АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Кичинекей открытканы кармалап көпкө чейин отурдум. Ким болду экен? Жазгандарына караганда мени жакшы тааныган адам. Ушу Элдар өзү эле болуп жүрбөсүн? Мени кантер экен деп сынап жатабы? Жо-ок, ал болушу мүмкүн эмес. Өткөндө кабинетиме келип тимеле жаны кашайбадыбы. Сырдуу адамдан келген гүлдөрдүн баарын эле үйгө алпара бербейм да. Кабинетим түркүн гүлдөргө толуп кеткен болчу. Ошолорду көрүп куйкасы курушуп, келген жөн-жайын да айтпастан чыгып кетти. Кеткенде да жөн кетпей “мен мунун түбүнө жетем. Ким экенин билем. Көрсөтөм, бирөөнүн аялына гүл берүүнүн эмне экенин!” деп тиштенип кетти. Өзү болсо мынчалык артист болмок эмес. Демек, бөлөк адам. Кызык, ошондон бери бул тууралуу ооз ачкан жок. Билди бекен, ким экенин? Бүгүн сурабасам.
Искенди уктатып, өз бөлмөбүзгө кирсем Элдар чекесин тырыштыра ойлонуп жатыптыр.
– Эмне болду, тынччылыкпы?
– Ушу бирөө тымызын менин изиме түшкөн сыяктанат. Улам эле текшерүү келе берип тажатты. Эми эле финполун жөнөтсөм, салыкчылары келет, аларды тынчытсаң санэпидеми, анан СНБдагылар. Бул жөн эмес. Бирөө атайылап менин нервиме тийип жатат.
– Конкуренттерби?
– Караштырып көрдүм. Алар эмес. Анын үстүнө Кыргызстанда кайдагы конкуренция дейсиң?
– Бийликтегилер менен маселең жок беле?
– Алар менен жакшы эле тил табышып иштеп келе жатам да. Кечээ премьерге жолуктум. Тынчым кетип жатканын айтып четин чыгарсам, “сага эч ким тийише албайт” деп койду. Ага карабай текшерүүлөр күчөп жатат.
– Ошолордун тегерегиндегилер болуп жүрбөсүн. Көпчүлүгүнүн эле бизнеси бар го. Кстати, баягы гүл жиберип жаткан адамдын ким экенин тактадыңбы?
– Вот, ошонун да эч жиги билинбей жатат. Оңой эле таап алам деп ойлогом. Ал дайыма заказ кылуучу гүл дүкөнүн таптым. Бирок телефон аркылуу заказ кылып, акчасын которуу жолу менен төлөйт экен. Банктан сураштырсам, акча кайсы бир агенттиктен которулары билинди. Көрсө, алар да бирөөнүн заказын аткарышат экен. Жумушумдагы маселелерге караганда да ушул нерсе жаман жиниме тийип жатат. Бардык жагымсыз иштерди бир адам кылып жаткандай. Талуу жерге сайгылап жатышат.
– Мынчалык олуттуу маселе деп ойлобоптурмун. Жакшысы, гүлдөрдү кабыл албай коёюн. Ошентсек кутулабыз.
– Макул, кабыл албай көрчү.
Мына сага! Мага суктанып, сыртымдан сүйгөн бирөө экен деп жүрсө, Элдардын душмандарынын мазагы беле?! Канчадан бери баш катырып, ким болду экен деп ойлонуп алганымчы! Жөн эле күйүп кеттим. Элдар туура айтат. Анын иштери менен табышмактуу гүлдөрдүн чын эле байланышы бардай. Ким болду экен? Көзүнө тигилип көрсөм болор эле, ошол адамдын.
Көптөн бери электрондук почтамды текшере элек болчумун. Каттар толуп кетиптир. Анча-мынча эле адашкандары болбосо, көпчүлүгү бир адамдан. Менин асыл, эң ардактуу адамымдан. АКШга барган эле күнү жазган экен. Ошондон берки каттары жайнап кетиптир. Канча болду эле, почтаны текшербегениме? Көрсө, мен Арстанга караганда күчтүү экенмин. Болду, кабарлашпайм дегенимден бери бир да жолу чалып же СМС, же кат жазган жок элем. Каттардын бирин да ачканга колум барбады. Эгер азыр бирөөсүн эле окусам, андан ары өзүмдү токтото албайм. Анан көкүрөктөгү карттанып турган жара кайрадан ачылып, солкулдата ооруй баштайт. Арстанды коё берем деп өзүмө сөз бергем. Убадага туруш керек, мейли, өзүңө берген убада болсо дагы.
Кыздар, эгер күйөөңөр “иштеп эмне кыласың, жакшысы, балдарга карап, тамак бышырып, жыргап эле үйдө отур” десе, алданбагыла. Иштеген жакшы экен. Мейли, маянаң жетишерлик деңгээлде болбосо дагы. Адам өзүн керектүү сезип, баш-аягы жок чубалган ойлордон арылып, убакыт дайыма тартыш болгондуктан, баарына жетишүүнүн аракетинде кадимкидей тыңып, оңоло түшөт экен. Теледеги жумуштар акырындап изине түшкөн соң эртели-кеч Элдардын кеңсесине баш багып, анын жумуштары менен да тааныша баштадым. Элдардын кубанычында чек жок.
– Жаны, сени жарым күндүк кылып жумушка алсам окшойт, кандай дейсиң?
– Жакшы болор эле. Ойлоп көрсөм, алпаруучулук менен катар башка ишке деле жетишет окшойм. Бирок менде мындан да жакшы идея бар.
Оозуна алпараткан виносун ичпей, күйөөм мени кызыга тиктеп калды.
– Эсиңдеби, Миланда бир япон ашканасына кирбедик беле.
– Ии.
– Ошондой кичинекей ресторан ачсам кантет? Ошол ресторан азыркыга чейин түшүмө кирет.
– Кыргызстанда япон ашканасынын күйөрмандары көп болбосо керек.
– Жок, жалаң япон ашканасын кылбайм. Мен чай менен иштегим келет. Япондордун, кытайлардын, түрктөр­дүн, индиялыктардын чай искусствосу менен таанышып көрөлү. Анан албетте, менин атамдын жыпар жыттуу самоор чайы сөзсүз болот.
– Атаңдын чайын кошсоң, анда жакшы бир жерден ресторан ачып берүүгө макулмун.
– Бир дагы ичимдикти жакындатпайм. Ал ресторан жан дүйнөнүн тынчтыгын, чыныгы ырахатын издегендер үчүн болот. Эркиндик гүлбагынан иштетилбей, жабылып калган бир кафени көргөм. Ошол жерди алса болчудай!
– Айдайка?!
– Ии.
– Сенден жакшы бизнес-вумен чыкчудай. Бизнести ар бир адам эле жасай албайт. Ал үчүн көз алдыңа даана элестеткен так максатың, каалооң, анан иш планың болушу керек. Азыр сен максатыңды так, даана көрүп турасың. Каалооң да күч. Эми иш планды иштеп чыгуу керек.
– Түшүндүм, ал үчүн мен айткан элдердин чай берүү жөрөлгөсүндө кандай кызыктар бар, ошолорду жакшылап өздөштүрүү керек. Анан чайлардын баалуу, жакшы сортторун табуу кажет. Тоого чыгып, атамдын чай чөбүн да көп кылып кургатып келүү керек. Же жайлоого чыккан туугандардан сурансам болот. Короче, сен мага эки-үч ай убакыт бер. Ага чейин баарын пландап бүтөм.
Ошентип, Элдар экөөбүз келишим түздүк. Ал менин планымды карап көрөт. Бир жыйынтык чыгат деп ишенсе мага ресторан ачып, жарнама жагынан да жардам берет.
– Бирок бир шарт менен!
– Эмне шарт?
– Сенден ресторан үчүн алган акчанын баарынын эсебин жүргүзөбүз. Кийин сөзсүз кайтарып берем.
– Ой-ой-ой, мынча катуу кетпесеңиз, сулуу. Сизден мен качан эле акча талап кылчу элемин?
– Ооба, сен менин акчама муктаж эмессиң. Бирок бизнес жүргүзөм десең, демек, анын пайдасын көрүү керек, чынбы? Байдын эрке аялынын эриккенден баштаган бир капризи болушун каалабайм.
– Бизнесмен деле акчасын пайдасы жок нерсеге сала бербейт. Ошону биле жүр. Пайда түшө турганын туйганым үчүн макул болуп жатам да. Сага карызга акча берем. Качан чогултканыңда кайтарып бересиң. Ага чейин кам санаба.
Ошентип, менде дагы бир жагымдуу жумуш пайда болду. Ылайыктуу жай караштырып, интерьерди кандай жасаса болот деп баш оорута баштадым. Ошондой күндөрдүн биринде баягы табышмактуу күйөрмандан белек келди. Жаңылыктарды айтып бүтүп, студиядан чыгып келе жаткам. Курьер маңдайымдан чыкты.
– Айдай сиз болосуз да?
– Ооба, эмне экен?
– Сизге белек бар, мобу жерге кол коюп койсоңуз.
Жиним келип чыкты. “Мага гүл алып келбегиле!” деп курьерлер менен уруша берип чарчай турган болдум.
– Тыңдасаңыз. Мен жакшы эле түшүндүрүп айтсам керек эле, эч кандай гүл, белек албайм деп...
– Кечиресиз, биз, болгону, заказды аткарып жатабыз. Кааласаңыз ыргытып жиберерсиз, бирок мобул жерге кол коюп алгандан кийин.

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
aku
2011-05-02 11:32:40
Arstan jasap jatsa kerek osholordun baaryn.al ishteship bilip kalgan da eldardyn jumushunda emne problemasy bar ekenin
0
Nuura
2011-05-02 20:27:18
Ex Ayday Ayday kandai gana kundordu otkorbodu kol koiboi koiso eken balkim bul dagy Eldardyn jumushuna karata dokument bolup jurbosun.Kiyinki sanyn chydamsyzdyk menen kutobuz janym ekoobuz.
0
Tokmok
2011-05-02 23:53:33
Ushuncha chon biznesmen bolup alyp,dokumentteri tuuramesbi Eldardyn? Emnesinen korkot, baaryn tuuralap koiup, tembolee chondor menen bailanyshy bar adam.
uuuf tajatty butboi
0
Nurzhanat
2011-05-03 16:39:23
Эльдардын досунун баласы Султан берип жатса керек гулдорду.
0
asyl
2011-05-03 18:57:42
Айдай электрондогу каттарлы ачып окуш керек эле...
0
Batken
2011-05-03 23:18:07
кара бухгалтериясы болот да ар бир компанияда ,Айдайга ээ болуу учун Элдарга компромат топтоп жатат го,Арстан андай ишке жондомдуу эмес,балким чын эле Султандыр
0
azulya
2011-05-04 14:25:43
Катуу обсуждение болуп аткан го :)
Калп мунун баары, кичине жашоого окшоштуруп жазса болбойбу :))
0
Letty
2011-05-04 20:03:12
Alystagy adamdy sagyngandan da? janyndagy adamga boldon sagyny4 jaman eken......
0
Kiza
2011-05-06 01:57:48
Аягы тим эле кызык болуп кетти го! Менин ойумча бул Арстан болуш керек.
0
jikamuz
2011-05-06 13:20:21
УУУФ! качан бутот бул сериал,тим эле санта барбара болуп кетти го
0
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан