атамбаевден башка татыктуу эч ким жок азыр экономиканы тушунгон. Ага мумкунчулук бериш керек.
0
Tony Ka
2011-04-30 12:22:41
Ech kimisi tatyktuu emes, alardyn baary ozyloryny oiloshkon adamdar, Kyrgyz dep kyigon azamat patriot agalarybyzdyn baaryn atyp, oltyryp bytyshkon.
0
Kubahan92
2011-04-30 16:32:48
Акаевди ким шайлап жатат ,ал байкушту кууп салып кыргызстанда жашатбай туруп кантип шайлайсынар.Бизди кечирип кой келип президент болуп бер,сенден башка бизде татыктуу инсан жок экен,сенин жакшылыгынды билбей кууп салыптырбыз дейсинерби.Ал адамга тийишпегиле жон эле келип уйундо кызмат кылып эле жашасын.Жашы деле келип калды,келчуу убака,оз жеринен топурак буйрйсун,жок дегенде.Мен ал кишини айайм.Жопжонокой киши болчу.Ал эми президенттике Адахан Мадумаров татыктуу.Журогунор менен кенешип коргуло
0
Letty
2011-04-30 19:45:44
Текебаев кантип президент болсун! Курманбек Бакиев эле кайтып келсин! Мадумаров деле татыктуу
0
Gulnazi
2011-05-01 02:02:53
бул инсандар кучтуу кишилер бирок президентике татыктуу эмес. Татыктуу адамдар бар аларды эч ким которбой жатат,алардын бири Керезбеков. Убагында Бакиев,Мадумаровго атам ишенгендей ишенчумун алар чынында оозу менен ооро берет экен.Кулов,Текебаев,Байболов баягы эски бийликтин озу. Добушту сатпай татыктуусун шайлайлы элим-журтум.
0
Aidarskiy
2011-05-01 13:11:33
Tuyata!!! Soz jok silerge!!!! Madumarov - "двуличный ЧЕЛ."
0
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан