ЖЫЛДЫЗДАР КАНДАЙ ҮЙДӨ ЧОҢОЮШКАН?

Дүйнө жылдыздары тууралуу “тиги мынча миллион долларга үй, мынча миллионго арал сатып алыптыр” деген кептерди байма-бай угуп келебиз. Ушундай байлыкка жеткен ырчылар кичинекейинде кандай үйдө чоңоюшту болду экен, чогуу көрөлү.

БРИТНИ СПИРСТИН АРАК ЖЫТТАНГАН ҮЙҮ
Луизиана штатындагы бул үй 13 жашынан арак ичип, 14 жашынан марихуана чегип келген ырчы Бритни Спирске таандык. “Ооба, биздин үй аябай жупуну көрүнчү. Атам күн алыс ичип алып ызы-чуу чыгаргандыктан, арак жыттанып турчу. Антсе да бул үйдө менин балалыгымдын издери калган”,- деп эскерет ырчы балалыгын.
Учурда ырчы Шон жана Жейдан деген уулдары менен Лос-Анжелестеги 20 миллион долларлык үйүндө күн кечирүүдө. Бул үйдө 10 уктоочу бөлмө, 13 жуунуучу жай жана балдары үчүн оюн автоматтары орнотулган чоң залы бар. Мындан сырткары 2 теннис аянтчасы, бассейн, жакузи, жасалма үңкүр жайгашкан. Ал Женнифер Лопес, Ким Кардашьян менен кошуна турат.

БИКИНИЧЕН КЫЗДАРДЫ КӨРГҮСҮ КЕЛГЕН ЭШТОН КАТЧЕР
“Мен АКШнын Айова штатындагы фермада чоңойгом. Ошол кезде “Van Halen” тобунун клиптерин көрүп, “Голливудда жалаң бикиничен кыздар ролик тээп жүрүшөт экен” деп ойлочумун”,- дейт балалыгын эске салган актёр.
Учурда ырчы 4 уктоочу бөлмө, 4 жуунуучу жай жана короосунда 3 катмарлуу шаркыратмасы бар үйүндө жубайы Деми Мур менен чогуу турат. “Акжолтой үй. Бул үйдү Деми менен таанышканга чейин, 2004-жылы 1 миллион долларга сатып алгам. 2005-жылы дал ушул үйдө сүйүктүүм экөөбүз баш кошконбуз. Жасалгасы атам экөөбүзгө таандык. Деми экөөбүз таанышкан кафенин ордуна там салам деп ойлогом. Кафенин кожоюну азырынча аны сатууга макул болбой жатат”,- деп кейийт актёр.

СУТЕНЁР МЕНЕН ЧОГУУ ЖАШАГАН ЛЕОНАРДО ДИ КАПРИО
3 жашында “АБВГдейки” жарнамалык ролиги менен шоу-бизнес чөйрөсүнө кадам таштаган Леонардо Ди Каприонун балалыгынын элестери калган үй. Актёр: “Биздин үй Голливуддун чет жакасында жайгашкан эле. Атам менен апам мен 1 жашка чыга электе ажырашып кетишиптир. Бул үйдө апам жана баңгизат соодагери, сутенёр Вестерн менен чогуу жашагам”,- деп эскерет.
Голливуддун секс-символу атыккан 37 жаштагы актёр учурда Малибуда жашайт. Океан жээгинде жайгашкан бул үйүнүн аянты 2,4 миң чарчы метр. Миллиардер Роман Абрамович, актриса Холли Берри менен кошуна.

ТАТТУУ ТОКОЧ БЫШЫРЫП САТКАН МАДОННА
Ырчы, продюсер, бийчи, актриса жана жазуучу Мадоннанын балалык күндөрү Мичиган штатындагы 5 бөлмөлүү 2 кабат үйдө өткөн.
«Бул үй балалыгымдагы кубанычтуу да, кайгылуу да күндөрдү эске салат. Курбум Мессана экөөбүз таттуу токоч бышырып алып көчө кыдырып сатып, балмуздак алып жечүбүз. Кайгылуу деген себебим, бул үйдөн 35 жашында рак оорусунан каза болгон апамдын сөөгү чыккан. Бул үйдө бий мектебине тапшырганча, тагыраак айтканда, 19 жашыма чейин жашадым»,- дейт ырчы. Учурда поп-ханышанын Майамиде, Нью-Йоркто, Лос-Анжелесте үйлөрү бар.

Карапайым үй-бүлөдө чоңоюп, талантынын жана эмгегинин аркасы менен бир эмес, бир нече турак жайга, ал тургай аралдарга ээ болгон жылдыздар аз эмес. Мисалы, Памела Андерсон, Том Круз, Мишель Обама, Мэл Гибсон, Том Хэнкс, Дастин Хоффман, Барбара Стрейзанд жана башкалар.

Дамира Арстанова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Tokmok
2011-05-03 00:59:45
daa jakshyken. Araket kylsan bereket!
0
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан