“КЫЧАГАН МААЛ-3"

Кычаган маал” («Час пик») биринчи жолу 1998-жылы экрандарга чыгып, дароо эле популярдуулуктун чокусуна жеткен эле. 2001-жылы режиссёр тасманын экинчи бөлүгүн тартып, ошондой эле ийгиликке жетишти. Эми минтип арадан 6 жыл өткөн соң фильмдин жаратуучулары бизгеКычаган маал-3” тасмасын тартуулап жатышкан кербездери. Кана, жаңы тасманы бирге баалайлы.

Режиссёру – Бретт Рэтнер
Сценарийин жазгандар –
Жефф Натансон, Росс ЛаМанна
Продюсерлери – Рожер Бернбаум, Эндрю Дэвис, Леон Дюдвуа
Ролдордо: Жеки Чан, Крис Такер, Ноэми Ленуар, Хироюки Санада, Йоуки Кудо, Тзи Ма, Макс Фон Сюдов, Айван Аттал

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Лос-Анжелестик полиция кызматкери Жеймс Картер (Крис Такер) күнөөсүз адамды түрмөгө камап, чоң ката кетиргендиги үчүн аны катардагы жол полициясы кызматына түшүрүп коюшат. Бул учурда гонгконгдук полициядан инспектор Ли (Жеки Чан) атайын тапшырма менен Лос-Анжелеске аттанат. Ал Дүйнөлүк кылмыш сотунун саммитине келип сөз сүйлөй турган кытай элчиси Амбассадор Ханды (Тзи Ма) кайтарууга милдеттенген.
Элчи Хандын максаты – “Үчилтик” деген атка конгон дүйнөдөгү эң кооптуу кытайлык криминалдык топтун кылмыш иштерин ачыкка чыгарып, анын чоңу Шай Шенди (Хирюки Санада) колго түшүрүү эле. Албетте, “Үчилтиктин” өкүлдөрүнүн бул кезде бош жүргөн­дөрү жок. Алар элчини өлтүрүү үчүн адис жалдашып, Лос-Анжелеске жиберишет.
Саммит учурунда Хан маанилүү маалыматтарды билдиргени жатканда ага ок атылат да, элчи жаракат алат. Ли мыйзам бузуучунун аркасынан кубалайт. Болуп жаткан окуяны кокусунан радиодон угуп калган Картер окуя болгон жерге шашылат. Ошентип, эки баш каарман чоң жаңжалды бирге чечмей болушат.

90 МҮНӨТТҮК МЫКТЫ КОКТЕЙЛЬ
Ошентип, “Кычаган маал-3” фильми 3 адамды кайрадан бир жерде чогултуп отурат: актёрлор Крис Такер, Жеки Чан жана режиссёр Бретт Рэтнер. Фильм убактысынан бир топ мезгил кечигип чыгууда. Анын себеби – Такердин “эркелиги”. Актёр гонорардын аздыгынан фильмге тартылуудан баш тарткан. Качан гана анын акчасын көбөйткөн соң ал макулдугун берген. Тартуу процесси кармалып калгандыгына байланыштуу актёрлор күн-түн дебей иштөөгө мажбур болушту. Себеби, тасманын бет ачары 10-августка эчак белгиленип коюлган эле.
Фильмдин кызыктуу, курч сюжеттүү мазмуну Такер менен Чандын жогорку деңгээлдеги оюну менен толукталып турат. Тасма дүйнөнүн алдыңкы шаарлары Нью-Йорк, Париж, Лос-Анжелесте тартылган. Эң башкы жана эң кооптуу эпизоду – Эйфель мунарасынын чокусундагы мушташ.
Тасма өзүнө комедия жана мушташ жанрларын камтыйт. Куудул актёр Крис Такер боорду эзген тамашалары менен көңүлү­ңүздү ачса, спорт чебери Жеки Чан буга чейинки фильмдеринде колдонбогон жаңы мушташ түрлөрүн көрсөтүп, көрүүчүнү кайдыгер калтырбайт. Ушундай 90 мүнөттүк жагымдуу коктейлди “даамдап” көргөн адамдын көңүлү 100 пайызга көтөрүлөөрү чын.

ЖЕКИ ЧАН ТАРТУУ УЧУРУНДА ЖАРАКАТ АЛГАН
52 жашар каскадёр, актёр Жеки Чан ар бир фильмге тартылууда сөзсүз түрдө жаракат алат. Себеби, ал бардык трюктарды өзү аткарып, ордуна дублёр алдырбайт. Жеки бул тасмадан дагы “эстеликке” деп оор жаракат алган. Мурда “Роб Би Гуд” деп аталган фильм учурунда көкүрөгүнө катуу сокку жеп, кабыргасын сындырып алган. «Кычаган маалда» актёр дал ошол жерине жыгач стол менен сокку алган. “Тартууну уланталы”,- деп көк беттенгенине карабай Жекини рентгенге түшүрүшсө, кабыргасы менен ички органдарына доо кеткен болуп чыккан. Ошентсе да актёр тасмага толугу менен тартылып бүткөн. Буга чейин Жеки мурдун 3 жолу, жаагын 2 жолу, омурткасын 1 жолу сындырган. Манжаларынын дээрлик баарысын чыгарып алган. Бир жамбашы менен акыреги да сыныктан куру калган эмес. Бир кезде бактан кулап, баш сөө­гүн сындырса, экинчи жолу көзүнөн айрылып кала жаздаган. “Жашымдын келип калганы эми сезилип жатат. Эртең менен турганда ар бир тасмада жаракат алган жерлерим ооруйт”, - дейт Чан.

КРИС ТАКЕР – ЭҢ ТЕЗ СҮЙЛӨӨЧҮ НЕГР
Жакында эле биз өлкөбүздүн эгемендүү­лүк күнүн майрамдасак, белгилүү куудул 35 жылдыгын белгиледи. Анын кайталангыс жөндөмдүүлүгү – өтө тез сүйлөө. Жеки чыныгы турмушта деле досу Такерге мушташ ыкмаларын үйрөтсө, Такер досуна рэп ырларын ырдап берет экен. “Бешинчи элемент” фильминен кийин Голливуд жылдызына айланган актёрдун жанында күлбөй туруу мүмкүн эмес. “Менин жакшы жагым – 20 бала төрөп бере турган аял алгым келет. Жаман жагым – өлгөнгө барганда деле адамдарды күлдүрүп жиберем”,- дейт Такер.

КЫЗЫКТУУ...

  • Алгач “Кычаган маалдын” негизги “жылдызы” болуп Жеки Чан саналчу эле. 3-бөлүктө эки каарманга тең көңүл бурулган. Жадакалса кара терилүү Такер кытайлык Чандан да баалуураак болуп кеткен көрүнөт. Тасмадан түшкөн кирешеден 15 миллион доллар Чанга берилсе, Такер 20 миллионду бөл­дүрүп алган.
  • Бретт Рэтнер фильмге Индиянын атактуу актрисасы Айшвария Райды тартууну каалаган. Белгисиз себептер менен тасмага андан кем калбаган Ноэми Ленуар тартылган.
  • Тасманы тартууга 140 миллион АКШ доллары кеткен. Бет ачардан кийинки биринчи дем алыш күндөрү 50 миллион доллар жыйналды. Эми тасмага кеткен бюджет канчалык деңгээлде акталаары жакынкы дем алыш күндөрү белгилүү болот.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 254, 14-20-сентябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан