ӨЛГӨНҮНӨ 75 ЖЫЛ БОЛГОНДО КАЙРА «ТИРИЛГЕН» ЛАМА

Дүйнөнүн түркүн бурчунан адамдар Бурятияга агылып барышууда. Алардын максаты – өлгөнүнө 75 жыл болгондо казылып алынса да денеси бузулбай сакталып келе жаткан кечил Даши Доржо Итигэловду көрүү жана ага сыйынуу. Мунун сыры эмнеде? Суроолорго жооп издөө максатында ламанын денеси сакталган жайга, анын туулуп-өскөн мекенине сапар алалы.

АНКЕТАСЫ
Аты-жөнү –
Даши Доржо Итигэлов
Туулган жылы – 1852-жыл (туулгандыгы тууралуу так маалымат жок, бирок айрым булактарда 1852-жыл)
Туулган жери – Орусиянын курамындагы Бурятия Республикасынын Иволга районунун Улзы Добо айылы
Каза болгон жылы –1927-жыл, 15-июнь
Коюлган жери – Бурятиянын Иволга району, Хухэ Зурхэн айылы
Наамы – Пандита Хамбо-лама XII (Пандит – буддизмде диний сыйлуу илимий наам. Хамбо-лама – Бурятиядагы буддисттердин диний башкармалыгынын жетекчисинин титулу)
Аркалаган кызматы – Бурятиянын диний ишмери, ХХ кылымдагы будда кыймылынын көрүнүктүүлөрүнүн бири, 1911-1917-жылдары Чыгыш Сибирь буддисттеринин жетекчиси

АДАМДЫН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКСИЗ
“Өлгөнүмө 75 жыл болгондо кайтып келем”. Учурунда бурятиялык буддисттердин диний башкармалыгынын башчысы болуп иштеген Даши Доржо Итигэлов өлөр алдында дал ушинтип айткан экен. Айтканындай эле 75 жылдан кийин казылып алынганда денеси чиримек түгүл, тирүүлөрдүкүнөн айырмасы жок чыккан. Лотос абалында отурган калыбы да бузулган эмес. Андан бери 9 жыл өтсө да, денеси чирибестен сакталууда. Тактап айтканда, колдору муздак болгону менен, жумшак, муундары кыймылдуу, жарым-жартылай таз башындагы чачтар өз ордунда, мурду, оозу, дегеле баары күнү бүгүнкүдөй. Болгону, көздөрү жумулуу. Казылып алынганда да өлүккө таандык жыт-жыбыр болгон эмес жана учурда да жок. Ушулардан улам “ал тирүү” дегенге ишенип да кетесиң.
Өзүнө-өзү эстелик тургузган лама “адамдын мээсинин мүмкүнчүлүгү чексиз” дегенди далилдеп тургансыйт. Окумуштуулар болсо дүйнөдөгү мындай жападан жалгыз сырдуу көрүнүшкө эмне деп баа берерин билбей келишет. Табышмактуу бул адамдын денеси учурда анын кичи мекенинде – Бурятиянын Иволга районундагы Иволга дацанында (буддисттердин сыйынуучу храмы) сакталуу. Ал мындай мүмкүнчүлүккө кантип жеткен? Муну билүү үчүн анын басып өткөн жолуна сереп салуу кажет.

КЕЧИЛГЕ АЙЛАНГАН МАЛЧЫ
Даши Доржо Итигэлов 1852-жылы туулган. Кичинесинен жетим калган бала кийин Ошор Булак деген жерге туш болот. Ал жерден Ринчин жана Надмит Батобазоров дегендердин малын 5 жыл кайтарат. Өзү теңдүү балдардан өжөрлүгү, тырышчаактыгы, максатка умтулгандыгы менен айырмаланат. Бир жолу ал элге келечекте Хамбо-лама боло тургандыгын айтса, эл аны шылдыңдайт. Бала 15 жашка чыкканда мал кайтарып жүргөн жеринен качып чыгат да, Анинск дацанына барат. Окуш үчүн 400 чакырым аралыкты басып өткөн эле.
Бала ошол кездеги мыйзам боюнча аскерде кызмат өтөшү керек болчу. Бирок дацандын башчысы баладан келечекте илимдүү адам чыгарын сезип, аны аскерден бошотуу жолун ойлоп табат. Анын суранычы боюнча жергиликтүү айылдын эли кезектешип ал үчүн мамлекетке ай сайын салык төлөй баштайт. Минтип салык төлөө 15 жылга созулат. Бала окуусун кийинчерээк башка 2 дацанда улантып, Тибет медицинасы боюнча билим алат. Айтып кетчү нерсе, дацанда башынан эле Тибет медицинасынан тышкары философияны, астрологияны жана живописти да окутушат. Демек, айтылган билимдерге Даши Доржо да ээ болот.

ЭЛГЕ ӨТӨГӨН КЫЗМАТЫ
1898-жылы Даши Доржо кичи мекенине кайтып келип, Янгажин дацанына лама болуп кабыл алынып, будда философиясынан сабак бере баштайт. Ошону менен бирге тартип көзөмөлдөөчүнүн кызматын аркалайт.
1904-жылы ал өзү иштеген дацанга башчы болуп дайындалат. Бул кызматта турганда эки дуганды (факультеттер үчүн имарат) тургузуу демилгесин көтөрүп чыгат. Өзү курулуш үчүн чогулткан бүт акчасын – 15 миң рубль берет. Даши Доржо элди дарылоого да көп күч жумшайт. 1911-жылы 9 атаандашынын ичинен жеңип чыгып, Пандита Хамбо-лама XII болуп шайланат. Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда ал “Жалпы бурят коомун” уюштуруп, фронтко 130 миң рубль акча чогултат.
1915-жылы дацандарды кыдырып акча чогултуп, аны фронтко жана госпиталдарга жөнөтөт. Бул иши үчүн ал II даражадагы Ыйык Анна ордени менен сыйланат. 1917-жылы кызматын өткөрүп берип, Янгажин дацанына кайтып барат.

ӨЛБӨС БОЛУП КАЛУУГА ДАЯРДЫГЫ ЖАНА КЕРЭЭЗИ
Хамбо-лама келечекти көрө билгендиги менен айырмаланган. Анткени анын өлүмүнөн соң 1927-жылы Совет бийлиги буддисттерге каршы күрөш ачып, ламаларды репрессия кыла баштайт. 16 миңи атылып өлтүрүлүп, калгандарынын сөөгү түрмөдө чириген. Ал бир ирет Монголиядан кайтып келген Агван Доржиев деген ламага кезигип калып: «Сенин чет жерде калганың оң болчу. Жакында камоолор башталат. Алардын колуна түшсөң, сени соо коюшпайт»,- дейт. Доржиев: «А сиз эмне үчүн чет өлкөгө кетип калбайсыз?»- деп суроо узатат. Анда Итигэлов: «Алар мени колго түшүрүүгө жетишишпейт»,- деп жооп берет. Ошентип, улуу лама 1927-жылы 15-июнда көз жумат. Маалыматтарга таянсак, ал өлүмгө атайын даярданган. 2002-жылы 92 жаштагы тарыхчы, Итигэловду көрүп-билип калган Бимба Цибиков мындай маалыматтарды айтып берген:
«1927-жылы мен кичине бала элем. Итигэловду эл улуу лама катары сыйлап, барктачу. Медитация (сүкүт тартуу) учурунда ал Будданын өзү менен жолуккан дешчү.
Ал өлүмгө даярданууну атайын диетада отуруу менен баштаган. Дары чөптөрдөн жасалган дары-дармектерди ичип, сүкүт тартчу. Акыркы сүкүткө отуруусу 6 күнгө созулду. 7-күнү ал окуучуларын чогултуп,«өлгөнүмдөн соң мени лотос абалында отурган боюнча көмгүлө. Мен силерге 75 жылдан кийин кайтып келем. Өлүгүмдү болсо 30 жылдан кийин казып көргүлө да, денемди элге көрсөткүлө» деген керээзин айтты. Анан окуучуларына: «Адамды акыркы жайга узатууда окулуучу дубаны окугула»,- деди. Алар тирүү окутуучусуна арнап дуба окууга батынышпады. Ошондо Итигэлов дубаны өзү окуп баштады эле, калгандары аны коштоп кетишти. Бир аздан кийин анын башы шылк дей түштү. Адатта, ламалардын денесин өрттөп жиберишет. Бирок Итигэловдун денеси керээзи боюнча бумханга (кедр жыгачынан жасалган ящик) салынып, аш тузу менен толтурулду. Аны көмүүгө катышууга аз сандагы адамга гана уруксат берилген».

ӨЗҮНӨ-ӨЗҮ МАВЗОЛЕЙ
1955-жылы анын мүрзөсүн ачып көрүшкөн. Денеси чирибей, жаңы эле өлгөндөгүдөй абалда экен. Бирок анын денеси элге көрсөтүлгөн жок. Анткени ыйыктын тегерегиндеги ажиотажды Совет бийлиги кечирмек эмес. Ошентип, анын керээзи бузулду. Анын кийимин алмаштырып, ырым-жырымды жасашкан соң кайрадан 1,5 метр тереңдикке ошол калыпта эле көмүштү. 1973-жылы ламалар Итигэловдун мүрзөсүн кайра ачып, денеси чирибей баштагыдай экендигин көрүп, кайра ошол бойдон көмүшөт.
2002-жылы 10-сентябрда ламалар тобу жана советтик изилдөөчүлөр Итигэловдун мүрзөсүн ачып, ырым-жырымдарды жасап, анан анын денесин Иволга дацанына алып келишет. Үстүндөгү кийимин эксперттер текшерүүдө кесишкендиктен, анын музейде сакталган кийимин кийгизишет. Иркутскиден көп кабаттуу айнектен турган саркофаг заказ кылып жасатышып, денени анын ичине коюшат. Дене азыркы учурга дейре дацандын экинчи кабатында, ошол саркофагда сакталууда. Канчалаган жылдардан бери 40 градуска чейинки ысыкта да, суукта да бузулбаган денени феномен дебегенде эмне дейсиң?! Саркофагдын катарында анын тирүү кезиндеги сүрөтү коюлган.
Кызыгы, Итигэловдун салмагы убак-убагы менен 100 граммга көбөйүп же азайып турат. Анан да дене тердегендей болот. Мындай көрүнүш көбүнчө диний майрамдарда, Итигэловго сыйынууга эл көп келген убактарда кездешет. Муну айрым окумуштуулар: “Кургаган тери же денедеги туз нымды соруп алып, салмакты арттырат да, кайра бууланганда дене тердегендей көрүнөт”,- деп түшүндүрүшөт.

БУРЯТИЯ ФЕНОМЕНИ
Окумуштуулар будда бийлигинин уруксаты менен Итигэловдун түшкөн бир нече тал чачын, терисинин түлөп түшкөнүн жана бутунун тырмагынын чекесинен бир аз кесип алып, изилдөөдөн өткөрүшкөн. Изилдөөдө анын денеси тирүүлөрдүкүнөн айырмаланбайт деген жыйынтык чыгарылат. Бирок ал тирүү же өлүк дегенге эч ким жооп бере элек. Бурятия феноменинин сыры ушунда.
Итигэловго зыяратка келгендер үчүн дацандын эшиги 1 жылда 6-8 ирет ачык болот. Бул күндөр будда майрамдарына туш келет. Зыяратка келгендер түрдүү гүлдөр өстүрүлгөн аянттын ортосундагы ыйык даракты, ыйык кечилдин сөөгү коюлган экинчи кабатты дагы бир сыйра көздөн өткөрүп, «мен кайра келем» деп кетишет экен.

КИМДЕРДИ КАНТИП БАЛЬЗАМДАШКАН?
Байыркы Египет фараондорунун денесин мумия кылып катыруу үчүн мээсин темир илгич менен мурдунан алып чыгышкан. Анан курсагын тилип, ички органдарын оодарып салышкан. Пальма шарабы менен жууган соң ичин курамы чопо, акиташ, калий, натрий, чайыр, чөп тамырларынан турган порошок менен толтурушкан. Анан денени суюк чайыр толтурулган идишке салып, бир нече күн жай күйгөн отко кармашкан. Акырында жыттуу заттарды чачып, кургатып, бинт менен таңып салышкан.
Бальзамдап катырууга Франциянын падышасы Людовик XIII, орус падышасы Александр I жана Александр II, ханыша Мария Александровнанын денелери туш болгон.Кийин хирург Николай Пироговдун, ошондой эле Лениндин, Хо Ши Миндин, Ким Ир Сендин денелери да катырылган.

КЫЗЫКТУУ

  • Итигэловдун денесинин салмагы акыркы 6 жыл ичинде 5-10 килограммга көбөйгөн. Учурдагы салмагы 41 килограмм.
  • Ыйык кечилди сүрөткө же камерага тартып алууга уруксат берилбейт.
  • Итигэловдун денеси сактала турган атайын храм тургузуу үчүн эл акча чогултууда.
  • Окумуштуулардын айтымында, Итигэловдун денесин сактоо үчүн бальзамдоо ыкмасы колдонулган эмес. Анткени текшерүүдө кесилген бир да жери билинген эмес. Мээси жана ички органдары да өз ордунда болгон. Денеси салынган ящиктеги туз да аны чирүүдөн сактоого алы жетмек эмес.
  • Дененин сырын ачуу үчүн ар тараптуу кеңири текшерүү керектелет. Бирок мындай иликтөөгө будда бийлиги уруксат бербейт. Анткени укмуш укмуш боюнча калганы оң.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
jaina
2011-05-02 13:00:08
Өтө кызык жана сырдуу маалымат.
+1
izabel
2011-05-03 10:22:31
кызык экен. "Архат" чыгармасын окугансынарбы? окуп койгула ушул сырдын биринчи туйуну чечилгендей болот.
+2
Aleesia
2011-05-04 05:18:02
Kyzyk eken baryp korgum kelip jatat menin.
+5
KANAT85
2011-05-04 20:13:43
барып коруунун кереги жок анткени мындай нерселер динди бурмалайт
-2
oshmir
2011-05-07 18:00:19
тан калыштуу Ааламда эмнелер гана болбойт. Бироого айтсан такыр ишенбесе керек.
+1
omarkg
2011-05-18 22:42:05
Кызык....Ушундай да адмдар болот экен
+1
melek-hayal
2014-11-20 14:09:13
Абдан кызык, ооба "Архат" чыгармасын окуш керек, бирок мен 3-санын таппай журом. Изабел. кайсы жерден таба алабыз?
0
Aituwas
2020-03-16 20:30:35
Калп....
-1
Gospozhatsetok
2020-03-17 19:19:01
Билгенден билбегенин коп деп бекер айтышпайт да озу
+1
didu
2020-03-23 16:05:04
шейит кеткендер ошондой болот дейт
0
veneraaalieva
2020-04-03 02:27:54
мен муну мурда орусча басылмалардан окуган элем, мен да окуп алып барып коруш керек экен депойлоп жургом
0
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан