Азамат Асангул уулу: «БАЛЕТТЕ ЭРКЕКТЕР ДИЕТА КАРМАБАЙТ»

Тоолук кыргыздын Улуу Британиянын, Франциянын, Орусиянын чоң залында атактуу “Ак куулар көлүн” бийлеп, өз өнөрүн көрсөтүп жүргөнүн элестете аласызбы? Элестете бериңиз, анткени бул чындык. Анда сөз балет бийчиси Азаматта.

АЗАМАТ АСАНГУЛ уулу
Туулган жылы – 1990-жыл, 1-август
Жердиги – Ысык-Көл облусу
Бою – 180 см, салмагы – 62 кг
Мүнөзү – Мугалими аны үлүлгө окшоштурат. Анткени кабында жата берет да, керек кезде атырылып чыгып, каалаган максатына жетет. Эң негизгиси, жашоодон эмне каалаарын билет.
Патриоттук – Өз кесибине берилүү, анан кыргыз деген атты сыймык менен айтуу деп билет.

– Азамат, алгач балет деген дүйнөнү ачып берсең...
– Менин окутуучумдун айтканы бар, “балет сазга окшош. Бир бутуңду салсаң, сени бүтүндөй соруп алат” деп. Ага өзүнүн окутуучусу айткан экен. Мезгил өтсө да, бул сөз балетте өз баасын кетирген жок. Балетти искусствонун эң жогорку түрү дешет. Ал эми ошол өнөрдүн секисине чыгуу кандай зор эмгекти, курмандыкты талап кылары айтпасам деле түшүнүктүү болсо керек. Балет мен үчүн эле эмес, искусствону түшүнгөн ар бир адам үчүн ыйык.
– Ошол ыйык чөйрөгө кантип келип калдың?
– Апамдын курбусу балет тууралуу бир кызык маалымат айткан экен. Ошондон улам эле мени “балетке беребиз” деп калышты. Кичинемде мен деле балетке барууну анчалык каалаган эмесмин. Бирок апам менен атамды капа кылгым келбеди. 5-класста Бишкек шаарындагы Чолпонбек Базарбаев атындагы Хореографиялык окуу жайга сынакка алып барышты. Мугалимдерге жагып, мени тандап алышты. Башында ата-энемдин көңүлү үчүн эле барып жүрсөм, кийин мени балет өзүнө тартып кетти. Бийсиз жашоону элестете албай калдым. Ар бир кыймыл-аракетти кооз кылып аткарууга, бул искусствонун ийне-жибине чейин өздөштүргөнгө аракет кыла баштадым. Акыры бул өнөрдүн чокусун багындыруу менин максатыма айланды.
Ошентип, училищени бүткөн соң мени Санкт-Петербургга мугалимим Айгүл эженин жардамы менен Орус балетинин академиясына окууга жиберишти. Билесизби, дүйнө жүзүндө орус балети эң күчтүү деп эсептелинет. А.Ваганова атындагы окуу жайы – эң алдыңкы окуу жай. Мындан Б.Бейшеналиева, А.Токомбаева, азыркы А.Волочкова бүткөн. Биздин Бүбүсара Бейшеналиеванын сүрөтү окуу жайдын 3-кабатында илинип турат. Дайыма токтоп сыймыктанып, ичимден талантына таазим кылып өтөм.
– Ал жакта окуп калуу дагы ийгилик болсо керек?
– Ал жерде чындыгында эле тандамал окуучулар болот. Эми ичинде болгондур, “бул кыргыз балеттин эмнесин түшүнөт?” дегендер. Бирок агай-эжейлерим чын дилден кабыл алып, жардам беришти. Башка жерде болсо болгондур, бирок балет дүйнөсүндө улут деген түшүнүк жокко эсе. Анда техника, ролду бере алуу, пластика, грация биринчи планга чыгат. “Бийик деңгээлде бийлей аласыңбы, бийле. Бийлей албайсыңбы, балетти кор кылба” деген принципти карманышат.
– Санкт-Петербургдан окууну аяктагандан кийин тагдырың кандай болду?
– Иштөө үчүн Москвадагы балет труппасына кайрылдым. Алар бийлетип көрүштү да, “эртеңден баштап жумушка чык” дешти. Ошентип, “Москва-Сити-Балет” труппасы менен бирге дүйнөгө болгон саякатым башталды. Европанын бардык шаарларында болдум. Азыр эс алууга мекениме кайткан кезим.
– Бийлеп жаткан учурда кандай сезимдер болот?
– Сөз менен айтып бере албасам керек. Аны бийлеген адам гана туят.
– Бийлеп жатканда кайсы дене мүчөңө көп күч келет? Колдоруңабы, буттарыңабы?
– Балетте тырмагыңдан баштап башыңа чейин иштеп турушу керек. Анткени мээң менен кабылдап, денең менен аткарышың керек да. Көбүнчө мээ активдүү болот деп ойлойм.
– Балериналар сыяктуу эле сен да диета кармайсыңбы?
– Жок, балетте эркек бийчилер, тескерисинче, күчтүү тамактарды ичип, салмактуу болушу зарыл. Анткени кыздарды көтөрө албай түшүрүп жибериши мүмкүн. Ошон үчүн колдор карылуу, бут булчуңдар күчтүү болушу кажет.
– Балетте атаандашуу күчтүү болсо керек?
– Бул нерсе кыздар арасында күчтүү. Бири-бирине өчөшүп, пуантына ийне салып койгон учурлар кезиккен. Андайга жигиттер көп деле маани беришпейт.


КЫРГЫЗ БАЛЕТИНИН АБАЛЫ КАНДАЙ?

Күйөрмандар шилекейин агыза тиктеп, ар бир кыймылга музыка кошулуп, жан дүйнөсүн эргитип жетелеген чоң искусство – балет. Бул өнөргө кайдигер караган адам эч качан чоң искусствону түшүнө албайт дешет.

Балет (француз тилинен которгондо «бийлейм» дегенди билдирет) – музыка менен бий айкалышындагы сахналаштырылган искусство. Анда бир сюжет камтылып, либретто жана драматургиялык өзөк болот. Аталган өнөр 16-кылымда Италияда пайда болгон. Алгачкы балет «Ханышанын комедиялык балети» деп аталып, италиялык Бальтазарин койгон. Кызыгы, алгачкы балетти эркектер гана бийлешкен экен. Кийин гана айымдар өздөштүрө башташкан. Балет искусствонун түрү болгону менен, спорттук машыгууну, эркти жана бекем тартипти талап кылат.
Ал эми кыргыз балетинин башаты 1934-жылдан башталат. Ушул жылы М.Күрөңкеев атындагы окуу жайынан бөлүнүп чыгып, хореографиялык бөлүм ачылат. 1942-жылы опера жана балет искусствосу негизделген. 1944-жылы балет жылдызы Бүбүсара Бейшеналиева Кыргызстанга эле таанылбастан, дүйнөлүк аренага чыга алган. “Чолпон” балети 139 өлкөнү кыдырып, кыргыз элинин маданиятын, искусствосун тааныткан. Кыргыз балетинин жылдыздары Чолпонбек Базарбаев, Бүбүсара Бейшеналиева, Рейна Чокоева, Айсулуу Токомбаева түптөп кеткен балет искусствосу учурда кандай абалда? Бул тууралуу балерина, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Айгүл Маанайкуловна баяндап берди.
– Эже, азыр кыргыз балети кандай абалда?
– Билесизби, президенттер бир өлкөдөн экинчи өлкөгө сапар менен келгенде сөзсүз түрдө балет көрүшөт. “Эгерде балет күчтүү болсо, демек, мамлекети да күчтүү” деген пикирде болушат. Бизде балет өтө өнүккөн учурлар болгон. Ким кайсы ролду аткарарын, бийчилерди эл жатка билип, ал тургай кордебалетте акыркы тизмеде ким турганынан бери билишчү. Азыр ысымдарын билмек түгүл балетке барып көрбөгөндөр көп. Балет бийчиси өз кесибине аябай туруктуу болот. Эсимде, жаңы эгемендикти алган жылдары 6 ай маянабыз берилбей калды. Артисттердин көбү анда Бишкектин Жал кичирайонунда турушчу эле. Айласы кеткенде алар жөө келип иштеп жүрүштү.
– Бул кесиптин келечеги барбы Кыргызстанда?
– Кантип келечеги жок болсун? Бизден чыккан балдар чет жерде көп жеңиштерге жетишип жатышат. Мисалы, Нурлан Канакбаев деген жигитибиз Алматыда алдыңкы ролдорду ойноп жүрөт. Казактар ал жигитке “биздин атуулдукту ал, бизде кал” деп сунуш кылышкан экен. Бирок ал макул болбой, ар дайым кыргыздын желеги менен чыгып жүрөт. Мындай жигиттерибиз менен сыймыктанышыбыз керек.
– Ишиңизге тиешелүү эмнеге жиниңиз келет?
– Кыргызстанда бир жылдын ичинде Маданият министри бир нече жолу алмашты. Алардын маданиятка кимиси кандай салым кошконун түшүнө албадым. Эгерде мындай алмаштыруу боло берсе, качан искусство өз ордунан козголот? Мени ушул нерсе аябай түйшөлтөт.
– Азыр балет канча убакта бир коюлат жана кимдер көп келишет?
– Ар жума сайын опера-балет театрында коюлат. Көбүнчө жаштар келип көрүп кетишет. Башка жактан да гастролдоп келип турушат.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Азамат Асангул уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
japarova
2011-05-02 16:57:26
exx okunu4tuu,balet,iskustvo dagi mamlekettin onuguusunun bir ne4e % tin eeleyt, birok..politika,jon ele politika bolup kalgan,onuguuu degen jok..4in aytsam kop bawka olkolordo 5-6 tsirktan bar,al emi bizdiki bayakil ele sovetter soyuzunan kalgan uraktar..eskirse ele buttu eskirdi dep bawkani karmap kaliwat,al emi eskirgendi janirtat degen jok!azir emne u4un jawtaribiz bawka4a dep oiloisunar,antkeni uwunday duynodogu 4inigi koozduktardan ayriliwkan,ata eneler unutup kaliwkan..
0
japarova
2011-05-02 17:06:26
ayabay jakwinakay bala eken,exx jawi bir az menikine ten bolgondoo,..exxx!
0
milli
2011-05-03 00:01:19
Woow!!! Aza, bul jaktan korup alyp, okup alyp jam-ma-an syimyktandym. Azamatsyn!!! Den-soolukta aman bolup, oylogon oy maksattaryna jetishine tilekteshmin dep Milli
0
Tokmok
2011-05-03 00:33:26
eeeexxxx arman, meni dagy kichine kezimen berip koiushsa kandai sonun bolmok. Men baryp atam,birok myncha profi mesmin :(
Molodez Azamat, iyigilik kaalaim.
0
izabel
2011-05-03 13:20:33
ийгилик! баардык адам кесибине жараша озгоруп кетет эмеспи, Азамат да суйлоп жатканда да образ жаратып аткандай болуп турат экен.
0
aizhamalmail
2011-05-04 00:57:01
огоо братец, я в приятном удивлении! Еще не сижу на первом ряду Мариинского, но уже что-то чувствую))
0
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан