«Сенин сүйүүң», «Кайрылбайсың» деген ырлары менен элге таанылып, жагымдуу жүзү менен мырзалардын ичин тызылдаткан чырайлуу ырчы ЖанЭл бүгүн бизде конокто.
Толук аты-жөнү – Урманбетова Асел Темировна
Туулган жылы – 1984-жыл, 16-октябрь
Бою – 169 сантиметр
Салмагы – 55 килограмм
Материалдык байлыгы – Ауди А4 үлгүсүндөгү унаасы
Учурда Бишкек финансы экономикалык академиясынын 4-курсунун студенти, жеке ырчы
– Кош келипсиң, ЖанЭл. Өз убагында келгениңе караганда немистерче так жүрөт окшойсуң...
– Негизи, кечиккенди, бирөөнү күткөндү, күттүргөндү аябай жаман көрөм. Курбуларым көп эле кечигишет. “Ай, кечикпей келсеңер болбойбу” десем, “кыргызбыз да” деп кутулуп кетишет.
– Жакшы сапатың бар экен. Кайсы жердин чүрөгү болосуң?
– Көлдөн болом. Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында төрөлүп-өскөм. Дал ушул айылда менин быйтыйган издерим, эркелигим калган. Аябай эрке болсом керек, “5 жашка чыкканыңча колуңдан сүт толтурулган упчусу бар бөтөлкө түшчү эмес” деп калышат. Аным аз келгенсип илгери чоң, бийик коляскалар болчу эле го, “мен баспайм” деп кайда барбайын апамды сүйрөтүп алчу экенмин. Мектепти да ушул айылдан аяктап, кийин Караколдогу техникумга тапшырып ашпоз-кондитер адистигине ээ болгом.
– Кесибиң ашпоз-кондитер болсо, кандайча шоу-бизнес чөйрөсүнө аралашып калдың?
– Бул өнөр апамдан жукса керек. Апам Жыпара Урманбетова Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын жана Улуттук консерваториянын опера бөлүмүн бүтүргөн. Ош филармониясында, Карамолдо Орозов атындагы оркестринде иштеген адам. Иштеп жүргөнүндө кош бойлуу болуп калып, карьерасын таштап, мени тандап алган экен. Ырдагым келип жатканын билген апам “кызым, мен жетпеген нерселерге сен жет” деп ак жол каалаган. Кичинекейимде ырчыларды көрүп, “менин да бир эле ырым болсо” деп Кудайдан тиленчүмүн. “Кудай деген куру калбайт” деген сөз чын окшойт, бир эмес, сегиз ыр жаздырганга жетиштим. Мага бардык нерсени Алла Таалам жөнөтөт. “Сен мени бул дүйнөгө атасыз кылып жараткансың. Андыктан сен менин атамсың” деп бардык нерсени андан сурайм. Анан ал мени жакшы, кең пейил адамдарга жолуктурат. Мына ошолордун жардамы менен минтип сахнага келип калдым.
– Жогоруда апаң тууралуу айтып кеттиң. Атаң, бир туугандарың тууралуу эч нерсе айтпайсың го...
– Бир үйдүн жалгыз кызымын. Атамдын аты Темир экенин билем, андан башка маалыматым жок. Ал тууралуу апамдан сурап, жүрөгүн ооруткум келбейт. 26 жашка чыкканымча издеп келбеген атанын мага кереги барбы?.. Менин апам да, атам да, бир тууганым да, таянар тоом, жөлөнөр жөлөгүм да – энем. Учурда айылда жалгыз жашайт, 57 жашта. Ал да мага окшоп бир үйдүн жалгыз кызы. Күн сайын телефондон сүйлөшүп турам, ай сайын белек-бечкегимди көтөрүп алып жетип барып калам. Барган сайын “18 жашыңдан бери оорулуу мени багып келе жатасың, ак сүтүмдү актадың” дей берет. Кайдан актамак элем, эненин сүтүн эч убакта актай албайбыз го.
– Сени менен маектешип отуруп ачык, жөнөкөй кыз экениңди байкадым. Кичинеңден эле ушундайсыңбы?
– Аябай жоош, өзүм менен өзүм болуп жүрө берчүмүн. Мектеп үйүбүздүн жанында болгондуктан, 5 мүнөт кечиксем апам жетип барчу. Курбу күтүп, көчө чаңытып деле жүрбөдүм. Үйдөн такыр чыккым келчү эмес. Азыр деле ошондоймун. Музыка угам, китеп окуйм, бийлейм.
– Анда сенде курбу деле жок турбайбы...
– Курбуларды шаарга келгенден кийин күттүм. Азыр 6 кыз аябай доспуз. Бат-бат чогулуп турабыз. Жакында эле бир курбум турмушка чыгып, баарыбызга ырымдап кийизден жасалган шакек белек кылды. Бешөөбүз жүрөбүз сүйүнүп, “бизге жол ачылды” деп.
– Ырчылардан жакын досторуң болсо керек...
– Ооба, баары менен жакынмын. Батир таппай жүргөн кезде бир күн Кундуздукунда, бир күн Бактыгүлдүкүндө түнөгөн күндөрүм болгон.
– Шоу-бизнесте дагы канчага чейин жүрөйүн деген оюң бар?
– Ырдоо – менин хоббим. Элге жакын болоюн деп ЖанЭл деген ысымды тандап алдым. Башкаларга окшоп жылдыз болуп деле кетким келбейт. Өздүк архив үчүн эле ырдап келе жатам, кийин балдарыма көрсөтөм да (күлүп). Учурда эки кесибим менен тең иштеп жатпаймынбы. Жайында көл жээгиндеги ресторанда администратор, кышында Төө-Ашуудагы лыжа базасында эсепчи болуп иштейм. Тапканымды чогултуп ыр жаздырам, клип тарттырам, апама жардам берем дегендей.
– Ыр демекчи, улуу муундагы агай-эжелерибиздин “жаштар жеңил-желпи ырларды ырдашат. Белгилүү акын, композиторлор менен иштешүүдөн качышат” дегендерин угуп калам. Сен кимдер менен иштешесиң?
– Алар кымбат сурашат да. Ар ким капчыгына жараша иш кылат. Мисалы, мен ырларымдын сөзүн Алтынбек Алымовго, Кундуз Качкынбаевага, обонун Азамат Такырбашевге жаздырам. “Сенин сүйүүң” деген ырымдын обонун Мирбек Атабеков сөзүнө туруп жазып берген.
– Жакшы экен. Гүл сунуп, сүйүүсүн билдирген кытай жигит кандай жүрөт?
– Кытай жигитпи? Жакшы эле жүрөт. Экөөбүз дос болуп калганбыз. Кыргыздын мыкты жигиттери турганда башка улуттун жигиттерине турмушка чыккым келбейт.
– Жүрөгүң жарымын тапкан го дейм...
– Жок, таба элек. Мени жигиттер көрбөй жатышпайбы. Чын эле, үйдөн чыкпасам мени ким көрмөк эле? Апам да “кызым, жашың 26га келип калды. Качан мага небере жытын жыттатасың?” деп жатат. Алла Тааламдан “мага алдына максат койгон, үй-бүлөгө карамдуу жигит жөнөт” деп суранып жүрөм. Бактымды тапкан күнү сөзсүз сиздерге сүйүнчүлөйм.
– 20 жылдан кийин өзүңдү кандай элестетесиң?
– Бактылуу мырзанын жары, көп баланын энеси, анан ресторандын ээси катары көрөм. Өзүм жалгыз болгондуктанбы, көп балалуу болгум келет.
– Ойлогон ой-максаттарыңа жетип, бүгүнкүдөй жаркылдап жүрө бер.
ЖанЭл үйүндө отурса кытай жигит келип:
– Чоң кыз, сиз көптөн бери ак боз атчан ханзааданы күтүп жүрөсүз, ээ?
– Ооба.
– Мына мен келдим!
– Эң сонун! А ханзааданын өзү кана?- дептир.
Дамира Арстанова
star@super.kg