24-апрелде Бишкектеги “Сельмаш” стадионунда орун алган ит уруш бүйүрдү кызытты. Оюнду ишке ашырган “Волкодав” (“Кыргыз дөбөтү”) коомдук бирикмеси жана анын президенти Анарбек Ибраев күндүн ысыгынан жедеп тажай баштаган элдин талабын аткара алды десек жаңылышпайбыз. 5 жуптан турган 10 иттин таймашын кучагына алган салтанат өткөн жылдын күз айларында башталган жылдык сезондун жабылыш аземи болуп калды.
ЖӨН ГАНА КАН ЧЫГАРУУ ЖЕ КАЗАКТАР КОРККОНДО...
Күндүн ысыгында болжонгон иш-чаранын бир аз кечеңдеп башталышы элдин шаштысын алып койгону байкалып турду. Антсе да стадиондун чакан короосуна чогулган элдин негизги максаты кыргыз-казак иттеринин эрөөлүнө күбө болуу экендигин бири-бирине узатылган казактар жөнүндөгү суроолордон жаземдебей аңдап турдук. Биринен сала бири суроо узаткандарга уюштуруучулар казактар иттеринин саламаттыгын сактап калуу үчүн келишпегенин, күндүн ысыгында денедеги жарааттардын ырбап кетүү коркунучу бар экендигин айтып түшүндүрүштү.
Ошентип, казак иттерисиз өтө турганы чечилген оюн эрөөл үчүн келген он чакты алабайдын салмагын таразанын жардамысыз көз болжол менен жуптарга бөлүүдөн башталды. Башка породадагы иттердин аздыгынан жана алсыздыгынан улам “кече” жалаң алабайлардын катышуусунда өткөнүн кошумчалай кетели. Атаандаштар аныкталган соң көпчүлүк “ринг” деп аталуучу темир торчолор менен курчалган аянтчаны тегеректей басты. Ал күнкү саамалыктын максаты жеңүүчүнү аныктоо же байгеге ээ болуу эмес, жөн гана кан чыгарып, иттерди текшерүүгө багытталганы элдин шаабайын сууткандай болду. Ага карабастан, өтө курч мүнөздө өткөн алгачкы тиреште башталган чуу-кыйкырык, куу-сүрөөн акыр аягына чейин токтогон жок. Өзгөчө Федя менен Таластан келген Чайырдын тиреши күндүн ысыктыгын жана казактардын жоктугун элдин эсинен бир саамга чыгарып койду.
Жөн гана текшерүү болсо да, бардык эрежелер түп нускасы менен сакталып жатты. Баса, эреже боюнча, аянтчанын ичинде алгачкылардан болуп кыңшылаган, куйрук каткан, тиш каккан, качкан, капкан (үргөн), атүгүл атаандашынан башка тарапка карап ырылдаган ит жеңиштен кур жалак калып жатты.
БИЗДЕ АХИЛЛЕС МЕНЕН ГЕКТОР – АТА-БАЛА
Ит урушу боюнча дүйнөлүк аренада да уучубуз куру эмес. Алсак, өткөн жылы Максүт Рузахунов ээлик кылган алабай Ахиллес Дүйнө кубогун жеңип, ааламдын алдыңкы канчыл, согушчул үчтүгүнөн орун алып, көптөгөн ит сүйүүчүлөрүнүн көзүн кызарткан. 35 000 доллар өлчөмүндөгү сунуштан баш тарткан кожоюндун чечими көпчүлүктүн кыргыз итине ээ болуу оюн ойрон кылган. Наркы бычыла элек Ахиллес ээсин ээрчип (ээси велосипед менен) күн сайын 14 чакырым чуркап, эртең менен жана кечкисин 3 килограммдан эт менен азыктанат. Анын тукуму Гектор атасынын салтын улай бул “кечеде” жеңүүчү аталса, Ахиллес өзү ардактуу эс алууда.
Байыркы гректердин мифтериндеги баатырлардын ысымдары минтип ата-бала итке ыйгарылып отурат. Кыязы, кожоюн тарыхка так калтырууга белсенген окшобойбу.
АГА КОШУМЧА
Канатбек Бегалиев, балбан:
“ИТ УРУШ МЕНЕН “ООРУП” ЖҮРӨМ”
Бул күнү ит урушун сүйүүчүлөрдүн катарынан белгилүү күрөш чебери, Бээжин Олимпиадасынын триумфатору Канатбек Бегалиевди жолуктурдук. Ал төмөнкүчө ой бөлүштү:
– Ит уруш – өтө кызыктуу спорт түрү. Ал бир чети кумар да болуп кетет экен. Учурда ит уруш менен “ооруп” жүрөм. Менин агаларымдын багуусунда Чайыр сыяктуу белгилүү иттер чыккан. Өзүм дагы багып жатам, бирок алар азыр жаш. Кыргызда “мал ээсин тартпаса, арам өлөт” деген сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, келечекте менин алабайларым да урушка катышып, чемпион аталат деп ишенем.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg