ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ КЫМБАТ РЕСТОРАНДАР

ГЕРМАНИЯДАГЫ РОБОТ-РЕСТОРАН
Германиянын Нюрнберг шаарында жер шарындагы эң биринчи толук автоматташтырылган ресторан ачылды. Бул ресторанда бир дагы официант жок. Кардарларды электрондук система тейлейт.
“Баггерс” ресторанында кардарлар сенсордук меню аркылуу тамак тандашат. Бул – ар бир столго бекитилген электрондук экран (алар Бишкектин кээ бир кафелеринде да бар). Экранда тамактын сүрөтү менен баасы жазылып турат. Кардар экранды сөөмөйү менен басат да, бул маалымат ашканадагы компьютерге жиберилет. Чочулабаңыз, ашпозчулар – кадимки эле кишилер. Даяр тамакты шыптагы рельстерге бекитилген 25 робот-официант ресторандын ар кайсы бурчуна жеткиришет. Алардын мээсине 200дөн ашык кызыктуу окуялар, аңгемелер жазылган. Демек, роботтун колунан тамак ичүүдөн сырткары аны менен маек курууга да болот. Акчасын меймандар кредиттик картанын жардамы менен төлөшөт.
Ресторандын ээси Михаэль Мак бул идеяны досунун туулган күнүндө отуруп ойлоп тапкан. “Официантты керээли-кечке күткөндөн тажап, тамак бизге жөн гана учуп келсе деген ой кеткен. Анан бул оюмду ишке ашырууну чечтим. Алгачкы кардарларым “жакшы” деген баа берип кетишти”,- дейт Михаэль.

ЖАНЫБАРЛАР ҮЧҮН РЕСТОРАН
Үй жаныбарларынын тилектери орундалды! Кытайдын Шанхай шаарында жаныбарлар үчүн жаңы ресторан ачылды. “Үй жаныбарлары үчүн бейиш бурчу” деп анын аталышы эле бир укмуш.
Алгач бул ресторан жалаң иттер үчүн ачылган эле. Бара-бара келген коноктор мышыктарын, коёндорун жана башка айбандарды ээрчитип келе башташкан. Бул укмуштуу тамактануу жайынын тамак тизмесинде жалпы саны 360 түрдүү тамак-аштар, таттуулар, ичимдиктер бар.
Шаар тургундары “төрт буттуулар менен бирге отуруп, бир табактан аш жеген гигиеналык жактан туура эмес жана денсоолукка зыян”,- деп бул өзгөчө ресторанды терс кабыл алышкан. Анда “Үй жаныбарлары үчүн бейиш бурчунун” ээлери буга жооп катары: ”Биз идиш-аякты күндө үч жолу жууп тазалайбыз. Жаныбарлардын ээлеринен керектүү документтерди талап кылып турабыз. Ошондуктан, бизге келген күчүк-мышыктардын баары дени сак, таза жаныбарлар”,- дешет.
Кардарлардын айтымында, алардын сүйүктүү жаныбарлары бул ресторандан жөн гана тамак жеп кетпестен, башка төрт буттуулар менен таанышып, өздөрүнө жакын досторду табышат экен, тобо-о!

КЕМЕ-РЕСТОРАНДАР
Дүйнөдө мындай ресторандардын саны абдан көп. Кээ бирлери деңиз, океандардын жээгинде курулган болсо, кээлери сууда сүзгөн кайык, кемелерде жайгашкан. Мындай кеме-ресторандар даамдуу аш менен гана тойгузуп койбой, кооз жерлерге сейилге алып чыгышат.
Эң кымбат жана барктуу кеме-ресторандардын бири – Санкт-Петербургдагы “Нью-Айленд” рестораны. Ал Нева дарыясын бойлой сүзүп жүрөт. Ресторан 120 кишиге чакталган 2 палубадан турат. Ич жасалгасы жана тейлөө кызматы эң жогорку деңгээлде.
“Нью-Айленд” ресторанынын ашканасында европалык, латынамерикалык, орус, кытай, италиялык жана француз тамактары даярдалат. Кеменин астыңкы палубасында 60 жылдан ашуун сакталган шараптар бар. Мындан сырткары, ашпозчулар кааласаң бүтүн койду куйкалап беришет, кааласаң көзүңчө суудан балык кармап, дароо кууруп туруп алып келишет.
Ресторанда бийлөөчү аянт жана өзүнчө VIP-бөлмөлөр бар. “Нью-Айлендге” биринчилерден болуп Жорж Буш, Жак Ширак, Нурсултан Назарбаев, Владимир Путиндер эс алып кетишкен. Ресторандын ээси барктуу коноктор тизмесинде президенттердин болгондугу менен сыймыктанат.

ДӨҢГӨЛӨКТҮҮ РЕСТОРАН
Тамак да жеп, шаарды да кыдырып, эки ишти бир аткаруу мүм­күнбү? Москва шаарында жайгашкан, тагыраак айтканда, анын көчөлөрүндө сызып жүргөн “Аннушка” ресторанына туш болсоңуз, анда толук мүмкүн.
1989-жылдан тартып Еревандын тургуну Мигран Мхитарян шаар ичинде жүргөн унаа трамвайды ижарага алып, коноктор үчүн чакан экскурсияларды жүргүзчү экен. Кийин туристтердин: “Чай же кофе беришсе жакшы болмок”,- деген сөздөрүн угуп, трамвайда ресторан ачуу идеясын тапкан. Ошентип, “Аннушка” деп аталган трамвай-ресторан тез эле атактуу болуп кеткен.
“Аннушка” Чистопрудный деп аталган сейилбактан баштап Москваны дээрлик толук айланып чыгат да, кайрадан турган жерине барып токтойт. Жолдо терезеден Москванын кооз жерлерин көрүп жүрүп, туристтер гиддин сөзүн угушат да, ошол эле убакта даамдуу тамактанышат. Бир күндө “Аннушка” 60 кардарды тейлейт. Дөңгө­лөктүү ресторандын бир жакшы жери бар: эгер кардарга тизмедеги тамактар жакпай калса, ресторандан кайра чыгып кете албай, жок дегенде бир чыны чай ичүүгө мажбур.

КОШ БОЙЛУУЛАР ҮЧҮН РЕСТОРАН
Болочок энелер ар бир эле кафе, ресторанга барып тамактана алышпайт. Мунун себеби эне менен анын курсагындагы наристени тынчсыздандырган тамеки түтүнү, элдин көптүгү же катуу музыка болушу мүмкүн. Ошондуктан, кош бойлуу айымдар үчүн өзгөчө ресторандар ачыла баштаган.
Алгач мындай тамактануу жайлар Европада, кийин Америка жана Россияда ачылган. Алар жагымдуу ич жасалгасы, өзгөчө ашканасы жана атайын бөлмөлөрү менен айырмаланат. Боюнда бар аялдардын тамактанган бөлмөлө­рү таза, жарык. Отургучтары жумшак, кенен. Ресторанда дайыма жагымдуу музыка ойноп турат. Ал эми дубалдарда жаратылыштын, мээримдүү энелердин же наристелердин сүрөттөрү илинип турат.
Кош бойлуулар үчүн даярдалган тамак ар түрдүү жана витаминдүү. Ал эми өзгөчө тамакка талгак болгон айымдарга экзотикалык тамактар сунушталат.
Эмчектеги баласы менен келген кардарларга эмизип жатканда чыканагын таяп турганга атайын жасалган отургучтар даяр. Эгерде наристеси ыйласа, бала баккычтар келип сооротушат. Кааласа баласын алып барып, коңшу бөлмөдөн жалаягын алмаштырышат да, тамак жегенге үлгүргөн апасына кайтарып беришет.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 255, 21-27-сентябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан