«АТАҢ МАГА СЕНИ КУМАРДА УТТУРУП ИЙГЕН!»

Көзгө сайса көрүнгүс караңгылык кучагында айдың талаада эрбеңдей бир караан­ келет. Жаңыдан эгини орулган талаада кээде эт-бетинен кетип жыгылып, томолонуп кулаганына да кайыл. Салаа-салаа жаш жууган көз алдына атасынын “мени кечир, кызым” деп солуктап ыйлаганы, оозунан көбүк агып диртилдей өлүп бараткан күйөөсүнүн элеси тасмадай чууруйт. Бир кезде тээ алыстан бүлбүл жанган чырактар көрүндү. Ошол жарыктарга жетсе эле башына түшкөн мүшкүлдүн баары унутулуп калчудай, калканч, тирөөч табылчудай умтулуп баратты.

ЧЫМЧЫКТЫН УЯСЫНДАЙ ЖАЙЛУУ ЭЛЕ
Мени кечир, кызым! Мен кургурду кечире көр!
«Дагы ичип келген тура. Деги чоң адамдын өзүндө акыл болбосо, миң айтып, зар какшаганың бир пул экен...» Көп күн ичип, түнү бою уктабай чыкканга көздөрү кутурган иттикиндей кызара канталап, сакалдары өсүп кеткен атасынын кебетесин көргөн кызы ичинен сүйлөнө бир алдын ыйлагысы келип, бир алдын жийиркенип алды. Ушул тапта башын салаңдата өзүнөн кечирим сурап, ыйлап жаткан адам бир кездеги сүйүктүү атакеси экенине ишене да албай кетти. Тобо-о, адам дегениң ушунчалык да өзгөрөт экен, ээ?! Тоону томкоруп, ойду омкорчудай демдүү атасы эми кандай кейипке түштү? Не себептен?
Мастыктан шылкылдаган атасын жийиркене жетелеп барып жаткызып коюп чыга жөнөдү. Негедир босогодон токтоп кайрылып караса, атасы көздөрүн жалдыратып узата тиктеп туруптур. Көзүн­дө арман, ыза, салаа-салаа жаш... Ошондо неге атасы менен сүйлөшүп, эмне үчүн ыйлап кечирим сурап жатканын такып сурап албады эле? Жүрөгү кысылып, чыккыча шашкан. Жумушта отуруп да санаасы тынчыбай койду. Түш ченде телефону чырылдаганда трубканы көтөрө салып, ошол турган жеринде катып калды. Атасы Асан өзүн-өзү асып алыптыр. Эмне үчүн мындай кылганын үйбү­лөсү билбеген бойдон кала беришти.
Ооба, учурунда акчаны тутамдап жүргөн Асан акыркы эки жылда иши жүрүш­пөй, улам банкрот болуп кыйналып, ичип, эки-үч күндөп үйгө түнөбөй калчу адат таап алган. Анын ичип кеткенине жиндеп, бири да жанына отуруп эмнеликтен ичип жатканын, эмне маселе аны мынчалык кыйнап жатканын такып сурашпаган эле. Атасы жөн өлбөй артынан чуусу эми башталаар чатак иш таштап кеткенин билишкен да жок. Ыйлап-сыктап жайына беришип, кыркын өткөзүп, анан тынчып отуруп калышкан. Чымчыктын уясындай жайлуу болгон бул үйдүн тынчтыгы августтун бир түнүндө бузулуп кетти.

“КЫЗДЫ ӨЗҮ ЖЕТКИЗИП БЕРИШИ КЕРЕК БОЛЧУ!”
Кечки тамакты ичкен соң бири диванга, бири жерге отуруп алып бактан жаңы терип келишкен шабдаалыдан жеп, кино көрүп отурушкан. Эшик адаттан тыш тарсылдап калганынан элейе бирин-бири карашып, ордунан ыргып турган иниси ким келгенин билмекке чыгып кеткен. Аңгыча эле күржүйгөн тажикпи, сартпы, айтор, эки жигит жана быжыгыр кара сакалдуу киши инисин жөөлөй кирип келишти.
– Бермет деген сенсиңби?- кара сакал көзүн тикирейте сурап калды.
– Ооба.
– Кийим-кечеңди бир сыйра алсаң болот. Ашыкчанын кереги жок. Биз менен кетесиң.
– К-кан-дайча? Сиздер кимсиздер?
– Аны бейиши болгур Асан айтып бериши керек эле.
– Эмне деп турасыңар? Жети түндө үйгө бастырып кирип, балдарымды коркуткудай силер кимсиңер?- баятадан бери үнү чыкпай буулуп калган энеси эми эсине келип, тигилерди жекире сүйлөдү.
– Эй, катын, сен унчукпа! Асан силерге баарын өзү айтып, кызыңды мага жеткизип бериши керек болчу. Коён жүрөктүк кылып өзүн-өзү өлтүрүп тынчып калды. «Ошентсем эле кутулуп кетем» дегени го. Ха! Тапкан экен маңбашты. Кызыңды мен кумардан утуп алгам.
– Утуп алгыдай кызым силерге мал бекен? Сен да тапкан экенсиң келесоону! Кызымдын бир тал чачын карматпайм! Бар, сыйыңар менен чыгып кеткиле! Болбосо азыр ит-акмагыңарды чыгарам!
– Эй, катын, дагы эскертем, чуу чыгарба!
– Үйгө келип алып башкаргыдай сен ким экенсиң?
Кара сакалды көкүрөккө муштамакчы болуп жулунган инисин эки жигиттин бири ага жеткирбей бир шилтегенде топудай эле учуп түштү.
– А-ай, балам! Кокуй, өлтүрдү-ү-ү, эл-журт! Баламды өлтүрдү!
Экинчи жигит баласын көздөй жулунуп, бакырган эненин жаагын карыштыра кармап туруп алды.
– Тийбе апама! Силерге мен керекмин, туурабы? Апамды коё бер, акмак!
Жаалданган Берметти жактыра тиктеген карасакал:
– Мунуң башка кеп. Эй, катын, чарылдап жулунбай деле койсоң болот. Кызыңды өлүмгө алып бараткан жокпуз. Туш-тарабы түгөл, жакшы жашоого алпарабыз. Айтканга көнүп, тилин тишине катып жүрсө, силерге да каралашып турамын. Болду, кепти көбөйтпөй жөнөйлү, жолубуз алыс.
Чырылдап ыйлаган энени, тырмышкан боз баланы жыга түртүп, кызды дегдеңдете жетелеп чыгып, машинага салышкан үчөө заматта зуулдай караңгылыкка сиңип кетишти. Башын эки муштуму менен койгулай бакырып-өкүрүп ыйлаган эненин үнүнөн улам кошуналар жүгүрүп чыгышып, эми эле жымжырт жаткан көчө чуру-чууга толуп чыкты.

АРГАСЫЗДАН БАШ БАЙЛОО
Канча жүргөндөрүн, кайсы жерге келгендерин билбейт. Жол ката кара сакалдын берген суроолоруна мисирейип жооп бербей койду. Атүгүл алкымын бууп келип калган көз жашын ичине жута мисирейет.
Кара сакалдын аты Садык экен. Келгендин эртеси күнү маңдайына келип кеп баштады.
– Атаң Асан экөөбүз нечен жыл чогуу иштедик. Силер анда кичинекейсиңер. Асандын колундагы тутам-тутам акчалар кайдан келип жатканына башыңар деле жетпесе керек. Алгач мал, эт сатып баштаган элек. Бара-бара башка ишке өттүк. Эки-үч айда бир ирет жакшы иштеп койсоң, жарым жылда тапкан пайданы таап коёт экенсиң. Баңги соодага өткөн соң байланыштар, тааныштар да акырындап көбөйө берди. Асан менден он жашка улуу болоор эле. Итибиз чөп жеп, ишибиз абдан жүрүшүп кеткенде аны Кудай урду. Ишенип чогуу иштеп жүргөн мени сатып кетти. Анын айынан түрмөдө отурдум. Дагы багым бар экен, акчаны аябай берип жатып үч жылга гана кесилдим. Ошондо өзүмө “аман-эсен бул жерден чыксам, терисин тескери сыйырып, кызын күң кылам” деп ант бергем. Эми Кудай ыраматылык кылсын, өлгөн адамдын артынан жамандаган болбойт. Терисин сыйырган деле жокмун. Болгону, атаң менен кумар ойноп, бүтүндөй акчасын шылып, ага үстөк сендей сулуу кызын утуп алдым. Башында “мени сатып кеткен күнөөңдү жууп, мага тиешелүү акчаны жөн эле сыйың менен төлө. Оюнга азгырылба. Аягында чыга албай отуруп калышың мүмкүн. Ырас, ойносоң, анда аягына дейре ойнойсуң. Орто жолдон кыйшалактамай жок!” деп айтканбыз. Ошондо эле ойной албасын билген соң менден кечиримин сурап, ыраазы кылып алып чыгып кетсе болот эле. Жок, антпеди. Менин кыжырымды келтирип, “ойнойм” деп туруп алды. Анан эмне болду? Мына өзүң көрүп турасың.
Садык андан 18 жашка улуу эле. Качып кетүүгө же милицияга кабарлоого эч бир шарты болбоду. Жер муштап ыйлап калган энеси көз алдынан кетпей, бийик коргондуу Садыктын үйүнөн чыга албасына көзү жеткен соң: “Апамдын дайынын билип бер. Аны менен сүйлөш­түр­сөң гана сага аял болууга макул болом”,- деп шарт койду. Кантсе да карышкыр эмеспи: “Абайлагын, сулуу. Милиция чакырчу болсоң, кармалган күндө да эки күндө чыгып кетем, күчтүү тааныштар бар. Анан апаң экөөңдү кошуп туруп тырпыратып башыңарды жулуп алам. Атаңдын айынан түрмөдө отурганым эле жетишет”,- деп жыландын башын чыгара коркутуп койду.
Эртеси телефон менен байланыштырып берди. Апасы, иниси аман-эсен экен. Милицияга арыз жазышып, алар Берметтин дайынын таппай жатышыптыр. Алкымын көз жашы бууп, солуктап араң турса да, энеси менен инисинин эртеңкисин ойлоп: “Арызыңарды кайра алгыла. Кызыбызды алакачып кетиптир дегиле”,- деп тынчытып, кара сакалга өзүнүн башын байлап берди.
Ишти мынчалык жеңил бүтүп калат деп ойлобосо керек. Садык өзүнчө кыңылдай ырдап, тимеле көңүлү куунак. Кабагын ачпай салкын мамиле кылса да, чатак салбай тынчып калган Берметтин ичинде кандай бороон-чапкын жүрүп жатканын капарына да албады. Бул мезгилде...

КЫЗМАТКА КЫЯНАТТЫК
Жалалабаттагы кичинекей айылга участкалык милиция кызматкери болуп келген Керим ашыгы Берметтин күйөөгө чыкканына азыр да ишенип-ишене албай капалуу. “Алакачып кетишиптир” дегенди укканда жаалданганычы?! Энеси “кызымды алакачып кетишти” деп арыз жазып келгенинде ким болсо да эки чайнап бир жутчудай болгон эле. Бирок, энеси эки күндөн кийин келди да, арызын алып кете берди. “Кызым макул болуп отуруп калды”,- деди. Кайда кеткенин сураса, көңүлсүз гана: “Өзбекстанга”,- деп койду. Ошондон бери Керим аялуу буюмунан айрылып калгансып көңүлү чөгүңкү. Экөө таанышкан биринчи күндү, айылды аралай кеткен чоң жолду эстеп, азыр да ал жолдон Бермет көрүнө калчудай улутуна артын карай берет. Ошентип, күттүр­гөн ашыгы көпкө сагындырып жүрүп акыры келди. Болгондо да адамдын жүрөк үшүн алчудай кеп айтып, боздоп келди.
Кечинде милициякананын эшигин бирөө тыкылдатып калганынан эшикти ачкан. Ооздо Бермет туруптур. Тыным албай чуркап келгенби, эки бети албырып, чачтары жоолугунан чыгып, энтигип алыптыр. Үн-сөзсүз кучагына бой таштап солуктап ыйлап жиберди. Жашынан эңсеген кесибине ээ болгонуна корстон болгон Керим азырынча алкы бузула элек, кесибине кыянаттык кылууну оюна да албаган жигит эле. Бирок, көз жашын көлдөтө ыйлап, кейиштүү тагдырын айтып берген Бермет үчүн баарына даяр экенин сезди. Берметтен болгон окуяны уккандын эртеси “ооруп жатам” деп шылтоолоп жетекчиликтен уруксат сурап, таң эрте тааныштары менен Бишкекти көздөй жол алды. Жалдырай караган Берметти колунан чыгып кетчүдөй кармап алган. Түнү бою жол жүргөн экөө таң эрте темир жол вокзалына келишти. Бул жердеги милиция бөлүмүнүн башчысы жакын досу боло турган. Ал досу экөө­нү зарыктырбай бат эле келип, ал-жай сурашкан соң Керимдин өтүнүчү менен поезд коштоочуга дайындап туруп Берметти Москва поездине салып жиберди.
– Эч нерседен кам санаба! Өзүңө жакшы кара. Мен дайындап койдум, тосуп алышат. Өзүлөрү жайгаштырып коюшат. Апаңдан кабатыр болбо, мен кабар алып турам!
Кечээтеден бери он жолу айткан кептерин дагы кайталай оор үшкүрүнүп алып, жылып жөнөгөн поездди коштой кыйкыра чуркап барып токтоду.
Ошондон үч күн өткөн соң Өзбекстандык милициядагы тааныштарынан “көп­чү­лүккө белгилүү болгон Садыкты каршылаштары үйүнөн ууландырып өл­түрүп, жакында эле үйлөнгөн сулуу, жаш аялын алып кетишиптир” деген маалыматты укту. Демек, Садыктын өлүмүн каршылаштарынан көрүп жатышкан экен. Садыкты дайыма коштоп жүргөн ишенимдүү эки жигити бирөөлөр менен түнкү клубда уруша кетишип, аягы атышууга чейин барып, милиция келгиче жер жуткандай качып жоголушуптур. Азыр экөө издөөдө экен. “Демек, өз арбайын сого албай жашырынып жүргөн экөө Садыкты ким өлтүргөнүн изилдеп отурууга чамалары жок. Берметти деле издей алышпайт. Бечара кыз жакшы эле түйшүк тартты. Эми ал бактылуу болушу керек! Жанагы кылмышка ал аргасыз барды. Ал кылмышкер эмес!”
Арадан бир күн өткөрүп, Берметтин энесинин ал-жайын сурап коюу үчүн бараткан Керим айжамалы келишкен ашыгын элестетип алып жүрөгү булкунуп кетти. “Тагдыр эми бизди кошобу же дагы бир тоскоолдугун даярдап турабы?” Мындай суроолорго жооп таба албаса да, илгери үмүтүнө жетелене шайдоот баратты.

Айбек Нурадилов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
adjo_krsu
2015-04-22 18:15:36
Кандай гана окунучтуу, рахмат сизге Айбек Нурадилов. Мен бир адабий чыгарма окгандай эле болдум.
-1
№ 254, 14-20-сентябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан