«МАГА ЖАН КЕРЕК, БИРОК...»

– Алло! Мага Абдыразаков Ильяз керек эле.
– Ким сурап жатат?
– Мен милициядан чалып жатам.
– Ильяз менмин. Эмне болду, эже?
– Сен жакында Россияга бардың беле?
– Баргам.
– Ал жакка барып эмне косяк кетирип жүрөсүң?
– Эчтеке кылган жокмун.
– Кантип эчтеке кылган жоксуң?! Үч күн камалып чыккан турбайсыңбы.
– М-мм... аны ким айтты сизге?
– Ким айтпай эле, ал жактан сени издөө кагазы келиптир.
– Кандайча? Ал иш бүткөн да...
– Бүтпөптүр, мына, сени издөө кагазы менин колумда турат.
– Мен алар биякка чейин издеп келе тургандай деле эч нерсе кылган жок элем го?!
– Билбейм, кагаз келиптир.
– Эже, эми мен эмне кылышым керек?
– Азыр кел анда, сүйлө­шөбүз.
– Эже, мен азыр бара албайм да. Азыр Караколдомун, бул жакта концертим бар.
– Кызык, эмне, бул иш мага керекпи?
– Анда мен эртең барып сизге жолугайын.
– Эртең эмес, мага азыр керек. Бул жакта менин эмес, сенин тагдырың чечилип жатат.
– Мен кантип концертимди таштап барам?
– Сага концерт керекпи же жан керекпи?
– Жан керек, бирок, мен концертиме барбасам, элди алдаган болуп калып жатпаймынбы.
– Элиңди билбейм. Жаныңдын аманын ойлосоң, азыр саат 3тө келип кал.
– Менин жанымды сиз сактап кала аласызбы?
– Албетте, эгерде 50 миң сом ала келсең. Болбосо, мен сени өзүм россиялык кесиптештериме салып берем.
– Эже, кечирип коюңуз, бирок, өзүңүз укук коргоочу болуп туруп анан минтип акча сурап жатканыңызды кантип түшүнсө болот?
– Эй, балакай, азыр сен билесиңби кайсы заманда жашап жатканыңды? Азыр акчасыз жумуш бүтчү беле?
– Жок, мен бүгүн бара албайм. Мен кимге керек болсом, өзү таап алат.
– “Өзү таап алат” деп жүрүп таманымды өөп жалдырап калба...
– Болдучу, эже, мындай коркутуулар боло берип, мен көнүп калгам. Мен эч кимден коркпойм.
– Мен сени коркутайын дегеним жок. Сенин жаныңдын аманын ойлоп жатам, иничек.
– Рахмат, эже, ошол Россияда камалганымда менден минтип акча сурашкан эмес эле. А сиздин акча сурап жатканыңызга жол болсун.
– Сен азыр Кыргызстандасың да. Сен мага ар кайсыны айтпай келип кал. Калганын кабинеттен сүйлөшөбүз.
– Мен бара албайм, ишим аябай зарыл.
– Эмне, ишенгениң барбы?
– Менин ишенгеним жок, мен өзүмө гана ишенем. Ошондой эле Кудайдан башка эч кимден да корк­пойм.
– “Коркпойм” деп кыйын болосуң да, эне сүтүң оозуңдан кете элек жатып!
– Мен ошончо чоң Россияда жүрүп коркпой, эмнеге өзүмдүн жеримде, өзүмдүн элимде коркушум керек? Силер орто жолдон эле “акча өндүрүп алалы” деп жатат окшойсуңар.
– Ушундай сага окшогон тартипсиз балдардын тартибин оңдоп коюш үчүн акча өндүрөбүз да.
– Ким айтты мени тартипсиз деп? Тескерисинче, сиз тартипсиз болуп жатасыз. Мүмкүн, коррупционер деп сизди каматып жибербейин?!
– Эй, келесиңби же жокпу?
– Мен эмнеге барышым керек? Сизге акча бериш үчүнбү? Мен эмне кылмыш кылсам, тийиштүү адамдар өздөрү таап алышат. Сиз убара болбой эле коюңуз. Болду, менин мозгимди чакпаңыз!
– Ильяз, мозгиңди бир аз чагып коёлу деп газетадан чалып жаттык эле.
– Ой ата, “Супер-Инфодонбу”? Коркуттуңар го, ким айтты силерге менин үч күн камалганымды?
– Уктук да. Кантип камалып жүрөсүң?
– Россияда эч документим жок көчөгө чыгып алыптырмын, милиция кызматкерлери кармап кетип, камап коюшту. Документимди алып, мени тапкыча үч күн өтүп кетпедиби. Мен ырчымын десем же орус туугандар тааныбай уят кылышпадыбы.

Тамашалаган Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 255, 21-27-сентябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан