ЭЛ АРАЛЫК ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН ТЕРРОРЧУ КЫРГЫЗСТАНДАН КАРМАЛДЫ

2011-жылдын 18-апрелинде УКМКнын кызматкерлери тарабынан Москва районунун Беловодск айылында эл аралык издөөдө жүргөн террорчу кармалды. Тинтүү учурунда анын жанынан жасалма кыргыз паспорту табылган.

ӨЗБЕКСТАНДЫН ЖАРАНЫ
Колго түшкөн 38 жаштагы өзбекстандык Озод Кушматов (Навои облусунун тургуну) Түндүк Кавказдагы куралдуу кылмыш тобунун мүчөсү катары орусиялык укук коргоо кызматтары тарабынан 2008-жылдан бери издөөгө жарыяланган.
УКМК кызматкерлери аны Орусиянын Ульянов облусунун прокуратурасынын суроосу боюнча кармашты. Ал “2008-жылы Орусияда эки МАИ кызматкерин өлтүргөн” деп шектелүүдө. Эске салсак, Сызрань-Цивильск автожолунда ВАЗ-2114 автоунаасынан атылып өлтүрүлгөн милициянын лейтенанттары Иван Игнатьев жана Евгений Левандиевдин сөөгү табылган эле. “Бул кылмышка “Гимрин жамаатынын” мүчөлөрүнүн (анын ичинде Озод Кушматовдун) катыштыгы бар” деген маалыматтар айтылып, анын мүчөсү болгон Мусагаджиев 2008-жылдын март айында Махачкалада колго түшүрүлгөн.

“ГИМРИНдин” КЫЛМЫШТАРЫ
“Гимрин жамаатынын” мүчөлөрүн, негизинен, Дагестандын Унцукуль районунан чыккандар түзүшөт. Алар күч органдарынын жана мамлекеттик кызматкерлерге кол салуу менен атагы чыгышкан. Бул кылмыштуу топтун колунан депутат жана министр өлтүрүлгөнү боюнча фактылар бар. Алсак, 2007-жылдын 10-декабрында Гимры айылында “Бирдиктүү Орусия” партиясынан элдик жыйналыштын депутаты Газимагомед Магомедов, 2009-жылы 5-июнда Дагестандын Ички иштер министри Адильгерей Магомедтагиров өлтүрүлгөн. Мындан тышкары Ульянов облусунун прокуратурасынын тергөө комитети Магомед Мусагаджиев жана андан башка үч киши 2008-жылдын 4-январында Владимир Долгановский аттуу ишкерди акча өндүрүү максатында барымтага алгандыгын аныктаган. 6-январда алар Долгановскийди Цильнин районундагы айылдардын бирине алып барууну чечишкен. Алып бара жаткан убакта алар отурган автоунааны МАИ кызматкерлери токтотушканда кылмышкерлер аларды атып салышкан. Барымтага алынган ишкер да кийинчерээк өлтүрүлгөн.
Тергөөчүлөр бул кылмышка колдонулган куралдар (4 даана ИЖ-71 тапанчалары) 2007-жылы Дагестандын бир районунан уурдалгандыгын аныкташкан. 2010-жылы январь айында соттун чечими менен Магомед Мусагаджиев 24 жылга эркинен ажыратылат. Аны менен кошо «кылмышка катышкан» делип Гаджи Алиев жана Ильдар Забиров кармалат да, бири 17, экинчиси 12 жылга эркинен ажыратылат.

КЫРГЫЗСТАНГА ЭМНЕГЕ КЕЛДИ ЭКЕН?
Ал эми Озод Кушматовго эл аралык издөө жарыяланып, Ульянов облусунан миңдеген чакырым алыс жайгашкан Чүй облусунун Беловодск айылынан кармалып отурат. Кушматов жасалма документтин жардамы аркылуу 3 жыл укук коргоо органдарынан жашырынып келген.
Азыркы убакта анын Кыргызстандын аймагындагы кылмыштарга тийиштиги барбы, кармалганга чейин эмне менен алектенген жана шериктери бар-жоктугу иликтенүүдө.

Нурбек Абдыкадыров, Ырысбүбү Сагымбаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
elif
2011-05-02 16:00:26
ozbek ele bolso kirgizstandagi topolongo tieshesi bar...Ukuk korgoo organdari jakshilap ishteshse dalil tabasinar degen umuttonom.
0
UvE
2011-05-03 09:53:40
Мындайларды атууга окум кылуу керек, ошондой закон киргизсе жакшы болмок террористерге, наркомандарга, кыз зордуктаганга, киши олтургонго каршы! Мамлекетте бир топ окум суруп калмак, тартип орнолмок! А бажыда катуу кайтаруу жургузуп коюшса, мына буга окшогон мусорлор ото алышпайт, кантип жасалма паспортту байкашкан эмес?! Эмне база жокпу, кошуна мамлекеттердикиндей база орнотуп койсо болмок, жасалма же жасалма эмес экени билине тургандай кылып!
0
melo
2011-07-08 06:24:34
Да ну на фиг им это надо??? Ну сами подумайте? Они все о своём кармане думает!!!
0
joo
2011-10-02 22:29:51
Биздикилерге 10000s берсе биз андай адамды корбодук деп койуп жиберишет
0
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан