Фотосынак
РАХМАНОВА САБИНА
Машыксам эгер эртелеп,
Күчтүү болуп чоңоём.
Тийишсе балдар «эй, кыз!»- деп,
Тумшуктан ары бир коём!
Сурап-билүү телефону: 32-33-26
Урматтуу ата-энелер! «Супер-Инфо» гезити балдардын эң кызыктуу сүрөттөрүнө сынак жарыялайт. Беш жашка чейинки балдарыңыздардын күлкүлүү, кызыктуу сүрөттөрүн кат аркылуу бизге жибериңиздер. Сынактын жыйынтыгын эки айда бир жолу чыгарып турабыз. Жеңүүчүнү белектер күтөт.
Эскертүү: Сапатсыз жана кызыксыз сүрөттөр жарыяланбайт.
“Жаш сүрөтчү” сынагынын бул жолку жеңүүчүсү болуп РЫСПЕК КЫЗЫ НУРСУЛУУ (№440) табылды. Нурсулуу, сени 1-Июнь – Балдар күнүндө болчу сынактан күтөбүз.
ТАТТУУ БОТКО
Илгери-илгери бир кыз жашаган экен. Бир күнү ал токойдон бүлдүркөн терип келатып, капыстан карыган кемпирге кезигет. Кемпир кызды токтотуп:
– Айланайын кызым, бүлдүркөнүңдөн берчи?- деп суранат.
Кыз абдан берешен болгондуктан, колундагы бүлдүркөнүнүн баарын кемпирге берип коёт. Кыздын мындай жакшылыгына ыраазы болгон кемпир:
– Сен жакшы кыз экенсиң, менден бүлдүркөнүңдү аябадың. Эми мен да сага белек берейин. Бул сыйкырдуу табак. Ага жөн гана:
– Бир, эки, үч, таттуу ботко быш!- десең эле даамдуу ботко даяр боло калат. Ботко даяр болору менен:
– Эки, үч, төрт, бышырганды токтот!- деп койсоң, токтоп калат дейт да, көздөн кайым болот.
Кыз табакты көтөрүп үйүнө жөнөйт.
– Апа, сүйүнчү, эми ботко жасап убара болбойсуз,- дейт кубанычы коюнуна батпай.
Ботконун касиетин билген апасы да абдан кубанат.
Ошентип, кызы менен апасы күнүгө таттуу ботко жеп жыргап калышат. Күндөрдүн биринде кыз конокко кетет. Кызы кеткенден кийин апасы адатынча сыйкырдуу табакка үн катат:
– Бир, эки, үч, таттуу ботко быш!
Бул сөздөр чыгар замат таттуу ботко бышып, табактан ашып-таша баштайт. Апасы токтотуучу сыр сөздү унутуп, айласы кетет. Үйдүн ичи боткого толуп, ал түгүл терезеден ашып чыга баштайт. Дал ошол маалда кыз да коноктон кайтып калган эле. Ташып жаткан боткону көрүп, шашкалактап үйүнө чуркап жетип келет. Караса, эл чогулуп, боткону жабалактап жеп жатышкан экен. Кыз шашкалактай:
– Эки, үч, төрт, бышырганды токтот!- дей салат. Ошондо гана ботко токтоп калат. Бардык жакты каптаган боткону тазалайбыз деп элдин баары ботко болушат. Мына ошондон “боткодой болуп” деген сөз калган экен.
Салтанат Мукасова
balakai@super.kg