Фотограф Азат Султанов: «ИДЕАЛДУУ СҮРӨТ ЭНЕРГИЯ БЕРЕТ»

Ырчылардын абдан кызыктуу сүрөттөрүн көрүп жүрсөңүздөр керек. Азат аттуу креативдүү фотограф мына ушундай өзгөчө фотосессиялардын автору.

АЗАТ СУЛТАНОВ
Туулган жылы – 1983-жыл, 8-март
Туулган жери – Балыкчы шаары
Бою – 175 см, салмагы – 75 кг
Кесиби – Фотограф
Фобиясы – Караңгы жер
Сүйүп жеген тамагы – Апасы жасаган бардык тамактар
Барып көргөн жерлери – Түркия, Кипр жана КМШ өлкөлөрү
Түрк жана англис тилинде эркин сүйлөйт
Учурда Бишкекте жашайт, «Media Star» студиясы менен иштешет, бойдок

– Азат, алгач өзүң жөнүндө кеп кылсаң...
– Мен эки бир туугандын улуусумун. Караколдо окудум. Мектепте химия сабагына кызыгуум күч эле. Лабораторияда ар кандай эксперименттерди жасай берчүбүз. 10-классымда 11-класстын эсебинен химия боюнча республикалык олимпиадага катышып, 1-орунду ээлегем. КМШ өлкөлөрүнүн арасында болсо байгелүү орунга илингем.
– Анда фотограф кесибине кантип келип калдың?
– Баары университетте окуп жүргөндө башталган. Алгач группалаштарымды жөнөкөй аппаратка тартып жүрдүм. Бара-бара ал сүрөттөрүмдүн сапатына канааттанбай, жакшыраак аппарат алгым келди. Кийин Түркияга барып, фотографтардын курсунда окудум. 2008-2009-жылдары ошол жакта туристтерди тартып иштеп жүрдүм. Бир жылдан кийин окуумду кайра улантуу максатында мекениме кайтып келгеним менен, сабакка кызыгуу болбой, окуумду таштап салдым.
– Фотографтар чөйрөсүнө аралашканыңа көп болбосо да өз ордуңду таап кеттиң. Сыры эмнеде?
– Сүрөт тартуунун сырларын Анталияда бул жаатта 20 жыл эмгектенген Исмаил деген фотографтан үйрөнгөм. Ал бир кадр алыш үчүн 4-5 саат күтүп отурчу.
Азыр болсо сүрөткө тартар алдында адамды карап туруп, кадр табам. Башкача айтканда, ал адам кандай сүрөткө түшсө жарашат, баарын көз алдымдан өткөрөм. Алгач жаңыдан сүрөт тартууну өздөштүрө баштаганымда кадимкидей фанат да болуп кеткем. Бассам-турсам кадрлар көрүнүп, кайсыны кантип тартса болот деген сыяктуу ойлор ээрчий берчү. Бара-бара ал “оорудан” арылдым.
Эгер сүрөт идеалдуу болсо, тартып бүткөндөн кийин сүрөттөн чындыгында позитив аласың. Сүрөт кадимкидей энергия берип, адамдын эмнени айткысы келип жатканын туюп-сезем. Ошондо гана мен өз ишиме канааттанам. Ийгиликтин сыры ушунда болсо керек.
– Кесибиңе байланыштуу кандай кызыктарга дуушар болдуң?
– Бир окуяны такыр унутпайм. Анталияда фотосессия кылып жаткан учурум. Орус кызды 2,5 метр бийиктиктеги пристандан тартып жаткам. Кардарым ары-бери басып “позировать” этип жатып кантип пирстин учуна барып калганын сезбей калыптырбыз. Бир кадрды алып, фотоаппаратымды карап кайра эле кылчайсам, кыз ордунда жок. Бир маалда эле суудан чалп эткен үн чыкты. Чуркап барып артынан мен да сууга секирдим. Эптеп жээкке алып чыгып карасак, кыздын өңү боппоз, тилден калган. “Эми өлдүм” деп корктум. Араң эсине келтиргенбиз. Жүрөгүм ошондо бир түшкөн.
– Сүрөт идеалдуу болуш үчүн канча кадр жетиштүү?
– Профессионал фотографтар өзүнө жаккан кадрды тандап алыш үчүн миң-миңдеген кадрларды тартышат. Бир жолу мастер-класска барсам, бир фотограф миңге жакын сүрөт тартты. Аны көрсөң, эми биринен-бири өткөн сонун сүрөттөр. Тилекке каршы, менин көз карашымдагы керемет сүрөттөрдүн бирин да комиссия жаратпай койду. Кайран миң сүрөт, ал байкуш фотосессияны кайрадан тартмай болгон. Ошондуктан качан көзүңө тирүү образ элестемейинче тарта бересиң, чек жок.
– Аздыр-көптүр шоу чөйрөсү менен иштешип калдың. Ырчылардын кимиси сүрөткө мыкты түшөт?
– Шоу адамдары менен иштешкениме аз эле болду. Кардарларым көбүнчө модель кыздар. Атактуулардын арасында чыргоолору да бар, бирок алардын тилин табуу, татыктуу образ таап берүү биздин ишибиз. Ырчылардан Арсен менен бири-бирибизди жакшы түшүнүшөбүз.
– Сени көп байкадым, сулуу кыздарды тартсаң фотосессияң узакка созулуп кетет. Илхамды сулуулар береби?
– Сулуу кыздарды тартуу кимге эле жакпасын?! Жактырып калган учурларым деле болгон. Бирок мамилебиз 1-2 күнгө гана созулган.
– Тапкан каражатың үй-бүлө багууга жетеби?
– Албетте, айласын тапсаң баары жетет. Болгону, бир жерде токтоп калбай ар дайым изденип, өсүп туруу керек.

КЫСКА, БИРОК КЫЗЫКТУУ

  • Азат алгачкы фотоаппаратын 2350 долларга сатып алган, азыркысы 5000 доллар турат.
  • Ставкасы: Тойлорду 200 доллардан жогору тартат, фотосессияда 1 сүрөт 200 сом, күзүндө 300гө жетет.
  • Эң көп тапкан акчасы – Бир фотосессиядан 1200 евро тапкан.
  • Сүрөттү жаратылыш коюнунда тартканды жактырат. «Студияда кысылып кетем» дейт.
  • Ырчы Ненанын “Суранба” аттуу клибине жана кийимди жарнамалаган роликке тартылган.
  • Фотоаппараты дайыма жанында. Анткени кызык “моменттерди” колдон чыгаргысы келбейт.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Фотограф Азат Султанов: «Идеалдуу сүрөт энергия берет»
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
u86
2011-05-02 23:48:20
Эрмектин козу Кундузда
Кундуздун козу Азатта.
Тандап, тандап жаманын тандап алышат. Бир караганда жакшы корунсо ошол жакшы сурот.
0
azerin
2011-05-03 12:51:39
Сизге ийгилик
0
milli
2011-05-03 16:14:46
tuuy ata, boydok turbayby ee? Balkim, Kg´de bolsom... kyzyk.
0
Marmiladka
2011-05-04 11:12:00
Красавчик го))))
0
azulya
2011-05-04 14:21:27
Сулуу бала экен.
0
Tokmok
2011-05-06 17:50:08
jakshy, iyigilik! kyzdar menen mamilesi 1-2 kungole sozulgany nachargo, harakteri kapriznyi okshoit................
0
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан