АНЖЕЛИКА.
Учурдун популярдуу ырчысы Анжелика менен өзүнүн устаты Айчүрөк Иманалиеванын стилисти бир. Стилистке бараардан мурда экөө кеңешип алып, анан ал ойлорун стилистке сунушташат. Чет жакка көп баргандыктан, Анжелика кийинүүнүн элементтерин ошол жактан көрүп, идея топтоп келет.
Кайсы жактан кийинет?.
Кийимдерди Бишкектин мыкты делген дүкөндөрүнөн, кээде базарлардан сатып алат.
Эң кымбат кийими. Мындан беш жыл мурун «Эжекемдей боломун» деген ырын ырдап чыгуу үчүн кийген 300 долларлык костюму.
Кандай стилге басым жасайт?
Анжелика бир стилде кийинүүнү каалабайт. Шартка байланыштуу кийинүү стилин өзгөртүп турат. Бирде эркин стилде кийинсе, бирде спорттук стилде кийинип, кайталангыс имиджде көрүнүүнү баалайт.
УРМАТ УСЕНОВ.
Урмат сахна костюмдарын продюсери Ассол Молдокматованын жардамы менен тандайт. Кээде эжесинин кеңеши менен кийинет. Кийинүү жаатындагы идеяларды мода көрсөтүүчү телеканалдардан алат.
Кайсы жактан кийинет?
Көбүнчө "Дордой Плаза" дүкөнүнөн сатып алат. Себеби, аталган дүкөндөн ырчы өзүнүн кыялындагы кийимдерди таба алат.
Эң кымбат сахна кийими.
Эң кымбат сахна костюмун 250 долларга алган. Бул костюмду жаңы жылда "Новогодний огонёк" кечесинде кийип чыккан.
Кандай стилге басым жасайт?
Ар убакта ыңгайлуу кийингенди жактырат.
(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).