АЙБЕК ЗАМИРБЕК уулу

«Көздөрү муңдуу бул жигит ким?» деп ойлоно түштүңүзбү? Бул жигит Юрмалада өтүүчү «Жаңы толкун» сынагында Кыргызстандын атынан ырчы Арсен менен бирге чыгууга даярданып жаткан Айбек.

Туулган жери – Бишкек шаары
Жашы – 24тө
Жактырганы – Уйку жана да уйку
Кумири – Актан Исабаев

– Айбек, “Жаңы толкун-2011” сынагына жолдомо алганыңда «бул кайсы жигит?» дегендер көп болду. Кыргызстанда чоң сахнага чыга элек белең?
– Чындыгында, баары эле таң калып жатышса керек, “бул кайдан чыга калды?” деп. Менин музыка дүйнөсүндө жашаганыма 21 жыл болду. 3 жашымдан тартып легендарлуу “Ак шоола” элдик балдар хорунда ырдадым. Өзүңүздөр билгендей, бул ансамблден Алмаз Адамалиев, Алтынай Атаканова, Эрнис Уметалиев, Чолпонай сыяктуу ырчылар өсүп чыгышкан. Сынакка “катышсамбы, катышпасамбы?” деп ойлонуп отуруп жөнөп кеттим. Бирок баратканда эле менде “сөзсүз финалга чыгам” деген ой жашап калган болчу. Албетте, өткөнүмдү укканда аябай толкундандым. Башка бирөө өтсө деле кубанмакмын. Себеби баары утам деп барган таланттар болчу. Буйрук экен, Арсен экөөбүздү тандашты. Учурда 26-31-июлда боло турган финалга дуэт жаздырып, катуу даярдануудабыз. Буюрса, жеңиш бизде болот деп ишенем.
– Адатта, ырчылыкка тубаса талант же бирөө түрткү болот...
– Мага талант ата-энемден өтсө керек. Себеби атам Замирбек Сооронбаев менен апам Калича Сейдалиева белгилүү актёрлор. Кыргыз киносуна, театрына эмгегин арнап келген жандар.
– Байкашымча, бирөөлөрдүн ырларын гана ырдайт экенсиң. Качан ырчы катары чыгасың?
– Бир кезде Алмаз Адамалиев экөөбүз “Кватро” деген топ түзүп, англисче ыр жазып чыккан элек. Көп өтпөй тобубузду жабууга аргасыз болдук. Буюрса, жакында бир-эки ыр жаздырып, элге тартуулаганы турам. Мен жөн салды ырларды аткаргым келбейт. Аз, бирок саз, элдин жүрөгүнүн тереңинен түнөк тапкан ырларга басым жасайм.
– Ырчылыктан тышкары дагы эмнеге кызыгасың?
– Футболго аябай кызыгам. Былтыр сиздер уюштурган мелдеште жылдыздар командасында ойногом. Буюрса, быйыл да катышам.
– Кыздаргачы...
– Мага, негизинен, ачык-айрым, анан, албетте, сулуу кыздар жагат. Жүрөгүмдүн ээси бар же жок экенин айтпай эле коёюн. Бар десем да, жок десем да кыздар таарынып калышат.

Дамира Арстанова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
jaina
2011-05-02 12:49:37
Көзү башкача бала экен)))
0
Juma5
2011-05-02 18:54:21
ийгилик кыргызстандын атын даназалап журо бергиле
0
Asyla
2011-05-02 21:30:48
албетте жонокой суроттордон айырмаланган, бирок журокту орутуучу сурот экен, мончоктой келбетине жылдыздуу жылмаю жарашаары анык =) ошондой суротунду кутобуз))) ал эми ЮРМАЛАдан болгон талантынды коргозуп, атактуу даражага жетээрине тилектешмин))) GOOD LUCK
0
aku
2011-05-03 11:30:08
surottogu kozdorun fotoshop menen jasap koigonbu je ozdoru ele ushundai kok kozbu,koi koz dep koichu bele je myshyk kozbu?
0
Tokmok
2011-05-03 14:00:18
ishi kylyp yrchy menen saiyasatchyga baibys KG. Baarynarga iyigilik!!!
0
love20012
2011-05-03 18:51:50
jaina ал уктап эле жатса конечно коздору башкача болот да.
0
azulya
2011-05-04 14:19:53
Коздору башкача жигит экен... Тимеле журокту орттоп ийет го :)
0
smile
2011-05-04 22:03:44
Alga!!!Urmalada iigilik

0
Kylym
2011-05-06 16:15:38
Арсен экоонорго ийгилик калаайм 1-орунга ээ болгула.Айбекти козу башкача экен ыйлап жиберчуудой болуп.
0
BiLLy Beck
2011-05-06 19:25:19
Aibektin irlari bolso surany4,mediaportalga salyp koyunuzdar urmattuu moderatorlor..
0
Aijolina
2011-05-07 18:02:49
kozundo kok linzy...
0
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан