ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Түркия

350 МИҢ ӨСПҮРҮМ ЗОРДУКТАЛГАН
Түрк социологу Түнжер Гүнайдын жүргүзгөн иликтөөсүнүн жыйынтыгында “акыркы 20 жылдын ичинде 350 миңден ашуун өспүрүм ата-энелери жана жакын туугандары тарабынан сексуалдык зордуктоого кабылган” деп билдирилет. Анын маалыматына таянсак, көрсөтүлгөн 20 жыл аралыгында мындай кылмыш боюнча 600 гана иш козголуп, сотко өткөрүлгөн.
2009-жылы ушундай иштерге байланыштуу 200 кылмыш иши катталып, кылмышкерлердин көпчүлүгүн мугалимдер, мектеп-интернатынын жана бала бакчанын кызматкерлери түзгөндүгү белгиленет. Ошондой эле көчөдө кароосуз калган 50 миңге чукул бала уруп-согууга жана зордуктоого кабылууда. Ал эми милиция тарабынан кармалган кароосуз калган балдардын 75 пайызы майда тартип бузууларды көчө жашоосунан кутулуу үчүн атайылап жасашып, колго түшкөндүктөрүн айтышкан.

АКШ

СОГУШТУК ЖАҢЫ КУРАЛ – СУПЕРЛАЗЕР
АКШнын аскердик күчтөрү мина ташуучу кемеге орнотулган жаңы куралды сыноодон өткөрүштү. Бута катары коюлган эки кыймылдаткычтуу резина кайыктын кыймылдаткычына багытталган лазердик нур аны бир заматта жок кылууга жарады. Сыноонун катышуучулары бутаны канча аралыктан атышканын так айтуудан баш тартышты. Бирок контр-адмирал Невин Карр бир нече чакырымдан атылганын айтат. “Чакан генераторлордун негизинде жасалып жаткан лазердик курал кийинки 10 жылдыктан баштап массалык түрдө чыгарылат жана АКШнын бардык согуштук кемелери аны менен жабдылат”,- дешет аскер адамдары.
Айта кетсек, АКШ мындай куралды иштеп чыгууну 1970-жылдары баштаган. Өткөн жылы сыноодо учкучу жок 4 учакты 3 чакырым алыстыктан атып түшүрүшкөн эле. Акыры тилегенине жеткен америкалыктар эми каршылаштарын, өзгөчө деңиз каракчыларын ушул куралы менен шишкебек кылып бышырабыз деп кудуңдап турган кези.

Сирия

ӨЛҮКТӨР КӨЧӨДӨ КАЛДЫ
25-апрелде эртең менен эрте Дераа шаарындагы элдик толкундоону басуу үчүн өкмөт аскерлерди жана танктарды киргизген. Бул иш-чаранын жүрүшүндө куралсыз элге ок чыгарылып, 25 адам көз жумду. Оппозиция өкүлдөрү атышуулар уланып жаткандыгына байланыштуу каза болгондордун сөөктөрүн көчөлөрдөн алып кетүүгө мүмкүн болбой жатканын, дүйшөмбү күнү гана күүгүмдөн пайдаланып, болгону, 7 сөөктү алып кетишкенин билдирет. Ал эми бийлик башындагылар “аскердик күчтөр шаар тургундары экстремисттик топтордон куткарууну суранышканынан киргизилди” дешет. Учурда шаарда коменданттык саат киргизилип, аскерлер жана үйлөрдүн чатырынан орун алган көзгө атарлар каршы чыккандардын көзүн тазалоодо. Сирияда 18-мартта башталган толкундоолор ушул күнгө чейин уланууда.

Таиланд

ЭКИ ХАНДЫКТА ЖАҢЖАЛ КАЙРАДАН БАШТАЛДЫ
Таиланд менен Камбоджанын чек арасындагы талаштуу аймак боюнча 22-апрелде башталган кагылышуудан 12 адам набыт болсо, 40тан ашууну жаракат алган. Атышуулар дагы деле басылбай жаткандыктан, бул аймакта жашаган эки тараптын 36 миңдей тургундары өз үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушту. Ушуну менен бул экинчи жолу кайталанып отурат. Февраль айындагы тирешүүлөр БУУнун Коргоо кеңешинин чакырыгы менен токтотулган.
Мындай кагылышуунун келип чыгышына эки хандыктын ортосунда жайгашкан Пра Вихеар чиркөөсүнүн аймагы түрткү болууда. 1962-жылы Эл аралык соттун чечимине ылайык, бул чиркөө Камбоджанын ээлигине берилген. Бирок сот чиркөө орун алган 4,6 чарчы чакырым жерге кайсы хандык ээлик кыларын тактаган эмес.

Египет

БЕШ ДӨҢГӨЛӨКТҮҮ АВТОУНАА
Египеттик уста өзүнүн эски автоунаасын бешинчи дөңгөлөктүү кылып, бул тармакта революциялык өзгөртүү жасады. Ал дөңгөлөктү унаанын багажынын астына орноткон. Мунун жардамы менен айдоочунун эми капталга дагы жылууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул ойлоп табуу унааны көчөнүн жээгине токтоткон учурда кирип чыгууга абдан ыңгайлуу экендигин көрсөттү. Мындай укмушту дүйнөнүн бир дагы унаа чыгаруучу ишканалары ойлоп таба элек.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан