Кыргыз шоу дүйнөсүнүн горизонтунда өзгөчө стили, үнү бар Каныкей аттуу ырчынын пайда болгонуна көп убакыт боло элек. Мурун аны жеке ырчы катары билсек, эми ал өзүнө таянар тоо таап, төрт жигит менен топ түзүп иштешүүгө киришти.
АЛГАЧКЫ КАДАМДАР...
“Каныкей” долбоору 2006-жылы ишке кирген. Ошол жылы “Смарт медиа групп” компаниясы шоу чөйрөдө кызыктуу долбоорду ишке киргизүүнү пландап, жаштар арасында атайын кастинг жарыялаган. 300дөн ашуун талапкерлердин ичинде азыркы Каныкей да бар болчу. Бирок анда Каныкейдин үнү гана бар эле. Ырчы сүрөттөп бергендей, ал кезде «ботаничкалардай» болуп көз айнек тагынган, такыр косметика колдонбогон 19 жаштагы кыз болчу. Кастингде британиялык поп-ырчы DIDOнун “My lover`s gone” деген ырын аткарып, продюсерлердин назарына түшүп, тандалып алынган.
МУРУНКУ ЖАНА АЗЫРКЫ КАНЫКЕЙ
Каныкей чыгармачылык кадамы тууралуу төмөнкүчө баяндайт:
– Мен өскөн Токмок шаарында элдин жашоо деңгээли төмөн болчу. Чоңойгондо эл катары мугалим болом деп ойлочумун. Азыркыдай чыгармачыл чөйрөгө келип калуу, өсүү-өнүгүү деген үч уктасам түшүмө кирчү эмес. Чет өлкөгө барып окуйм же саякаттап эл-жер тааныйм деген ой такыр жок болчу. Азыр иштешип жаткан жакын адамдар менен таанышып, аралашкандан кийин менде жаңы чөйрө пайда болду. Мектепте окуп жүргөн кезде эле ыр жазчумун, бирок азыркыдай таанымал Каныкей болом деген ой болгон эмес.
“Каныкей” долбоорунда иштеп жүрүп, мен аябай өзгөрдүм. Мурун өзүм үчүн ыр жазсам, эми ырымды, жан дүйнөмдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү, мейли сүйүү, мейли кайгы-муң, толгонуу болсун, баарын элге тартуулап жатам. Бул менин жашоом.
“КАНЫКЕЙ” ДОЛБООРУ ТУУРАЛУУ
Каныкейдин продюсери Мамасадык Багышов долбоор жөнүндө кеп кылат:
– Жаңы бир нерсени чыгарып жатканда эч качан даяр продуктту элестете албайсың. Каныкейдин жаралышы күлдүн ичиндеги күмүштөй эле болду. Күмүш жылтырайт, бирок аны баары көрө албайт. Каныкей кастингге келгенде катардагы эле кыз болчу. Эл арасына кирсе сиңип, аны байкабай деле калмакпыз. Бирок ошол баалуу нерсени татыктуу иштеп чыгуу, өзгөчөлүгүн көрсөтүү, чындыгында, көп эмгекти, убакытты талап кылды. Ошентип отуруп, 2009-жылы Каныкей жаңы образ, стиль менен шоу дүйнөгө кадам таштады.
Мурун Каныкейди жеке ырчы катары таанышса, эми ага профессионал команда кошулду. Команданы аралашма дейбиз. Анткени ар кандай улуттун өкүлдөрү биригип, биздин улуттук колоритти элге таанытууга даяр.
АЛДЫДАГЫ МАКСАТТАР
Бир ырчыга бир продюсер эле жетиштүү деген түшүнүк бизде калыптанып калган эмеспи. “Каныкей” долбоорунун үстүнөн көп адам иштейт. Анын ырлары, стили, баскан-турганы, айтор, ар бир кадамы жетекчилиги тарабынан көзөмөлдөнөт.
Долбоор жетекчилигинин негизги алдыга койгон максаты – Каныкей атын бренд кылып иштеп чыгуу, анын аты менен кыргыз элин, кыргыз тилин дүйнөгө таанытуу. 5 жылдан бери келаткан долбоордун дарагы эми мөмө бере баштады. Каныкей ушул өзгөчөлүгү, таасирдүү ырлары менен “Супер ырчы айым-2010” наамынын ээси болууга жетишти. Ырчы кыздын чыныгы ийгилиги алдыда деп ишенебиз.
Гүлжамал Бөрүкулова