САГЫНДЫРГАН ЖАЗ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Күндөрдүн биринде Элмырза «халтура (акчага иш кылуу) чыгып жатат. Каалоочулар барбы? Мончого фундамент куюш керек экен» деп калды. Баары макул болушту.
– Сен чарчап калбайсыңбы?
Элмырза Ширинбекти аяп тиктеп калды.
– Жок, мен да барам.
Мындай иштен Ширинбек артта калбайт болчу. Кичине деп аяшканы менен, ушул кичине баланын эрки күчтүү, чыдамкай экенине кай бири таң калып да кетишер эле. Чын эле, баары чогулуп эки жолу барып куюп бүтүштү. Кечке фундамент куюп, кечинде пилорамага ишке барып жаны жай албай иштеп жаткандардын ар биринин купуя тилеги бар эле. Алардын ичинде Ширинбек да тез эле атасынын карызын төлөп, карындаштарына үй алып берүүнү көз алдына элестетип, ошол элестер менен жашап жүрдү.
Фундамент бүткөн соң балдардын бири “кой алып союп жейли” деп сунуштап калды. Ширинбек койду укканда сүйүнүп кетти. “Тооктун этинен жададым, кенен эт жейт экенбиз” деп ичинен кымыңдап койду.
Ошол күнү эле койду алып келишти. Оюнда чоң кара койду элестетип алган эле. Анын ордуна эчкидей болгон, ак жүндүү, чакан кой турду. Мүйүздөрү да тарбаңдап чыгып турат.
– Ушу да койбу, ыя?
– А сен эмне, кыргыз коюн элестеттиң беле? Мунун кой аты эле бар. Этинин да даамы жок. Үйдө кармап багышат. Айла жок, өзүбүздүн эти даамдуу койду элестетип жей беребиз да.
Койду союшуп, бешбармакка тоюшту. Самат укмуш камыр жасайт экен. Сонун кылып нан да жаап салды. Сырадан ичип, кыргыз ырларына жыргап бийлешти. Эки күндө койдун эти да түгөндү.
Таңкы ширин уйкуда жатышса, үйгө Өктөм деген курулушта иштеген кыргыз бала кирип келди. Баары ойгонуп, аны тиктеп калышты.
– Тынччылыкпы, эмне болду?
– Балдар, акча керек болуп жатат. Кечинде мас болуп, орустардын кыйыны Колобоктун сүйгөн кызына асылыптырмын, кучактап. Түшкө чейин 25 миң таппасам, өлтүрөт мени. Айлыкта берем, балдар,- деп жалдырап кирди.
– Эмне, ошого орустар 25 миң сурап жатышабы?
– Жок, Мунар аке ортого түшүп сүйлөшүп берди. Болбосо, өлтүрөбүз деп жатышат.
Балдар ары жак-бери жактан 5000 рубль чогултуп беришти. Акчаны алып эле жолго түштү. Ал кеткенден кийин Ширинбек:
– Колобогу ким? Колобок деген жомокто беле?
– Колобок деген Тугулымдагы орустардын эң кыйыны. А Мунар болсо, Тугулымдагы кыргыздардын кыйыны. Ошол бардык бандиттер менен жакын дос. Көп нерсени чечип берет,- деп жооп берди Элмырза.
Ошентип, Өктөм бузуп кеткен уйку ошол бойдон ачылып, бир-бирден туруп жумушка жөнөштү. Күн ачык болуп, станоктор дырылдап иш башталды. Арааларды курчуткан Василий ишке келбей, араалар курчутулбай калыптыр. Ошого иш жайыраак жүрүп жатты. Анын кайда экенин эч ким билбейт. Дагы ичип кетиптир деген сөздөр болуп жатты.
Иш күндүн жарымы өтүп калганда жакын арадагы токойдон өрт чыкты. “Баарыбыз барып өчүрөбүз, болгула эле, болгула” деп Ахмеддин баласы Макшарип чуркап келип калды. Станоктор токтотулуп, баары өрт өчүрүүгө жөнөштү. «Баратып сарайдан челектерди алып алгыла» деп буюрду пилораманын мастери Игорь.
Токой аралап көрө элек Ширинбек үчүн өрт өчүрүү кызык нерседей сезилди. Самат экөө сарайга келишсе, ичинде бир адам отуруптур. Сакалы 20 сантиметрдей өсүп, бети көрүнбөйт. Жанына жакындай электе эле жагымсыз жыт буркурап жатты.
– Челекке келдик. Алып чыгып бер,- деди Самат.
Ал кыйкырып сүйлөгөн сайын тиги титиреп жатты. Ичкери кирип челектерди алып жолго түшүштү.
– Самат, бул дудукпу?
– Жок ай. Бул азербайжан. Орусча, кыргызча бир сөз билбесе, кайдан сүйлөсүн? Ушул жерде карагайлардын кароолчусу. Эч бир документи жок. Жалгыз жата берип, жапайы болуп кетиптир го. Титирегенин көрдүңбү? Райондун ооруканасынын от жаккан жеринде да бир кыргыз бала жашайт. Ал дагы жапайы болуп кеткен. Тамагын беришет, болду. Элге чыкпайт эч. Биз барсак, чоочун адамдай кабыл алып, киргизбейт. Ал го жуунуп турат. Мобул азер байкуш сасып кетиптир.
– Өрт чыкса, биз өчүрөбүзбү? Өрт өчүргүчтөр келбейби?
– Тигил карагайларды көр­дүңбү? Буларды кышында Ахмед алып келдирип бекиткен. Жазында саздар көтөрүлүп, токойго жол жабылат. Башка пилорамалар иштебей туруп калат, жыгач жок. А бул акылдуу бекиткен карагайларды алып чыгып кырктыра берет. Өрт өчүргүчтөр келсе, көрүп коюшат. Экологдорго жетсе, пилораманы жаап койбойт бекен?! Ошого азыр биз барып өрт өчүргүч болобуз.
Көк түтүн каптаган карагайлуу токойго кирип келишти. Ар бири колундагы челектер менен саздан суу сузуп чыгып эле өрткө чача башташты. Башында Ширинбекке өрт өчүргөн оюндай эле көрүнүп жатты. «Алыс кирбе» деп Элмырзанын айткан сөзүн да унутуп койду. Суу чачкан жери толук өчүп калып жаткандай, кызыгына батып кете берди. Бир маалда караса, айланада эч ким жок. Түтүн уламдан-улам коюуланып, айлана эч көрүнбөй калды. Дем алуу да кыйындап баратты. Суу сузуп өрткө чачайын десе, суу жок. Айласы кетип «Султан, Самат» деп кыйкыра баштады. Эч кимден дайын жок. Дем алууга мүмкүн болбой баратканда футболкасын бетине жаап алып, бир тарапты көздөй чуркап жөнөдү. Бир маалда бир чуңкурга кулап кетти. Ошол боюнча эсине келген жок. Көзүн ачса, үйдөгү ордунда жатыптыр. Көздөрү тунарып, алсырап калыптыр. Араң дегенде жакшы болду. Ошентип, айлык алчу күн келип, ар бири 36 454 рублдан колдоруна алышты. Ширинбек анча акча алганына ишенбей, өзүн ааламдагы эң бай адамдай сезип жатты. Кыйналып, өрт өчүрөм деп тиги дүйнөгө кетип кала жаздаганы, колдору устун астында калган күндөрү да эсинен чыкты. Жүрөгү лакылдап, үйүнө жөнөтүүгө шашты. Халтуралардан чогулткан акчасына кошуп 40 миң кылып толуктап, Элмырзага берди «салып жибериң» деп.
– Дагы кош эки жүз. Банктын комиссиясы менен менин жол киреме. Тюменге барып салам да.
– Ой, кечиресиз,- деп дагы 500 рубль сунду.
– Тамашаладым, үкөм. Жөн эле кой. Үйдөгүлөргө салып жиберем. Алардан алып алат апаң.
Эртеси күнү кечке маал апасы телефон чалып «балам, акчаны алдым. Бул канча иштеген айлыгың? Бир айлык ушунча көппү? Өзүңдү кыйнаба, уулум. Ден соолугуңду абайла» деп ыйламсырап зорго сүйлөдү. Апасынын сүйүнүп жатканын туюп, ыраазы болду. «Кыйналсам да ушундай иштесем, жазга чейин үйгө жетерлик акча чогултуп коём» деген ойлорго чөмүлдү.
Эми гана айылын, апасын, карындаштарын, Берметин сагынганын сезди. Жумуш менен жүрүп көп ойлобогонго аракет кылчу. Акыркы жолу Берметтин сөздөрү, карындашы Бурулайдын ыйлап узатып калганы эсине түштү.
Көзүнө жаш кылгырып калганын байкаган Элмырза аны кабыргага нукуп калды.
– Эй, сен десе, уят эмеспи. Ушунча чыдап, эми апаң чалса көзүңдөн жаш имериле түштү го.
– Жок, антпей эле турат, Элка аке, көзүмө бир нерсе түшүп кеткендей болду,- деп кайпактап калды.
– Мына, ийгиликтин эрте-кечи жок. Жетиштүү акча чогултуп алып айылыңа кетесиң.

Залкарбек Карабалаев

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
love20012
2011-05-04 18:40:00
так ачып берген окуяны,чынында эле ушундай турмуш Россида
0
love20012
2011-05-04 18:50:33
россияда
0
altynkamikola
2011-06-08 20:43:19
tuura,chynygy orusiyadagy tirichilik!ehh...
0
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан