Аялзатынын назик жүрөгү эбегейсиз оор жүктү көтөрүп жүргөнүн кээде аңдабайбыз. Айрыкча он гүлүнүн бири ачыла элек жаш кыздар орусиялап, керек болсо бир үй-бүлөнүн жүгүн көтөрүп келет. Төмөнкү окуяны Айжан аттуу кыз «бул курбумдун башынан өткөн» деп телефон аркылуу айтып берди. Салып жиберген күндөлүгүн окуп, биз окуяны каармандын сөзү менен берүүнү туура таптык.
БАКЫТ ИЗДЕП...
– Менин атым Айша. Орто мектепти бүткөн соң атамдын карындашы менен Орусияга жөнөп кеттим. Эл катары мен дагы ата-энеме жардам кылайын деген элем. Андан бери алты жылдын жүзү болуптур. 2190 күн... Бул күндөрдүн арасында көз жаш төгө сүйүнгөн, жүрөк айрыла кубанган күндөр болду. Ата энелер, силер эч качан ишенбегиле, эгерде кызыңар «баары жайында, жыргап күлүп иштеп жүрөм» десе!.. Канча көп акча тапса, ошончолук оор түйшүк тартып жатканы деп билсеңер болот.
Москва чоң шаар болгондуктан, четтен канча адам келбесин, анын баарын сиңирип алганга даяр. Бул жылдар аралыгында үй-бүлөмө жардам бердим. Инимди үйлөнттүм, улуу агама там салып бердим, эжелерим, ата-энеме ай сайын акча которуп турдум. Ооба, бардыгы жакшы көрүшөт, табышкер кыз болуп, айылым мени үлгү кылышат. А бирок бир да адам менин жүрөгүмдө эмне жатканын билбейт. Күнөөлөрүмдүн көптүгүнөн кимден кечирим сураарымды билбейм. Ооба, Жараткан кечиримдүү болот, бирок мен чыккынчылык кылган курбум Айжанчы?.. Ал менин чыккынчылыгымды билсе, бул дүйнөдө эмес, тиги дүйнөдө да кечире албасы анык.
ЫЙЫК КУРБУ
– Айжан менен мен кокусунан таанышып калгам. Татынакай, назик кызды алгач көргөндө анын кантип иштеп жүргөнүнө таң калгам. Көрсө, Айжандын күчү жүрөгүндө экен. Кимге болсо да жардам берүүгө даяр, күйүмдүү кыз менен өтө жакын болуп кеттим. Мага жөлөк болуп, метродо адашып калсам жол көрсөтүп, милицияга түшүп калсам акчасын төлөп алып чыккан камкор, боорукер курбум эң жакын адамыма айланган.
– Айша, сен сүйүп көрдүң беле?- деди ал бир күнү.
– Жок,- дедим чындыкты айтып.
– А мен бир адамды катуу сүйөм. Ал таптакыр башкача. Эч кимге окшошпойт.Азыр башка шаарда иштеп жүрөт. Келсе, тааныштырам,-деди.
Ал кезде тагдырыбыз кандай болорун таптакыр билбеген экем. Көп өтпөй мен башка шаарга кеттим. Ошентип, курбум экөөбүздүн арабыз алыстай түштү.
“АРАМ ЖОЛГО ТҮШТҮМ”
– Жалгыздык оор, өзгөчө бөтөн шаарда жүргөндө. Бир күнү кечинде курбу кыздарым менен бирге түнкү клубдардын бирине эс алууга бардык. Ичип-жеп, бийлеп жаттык. Ошол күнү менден бир топ улуу кыргыз киши менен таанышып калдым. «Кыргыздын сендей сулуу кыздарын сагынганым ай!»- деди ал табышмактуу сүйлөп.
Менде сулуулук бар болсо, анда байлык бар эле... Турмуш мени көп нерсеге, анын ичинде өз пайдамды көздөгөнгө үйрөткөн. Анын капчыгын өзүмдүн кызыкчылыгыма пайдалангым келди. Эртеси атамдай болгон ошол адамдын койнунан ойгондум. Анын жардамы менен жакшы жумушка орноштум. Бирок менин намысымдын баасы ошол гана болгонун кийин түшүндүм. Ал мени менен 3 ай гана жашап, кийин башка “оюнчук” тапты.
Кийин Арстан деген жигит менен таанышып калдым. Ал мага үйлөнүү тууралуу сунуш киргизгенде башымдан өткөргөн күндөрдү айтып берүүгө туура келди. Мына сага, кечээ эле көзүмдүн кареги менен тең айланып сүйүп жүргөн Арстандын мамилеси 180 градуска бурулду. Ошентип, кийимдерин жыйнап алып, ал дагы баса берди. Менин ишеничим биротоло сынды. Көрсө, эркектер аялды өзүнө көндүрүп, жүрөгүн ачып алган соң түкүрүп басып кетишет тура...
Мындан кийин жашоомдо көп эркектер болду. Арасында улуусу да, сулуусу да, байы да, кедейи да, башка улуттагысы да бар эле.
КЕЧИККЕН МАХАБАТ
– Алмаз менен капысынын жолуктум. Кезектеги көңүл ачуудан соң баары кетип, мен алсыз төшөгүмө куладым. Ошондо бурчта отурган жигит келип менин үстүмдү жаап, бир нерсе деп күңгүрөнүп алды:
– Неге өзүңдү кор тутасың?! Сенин бааң, сенин ордуң таптакыр башка!..
Ошол түнү уктаган жокмун. Жигиттин күңгүрөнүп айласы кеткен, боор тарткан үнү кулагыма жаңыра берди. Ошол бир ооз сөз мени башка жашоого алып келди. Көңүл ачуу, ичмей, чекмей деген нерселерден өзүмдү алыс кармай баштадым. Алмаз ансайын кубанып, мени эркелете карап калат. Көрсө, мен жылуу сөзгө, мээримге зар болуп жүргөн экем да. Мен аны сүйүп калдым. Мындай сүйүү адамдын башына бир гана жолу келсе керек. Бир күнү Алмаз келинчеги төрөгөнүн айтып сүйүнүп келди:
– Сенин келинчегиң барбы?- дедим калтырай.
– Ооба, мына сүрөтү.
Калтыраган колума алган сүрөттө мени жылмая тиктеп Айжан турган эле.
– А менчи?!- деген кеп оозумдан чыгып кетти. Көзүмдөгү жашты аарчыган ал адатынча мээримдүү сүйлөдү:
– Айша, сен менин эң жакын адамымсың. Мен сени карындашымдай көрөм...
Чындыгында, мен өзүмчүл адаммын. Күтүп жүргөн бактым үчүн Айжан менен да күрөшкүм келди. «Айжан мага караганда бактылуу. Анын жок дегенде Алмаздан баласы бар. А Алмаз меники болушу керек!» дедим. Ооба, ошондой деп ойлодум. Бирок тагдыр баары бир өз өкүмүн жүргүзөт экен. Мен ошол күндөрү айыккыс ооруга кабылганымды билдим. Ал оорунун атын айтканга оозум барбайт. Бул абалымды бир туугандарыма да, ата-энеме да айтууну туура көрбөдүм. Менин акыркы күндөрүмдө сырымды жашырган, маңдайымдан сылаган адам Айжан болду. Тагдырдын тамашасын кара, ушул адамдын бактысын тартып алганга аракет кылган өзүмө таң калам. Кээде «Москвага келбей койсом эмне болот эле?..» деп көп сыздадым. Аттиң ай, эмне издеп келдим экен?!
Катардагы кыздардай эле бирөөнүн жароокер жары, балдардын энеси болсом эмне?.. Өлөрүмдө жазган күндөлүгүмдү Айжанга тапшырам. Мейли, менин кандай акмак экенимди билсин. Алмазды, анын Алмазын жанымдан артык сүйөрүмдү билсин. Канчалык сулуу, канчалык тың болсом да, Алмаздын Айжанга мени алмашпасын кеч түшүндүм. Жашоо ушунчалык таттуу болорун эми билдим. Эх, чиркин!.. Азыр үйдөгүлөр эмне кылып жатышты экен? Апам даамдуу нанын жасап, самоорго чай коюп, бейпилдикте кобурашып чай ичип отурушкандыр... А менин таза абадан дем алганга да алым жок. Айжандан менин абалым тууралуу эч кимге айтпашын суранып, өлүгүмдү алып кеткенге каражатын да даярдап койдум. Ата, апа, кызыңар силердин кыйналышыңарды каалабады. Баарыңарга рахмат! Кош болгула, мени кечиргиле!
Лунара Бекиева
koom@super.kg