ФЕЛИКС КУЛОВ. ПРЕМЬЕРЛИККЕ БИР КАДАМ

Капыл-тапылынан эле парламенттик оппозициячыл «Ар-намыстын» он депутатынын коалицияга кошулуу жөнүндөгү билдирүүсү саясат чөйрөсүнө кыйла бүлүк салып, карама-каршы пикирлерге жем таштады.

ЧЫККЫНЧЫЛЫКПЫ ЖЕ...
«Ар-намысчы» он депутаттын демаршын эксперттердин бир даары саясий стабилдүүлүккө өбөлгө түзчү кадам катары оң баалап, жактыруу менен кабыл алышса, экинчи тарап «качанаактардын» кылыгын чыккынчылык дешти. Ошол тушта Феликс Куловдун Москвага шашылыш командировкага кеткени окуяга кошумча интрига киргизди. Кулов иш сапарынан кайтып, он депутаттын кылыгын «Республика» жана КСДПнын лидерлери азгырып өз бооруна тартып алып кетиши катары баалап, аларды «моралдык жагынан туруксуз депутаттар» деп мүнөздөдү. «Темир генерал» бул окуя фракциянын саясий кеңешинде, андан соң атайын курултайында талкууланып, саясий жана укуктук баа берилерин, алар партиянын катарынан чыгарылып, депутаттык мандаттары алынып салынарын жокко чыгарбастыгын ачык эле билдирди.

КУЛОВГО ЧАҢ ЖУККАН ЖОК
Он депутаттын оюнун олдоксон кадам деп баалап, коалициянын тегерегиндеги саясий оюнга чекит койсо деле болмок. Бирок окуя муну менен бүтүп калмак эмес. Көрсө, Кулов «Ар-намыс» фракциясынын «Ата Журт», соцдемократтар жана «республикачылар» түзгөн альянска барып куюлушуна таптакыр эле каршы эмес, тескерисинче, оң көз карашта экен. Бир гана шарт – он депутаттай болуп бөлүнбөй, фракция чогуу-чаран коалицияга күр этип кирип барганды эп деп эсептээрин билдирет. Кулов коалицияга кошулуу ниетин билдириши менен кыйыр түрдө болсо да «качанаак» он депутаттын жоругун актады. Экинчи жагынан «үркүнчөөктөргө» карата «моралдык жагынан туруксуз депутаттар» деген зылдай оор, жууса кеткис терс мүнөздөмө тагылганын унутпоо кажет. Анткен менен лидердин репутациясына чаң жукпай, аппак бойдон калды. Ооба, бул Феликс Куловдун стилинде! Он депутат коалицияга кошулуу Феликс Шаршенбаевич менен макулдашылганын, аны билбей, көрбөй калды деп айтуу туура эместигин эчен курдай белгилеп чырылдашпады беле. Ал сөздөргө эч ким көңүл бөлүп, капарга албай бекер кылышкан экен дейсиң.
Эми минтип Кулов менен өкмөт башчы Атамбаевдин ортосунда коалициянын келечеги жөнүндө сүйлөшүүлөр болуп өттү. Феликс Куловдун азыркы өкмөттүн структурасына өзгөртүү киргизүү, ошону менен министрлер кабинетинин ишинин эффективдүүлүгүн арттыруу, «Ар-намыстын» экономикалык программасынын урунттуу учурларын эске алуу сыяктуу сунуштарына Алмазбек Атамбаев оң көз карашын билдирди. Арийне, «Ар-намыс» фракциясынын коалицияга кошулуу маселеси бир жаңсыл чечиле элек. Премьер Ф.Куловдун сунушун ойлонуп көрүү үчүн тайм-аут алганы кабарланууда.

КУЛОВДУН МАКСАТЫ ИШКЕ АШАБЫ?
Феликс Куловдун коалицияга кошулуу чечими көптөн бери көздөп жүргөн премьер-министрлик орунга жетүү максаты менен байланышат. Өкмөт башчылыгына жетүү үчүн бир гана тепкичти басып өтүүгө туура келет. Ал үчүн он депутатты жаманатты кылып садага чапса деле болот. Түпкү көздөгөн максатына жетүү үчүн Кулов Өмүрбек Бабанов убактылуу калтырып кеткен биринчи вице-премьерлик кызматка барууга деле кайыл. Албетте, Бабанов калтырган орун келечектүү кызмат.
Эгер Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого талапкер катары катышып калса (Атамбаевдин президенттикке барарынан эч ким күмөн санабай калбадыбы), анын бошогон өкмөт башчылык кызматын биринчи вице-премьер, башкача айтканда, Феликс Кулов ээлеп калары белгилүү. Министрлер кабинетинин башчылыгына жеткенден кийин эки тизгин, бир чылбыр Феликс Шаршенбаевичтин колуна тиет да калат. Асыресе, Алмазбек Атамбаевдин «Ар-намысты» коалицияга кошуп алуу боюнча ишти ой чөгөрүп ойлонушу кыйлага барчудай. Эксперттер А.Атамбаевдин артка кылчактап, чечкинсиздик кылып жатышын анын Ф.Куловго толук ишенип кете албай турганы менен түшүндүрүшүүдө.
Эгер «Ар-намыс» ­фрак­циясы коалицияга кошула турган болсо, анда абсолюттук көпчүлүктүн коалициясы түзүлдү деп айтууга болот. Бирок ал бекем жана туруктуу көпчүлүктүн коалициясы түзүлдү дегенди билдирбейт. Ыдырап кетүү коркунучу сакталып кала берери анык. Айрыкча айрым экономисттер айткандай, өлкө дефолттун (бюджет аткарылбай калышы мүмкүн) босогосунда турган шартта бир беткей жеке максаттарга баш ийдирилген саясий союз туруктуу болушу арсар.

Үсөн Касыбеков
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кыргыздарга кайсы улуттун жакшы сапаты жетишпейт?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Tokmok
2011-05-03 14:39:28
Tuura aityshat mugalimder " Chynchyldyk,tartip,taktyk,emgekchil" jetishbeit...
0
cosmopolit
2011-05-03 22:00:58
коп нерсе жетишпейт...
0
Mikolas
2011-05-04 15:51:53
Кулов и Атамбаев как щука и лебедь, рака не хватает. Экоо тен иштей албайт.
0
№ 443, 29-апрель - 5-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан