ТАКСИСТТИ МУУЗДАМАКЧЫ БОЛУПТУР

МАИ кызматкерлерин эл жол кыймылын гана көзөмөлдөйт деп түшүнөт. Бирок кылмыш иштеринин бетин ачууга да МАИчилердин чоң салым кошуп келерин көпчүлүк биле бербесе керек. Мисалы, жакында Чүй ОИИБинин жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнүн эки кызматкери адам өлтүрүүгө аракет жасаган шектүү адамды колго түшүрүштү.

Чүй ОИИБинин МАИ кызматкерлери майор Арли Абдукеримов жана
прапорщик Алмазбек Курамышов ооруканага жабырлануучу
Русландын ал-абалын билүүгө келишкен кези.

“ЛЕСНОЕ АЙЫЛЫНА ЖЕТКИРИП КОЮҢУЗ”
Ал күнү таксист Руслан адаттагыдай эле күндөлүк жумушуна чыгып, түш оой Бишкектеги цирктин аймагында кардар күтүп турган. Ага эки адам басып келип, Лесное айылына жеткирип коюуну өтүнүшөт. Баа бычылып, үчөө белгиленген жерге жөнөп кетишет. Бир убакта «өтүп кеттик» дейт жүргүнчүлөрдүн бири. Автоунаа бурулуп токтойт. Алардын бири сыртка чыгып, ары басат. Экинчиси так ошол учурда бычагын сууруп чыгат да, бейкапар айдоочунун моюнун көздөй шилтеп калат. Кан туш тарапка чачырап, жан далбастаган айдоочу каршылык көрсөтүп, сыртка качып чыгууга үлгүрөт.
Ал эми эки эргул автоунааны айдап кетүүгө аракет жасашат. Бирок автоунаага айдай качууга каршы система орнотулган эле. Ойлогон ойлору ишке ашпаган экөө түкүрүнүп алып качып кетишет. Алар көрүнбөй калганда айдоочу эптеп машинасына отуруп, жакын арадагы МАИ постун көздөй бет алат.

ЭЭН ТАЛААДАГЫ КУУГУН
Ал күнү түзүлгөн график боюнча кызматтык милдеттерин аткарып жүрүшкөн Чүй ОИИБинин жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын майору Арли Абдукеримов жана милициянын прапорщиги Алмазбек Курамышов Манас айылынын жанында турушкан. Аларга нөөмөт бөлүмүнөн коңгуроо түшүп, Лесное айылында таксистке кол салуу болгондугу кабарланат. Милиция кызматкерлери кылмышкерлер азиат, бири ак футболкачан, аларды тезинен кармоо керек экендиги тууралуу буйрук алышат.
Тапшырма алган кызматкерлер ыкчам түрдө белгиленген жерге келишкенде, алыстан ак түстөгү кийим кийген караан көрүнөт. Машинаны таштай салган экөө жөө-жалаңдап куугунга түшөт. Аларды байкап калган шектүү адам да качып жөнөйт. Ээн талаада милиция кызматкеринин бири качып бараткан адамды кууп жетип басып жыгылат, экинчиси анын колун кайрып кишен салат.

“КӨЙНӨКЧӨН ТУУЛУПТУР”
Кармалган шектүү адамды А.Абдукеримов менен А.Курамышов ИИБге алып келген кезде жабырлануучуну милиция кызматкерлери тезинен ооруканага жеткиришкен эле. Борбордогу клиникалардын биринде, кан тамырлар бөлүмүндө дарыланып жаткан Руслан милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын гана билдирет. Дарыгерлер болсо «көйнөкчөн туулган экен, Кудай бир сактап аман калды» дешти. Анткени шилтенген бычак кулактын ылдый жагынан баштап тамакка чейин кесип кеткен.

“МУУЗДАП САЛАМ ДЕГЕМ...”
Кармалган адам Ысык-Көл районунун 25 жаштагы тургуну Д.Б. Бишкек шаарына жашоого тыйын-тыпыр табуу үчүн келген. Ар кайсы жерге бир тийип иштеп жүрүп мындайга алымсынбай, көбүрөөк, анан оңой акча табууну пландаштыра баштайт. Аңгыча өзүнө максатташ адам да табылып калат. «Мен таксистти мууздап салам деп чечкен элем. Машинаны да айдап кете албай койдук»,- дейт Д.Б.
Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми экинчи шектүү адам издөөдө.

Нурбек Абдыкадыров, Ырысбүбү Сагымбаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
mamamia
2011-05-02 11:45:15
кыргыздар биз эмне болуп баратабыз
0
jaina
2011-05-02 12:58:21
Дагы мууздап салайын дегем деп айтканын кара...
0
Tokmok
2011-05-03 01:21:21
O Kudai iyiman berekor!
0
sardaralay
2011-05-26 15:24:48
эгер ушул адам болду ушундай ишке экинчи барбайм десе бошотуп жолуна койгула бош кетпесин деп колуна чай-пайга 200 сом берип койгула.
-1
Nova
2011-06-08 16:23:00
Сенин баланды же атанды бычак менен сайып салса корот элем 200 сом жолуна берип кетирип жибергенинди!!!
+1
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан