КҮЙӨӨСҮНӨН МУШ ЖЕГЕН ЖЫЛДЫЗ АЙЫМДАР

АНАСТАСИЯ ЗАВОРОТНЮК: “МЕНИ ДУБАЛДЫ СҮЗДҮРҮП САБАГАН”
“Моя прекрасная няня” телесериалынан кийин дүйнөнүн бир канча өлкөлөрүнө аты тараган актриса Анастасия Заворотнюк жашоосунда эки жолу турмушка чыккан. Тилекке каршы, экөө менен тең түбөлүк кала алган жок. Алгач немис улутундагы өзү жакшы тааныбаган эле жигитке турмушка чыгып, аны менен Германияга кетип калат. “Баргандан кийин ал жакта менин эч кимим жоктугунан пайдаланып, бир тыйын да акча бербей үйгө камап кетчү. А сабагандарын айтпай эле коёюн”,- дейт бул тууралуу актриса. Ал эми экинчи жолдошу – “Тойота-Вешняки” техникалык борборунун башкы директору Дмитрий Стрюков. Сериалга тартыла баштагандан кийин Дмитрий да Настяга кол көтөрө баштайт. Себеби, дал ошол учурда эл арасында “Настя Сергей Жигунов менен соо эмес” деген кептер кенен тараган эле. “Үйдөн го күн ара эле сабап, ал көнүмүш адатка айланып калган. Жиниме тийгени, тасма тартылуучу аянтчага келип, элдин көзүнчө да кол көтөрчү болду. Эки жолу машинадан түртүп жиберүүдөн аз калган. Үйдөн муунткан убактары да болуп, андайда кызым атасынын колун вилка менен сайгылап жатып араң алып калчу. Мени дубалды сүздүрүп сабаган, аны апам өзү көргөн. Аягында мен кетем деп чыксам, “өлөм” деп коркута баштады”,- дейт актриса үйбүлөлүк чатактары тууралуу.

ВАЛЕРИЯ: “АЛЕКСАНДР ШУЛЬГИН – МЕНИН ЖАШООМДОГУ КОРКУНУЧТУУ ТҮШ”
Валерия деген ат ме­нен атагы чыккан Россия эстрадасынын жылдызы Алла Перфилова да учурунда күйөө­сүнөн запкы жеген жылдыздардын катарына кошулат. Биринчи жолдошу продюсер Александр Шульгин менен 1989-жылы таанышып, 1993-жылы баш кошушкан эле. Ортолорунда үч баласы бар. 9 жыл чогуу өмүр сүргөндөн кийин 2002-жылы ажырашып кетишкен. “Баш кошкондон кийин бир нече ай өтпөй эле мен туура эмес жол тандап алганымды түшүнгөм. Үйлөнүү тойдон кийин менден мурунку жашоомду таптакыр чийип салып, жаңы турмуш баштоомду талап кылды. Александрдын буйруктары боюнча, мурда жакшы мамиледе жүргөн эле тааныштарымды, курбуларымды эми тааныбай калышым керек экен. Чындыгында эле ушундай болду. Убакыттын өтүшү менен аёосуз сабаганы күчөй берди. Балалуу болгондон кийин ал адаттары ого бетер күчөп, балдарына жасаган мамилелеринен да чочулай баштадым. Бир күнү кичинекей баланын ыйына карабай бийикке ыргытып ойносо, бирде кулагы канаганча уруп, айтор, көргүлүктү көрсөткөн. А өзүм жөнүндө сөз көп. Кыскасы, эки күндүн биринде көгала кылып сабаганынан тышкары, муунтуп, бычак менен бутумду кесип салганга чейин барган. Александр Шульгин – менин жашоомдогу коркунучтуу түш”,- дейт бул тууралуу Валерия.

ЖАСМИН: “УРУП-САБООЛОР ТУУРАЛУУ “ТУТКУН” ДЕГЕН КИТЕП ЖАЗДЫМ”
2006-жылы 26-июнда ММК­лар “Жасминди күйөөсү сабап, ооруканага түшүптүр” деген суук кабарды жарыялашкан болчу. Эртеси күнү эле жеке ишкер жолдошу Вячеслав Семендуев башкача билдирүү таратса, Жасмин таптакыр башкача сүй­лөгөн эле. Жасминдин айтымында, күйөөсү кандайдыр бир иш кагаздарга кол коюусун талап кылып, эки күн бою сыртка чыгарбай сабаган. Жыйынтыгында, мээси чайкалып, мурду сынып, дагы денесиндеги бир топ шишиктер менен ооруканага түшкөн. Ошондон кийин Жасмин күйөөсүнүн мурда эле кичинеден кол көтөрө баштаганын айтып: “Уруп-сабоолор тууралуу “Туткун” деген китеп жаздым”,- деген. Ал эми Вячеславдын айтымында, бул – жөн гана пиар акция.

ХЕЛЛИ БЕРРИ: "КИМГЕ ГАНА ТИЙБЕЙИН, НЕГЕДИР МАГА КОЛ КӨТӨРӨТ"
Атактуу актриса Хелли Берри да жашоосунда бир канча жолу турмушка чыккан. Кызыктуусу, негедир бардык күйөөлөрүнүн тең чоң муштумдарынан запкы тарткан. Алгач 1991-жылы кара терилүү актёр Уэсли Снайпс менен жолугушуп жүргөн эле. Бирок, эки күндүн биринде эле кол көтөрө берген Уэслиден араң кутулат. Кийин Кристофер Уильямс менен чогуу жашай баштаган. Маңдайына жазганы ушулбу, айтор, дагы деле бетинен көгала кетпеген соң белгилүү баскетболчу Дэвид Жастиске турмушка чыккан болчу. Аягында Хэлли Дэвидден бир гана таяк жебестен, кол алдында туткун катары калат. Милицияга чалып, алар “атып салганы жатат” деген чакырыктан кийин куткарып калышкан. Мындай чырлуу күйөөлөрдөн тажаган Хелли кийинки жолдошун тандоо алдында сактана: “Кимге гана тийбейин, негедир мага кол көтөрөт”,- деп жар салган.

МАДОННА: “ЭЛЕКТР МЕШКЕ БАШЫМДЫ САЛЫП КЫЙНАЧУ”
Мадоннанын жаш кездеги жыргал жашоосу атактуу актёр Шон Пеннге турмушка чыккандан кийин бир топко кыйындай баштаган. Алгач баары ойдогудай болгону менен кийин ырчынын жашоосу тозокко айлана баштайт. Шон башкалардай болуп уруп-сабап эле тим болбостон, болушунча шылдыңдаганды жактырчу. Мадонна ал күндөрүн эстеп: “Кээде чачымдан сүйрөп, электр мешке башымды салып кыйначу. Ал гана эмес, бассейнге түртүп, кыйналганымды көрүп рахат алып карап турчу. Анан да “мен сенин кебетеңди эл тааныгыс кылам” деп да коркутчу”,- дейт.

КРИСТИНА ОРБАКАЙТЕ: “АПАМДЫН КӨЗҮНЧӨ МУРДУМДУ СЫНДЫРЫП КЕТКЕН”
Россия эстрадасында өз ордун тапкан дагы бир ырчы айым Кристина Орбакайте да ойношунан катуу муш жеген. Чечен улутундагы атактуу жеке ишкер Руслан Байсариев менен Кристина граждандык никеде чогуу жашашкан эле. Ырчы мурда болгон майда кол салууларга көз жумуп келген. Атактуулар чогулган эс алуу кечелердин биринде Алла Пугачёванын көзүнчө сабап, мурдун сындырып койгондон кийин мындан ары чыдоого мүмкүн эмес экенин айтып, Русландан кетип калган. Кийин: “Менин ырдап чыгуума материалдык жактан чоң салым кошкон, мага тийген пайдасы ошол. Ал эми апамдын көзүнчө мурдумду сындырып кеткени мени чегимден чыгарды”,- деген билдирүүлөрдү тараткан.

УИТНИ ХЬЮСТОН: “УРГАНЫН ЖАШЫРБАЙМ”
Уитни Хьюстондун жолдошу ырчы Бобби Браун да кызыл камчы күйөөлөрдүн бири. Башында эң бактылуу үйбүлөлөрдүн катарына кирген Уитни менен Браун кийин тез эле чырлуу жубайларга айланышкан. Убакыттын өтүшү менен кызганычтын айынан Бобби аялына кол көтөрө баштаган. Уитни ар бир жолку муш жегенин журналисттерге кабарлап: “Урганын жашырбайм”,- деп болгонун болгондой айтып турууну жактырчу. Бир күнү эриндери айрылып, экинчи күнү көзү көгөрүп же болбосо бет терисинин астына кан уюп, айтор, ооруканага көп кайрылчу. “Мүмкүн, ырчы ушундай кордуктан тажагынынан баңгизаттарына берилип кеткендир” деген да божомолдор бар.

ЖЕННИФЕР ЛОПЕС: “САБАГАНЫ МЕНЕН ОШОНЧО ТӨЛӨП БЕРЕТ”
Женнифер дүйнө тааныган жылдыз болгону менен ал дагы кээ бир карапайым аялдардай эле жан шеригинен таяк жегендигин көпчүлүк биле беришпейт. Антсе да ырчы жана актриса Женнифер байлыктын запкысына кабылган атактуу айымдардын бири. Расмий түрдө баш кошушпаганы менен абактагы жашоону чагылдырган рэп ырларынын алгачкы жаратуучусу Пафф Дэдди менен бир топко чейин чогуу жашаган эле. Ошол учурда бетиндеги, денесиндеги көгала болгон таяктын издерин жаап, үстү-үстүнө гриммдеп турганы менен ачык көрүнүп турган нерсени жашырууга мүм­күн эмес эле. Көзүнүн астындагы тактар тууралуу сураган жакындарына: “Сабаганы менен ошончо төлөп берет”,- деп жооп берчү. Женнифер ал кезде айына 300 миң доллар акча сарптаарын айткан.

ПАМЕЛА АНДЕРСОН: “БАЛДАРЫМДЫН КӨЗҮНЧӨ УРГАНЫ ЖАНЫМА БАТТЫ”
Дүйнө жылдыздары Памела Андерсон менен Томми Ли да бир убактагы эң бактылуу жубайлардан эле. Кийин ортолорун кара мышык аралап, чыр-чатактар чыга баштаган. Томми көп ичип, ичкен сайын эле Памелага кол көтөрө баштайт. Ачык айтпаганы менен “актрисанын колу-буту сынган учурлар да болгон” деген кептер тараган. Ажырашып кеткенден кийин гана Памела: “Балдарымдын көзүнчө урганы жаныма батты. Андан ары чыдоо мүмкүн эмес эле”,- деген сөздөрдү узаткан.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 254, 14-20-сентябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан