ГИТЛЕР «БЭМБИНИ» НЕГЕ ЖЕК КӨРГӨН?

Чаарчык Бэмбинин жоруктары балдардын жарпын жазып күлдүрсө, чоңдорду балалыктын дүйнөсүнө жетелейт. Тартылганынан бери жарым кылым өтсө да, тасма күйөрмандарынын саны азайган эмес. Анда эмесе «экранда» токойдун ханзаадасы «Бэмби».

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Тасма чаарчык ханзаада Бэмбинин туулушу менен башталат. Бэмби коёнек Топотун, скунс Гүл (гүлгө окшоштуруп атап коёт) жана башка достору менен сүйлөгөндү, басканды үйрөнүп, токой ааламын тааный баштайт. Кичинекей чаарчык Фелинди кубалап бара жатып Бэмби атасы Бугу падышага кезигет. Токойдогу бейпил жашоону бузуп, мергенчи Бэмбинин апасын атып өлтүрөт. Чаарчыктын кийинки тагдырын колуна алган падыша аны татыктуу уул, токой падышасы кылуу үчүн аракетин аябайт.
Убакыт өтүп Бэмби чоңоюп, марал Фелинге сүйүүсүн арнайт. Бирок Фелиндин жүрөгүнө ээ болуш үчүн эрөөлдө Ронно аттуу бугуну жеңүүгө туура келет.
Кайрадан адамдар... Алар бугулардын тукумун аёосуз кырып башташат. Адам тутанткан өрткө бөлөнгөн токойдон качып бара жаткан Бэмбиге ок жаңылат. Жеңил жаракат алган Бэмби атасы жана сүйгөнү менен качууга жетишет. Бардык кыйынчылыктарды жеңген Бэмби менен Фелин эгиз чаарчыктуу болушат. Эр жүрөк, татыктуу уулду өстүргөн токой падышасы Бэмбиге падышалык таажыны өткөрүп берет.

ЖАШООДОН АЛЫНГАН
“Бэмби” мульттасмасы австриялык журналист Феликс Зальтендин ушундай эле аталыштагы эмгегинин экрандаштырылган чыгармасы. 1923-жылы Альпы тоолоруна саякат учурунда ага бир чаарчык байыр алат. Колунан тамак жеп жүргөн чаарчыкты бир күнү мергенчилер атып өлтүрүшөт. Адамдардын таш боордугуна кейиген Зальтен “Бэмбини” жараткан. 1933-жылы “Бэмби” деген китепти окуп, аны тасмага айлантуу үчүн автордук укукту Сидней Франклин сатып алган эле. Алгач ал кадимки тасма тарткысы келген. Бирок салттуу тасма менен окуяны ийине жеткире бере албасын сезип, 1935-жылы “Уолт Дисней” студиясына анимациялык тасма тартуу сунушун киргизген. Тасманын сүрөттөрүн Тайрус Вонг тарткан.

«ЭҢ КАЙГЫЛУУ ТАСМА»
Сынчылардын айтымында, музыканын жардамы менен ийгиликке жеткен бирден-бир фильм – “Бэмби”. Байкасаңыз, бугулардын душманы болгон Адамды экрандан таптакыр көрө албайсыз. Анын пайда болушун кооптуу музыкадан улам билүүгө болот. Музыка менен эмоцияны мыкты бере алгандыктан, 70 мүнөттүк сюжетте 800 гана сөз пайдаланылган. «Бэмби» атактуу Уолт Диснейдин эң сүйүктүү чыгармасы болгон. Ал эми Стивен Спилберг «Бэмбини» «бардык замандардын эң кайгылуу чыгармасы» деп атаган. «Кичинемде «Бэмбини» көргөндөн кийин күндө кечинде уйкунун алдынан ата-энем аман бекен деген ойго батып, анан уктачумун»,- деп эскерет атактуу режиссёр.
«Бэмби» «Оскар» сыйлыгына үч номинацияда («Мыкты ыр», «Мыкты үн» жана «Мыкты музыка») көрсөтүлүп, байгеге илинген эмес. Абройлуу сыйлыктардан 1948-жылы «Алтын глобуска» татыган.

ГИТЛЕР НЕГЕ ЧЫЧАЛАГАН?
Чаарчык тууралуу китепке Германияда Адольф Гитлер тыюу салган. Анткени анын саясатын чыгармадагы таш боор адамдарга салыштырган пикирлер жаралган. 1942-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш жүрүп, Лондон катуу бомбалоого алынып жатканына карабастан, согуш “Бэмби” тасмасынын бет ачарына тоскоол боло алган эмес.

КЫСКАЧА ФАКТЫЛАР

  • Тасмадагы Бэмби менен Топотундун урматына 2 планетага алардын аты берилген.
  • Тасманы тартуу 1936-жылы башталып, 6 жылда бүткөн.
  • «Бэмбини» кыргызчага “Дөөлөт” студиясы которгон.
  • «Бэмбинин» 2-бөлүгү 2006-жылы жарыкка чыккан.

Нуржамал Жийдебаева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
bakutboy
2011-05-02 14:31:50
сонун мультик мага жагат
-2
Шаиста Шатманова
2011-05-03 09:17:13
Ушул мультиктин 70 жыл илгери тартылганына ишене албайсын. Эн жагымдуу, бала учун эле эмес, чондор учун да жагымдуу. Кыргызча котормосу да мыкты чыккан.
-2
mik
2011-05-04 09:33:06
Жакшы мультик. Жаныбарларды төрөлдү эмес туулду деп айтат го дейм :).
-2
info
2011-05-05 17:57:49
mik рахмат, ката оңдолду.
-2
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан