БАЛ-БАЛАКАЙ

Фотосынак

АЙТОКТОРОВ АЙДЕҢИЗ
Апамдын алып тарагын,
“Причёска” жасай салайын.
Сулуу болуп чоңоюп,
Кыздарга көз салайын.

Сурап-билүү телефону: 32-33-26
Урматтуу ата-энелер! «Супер-Инфо» гезити балдардын эң кызыктуу сүрөттөрүнө сынак жарыялайт. Беш жашка чейинки балдарыңыздардын күлкүлүү, кызыктуу сүрөттөрүн кат ар­­кылуу бизге жибериңиздер. Сынактын жыйынтыгын эки айда бир жолу чыгарып турабыз. Жеңүүчүнү белектер күтөт.
Эскертүү: Сапатсыз жана кызыксыз сүрөттөр жарыяланбайт.


ЖАШ CҮРӨТЧҮ
Урматтуу ата-энелер, 7 жашка чейинки балдарыңыздардын өз колу менен тарткан сүрөттөрүн кат же balakai@super.kg электрондук почтасы аркылуу бизге салып жибериңиздер. Кызыктуу сүрөттөр гезит бетине жарыяланып, 2 ай ичинде жеңүүчү аныкталат. Аныкталган жеңүүчүлөр 1-Июнь – Балдар күнүнө карата атайын уюшулган финалдык сынакка катышып, өз өнөрүн көрсөтөт. Эң мыкты деп табылган жаш сүрөтчүнү белек күтөт.


Билип ал

КҮН ЖЕЛЕСИ КАЙДАН ЧЫГАТ?
Билесиңерби, балдар, күн желеси асманда жамгыр жааган соң гана пайда болот. Ал жети түр түскө боёлуп, жаанын формасын элестетет. Түстөр кызыл, кызгылт сары, сары, жашыл, көгүш, кочкул көк жана сыя болуп ирети менен жайгашат. Асманга аны күндүн нуру тартып коёт. Кантип дейсиңерби? Күн нуру жамгырдын тамчысынан өткөндө жети түркүн түстү пайда кылат. Асманга ажайып кооз көрк берип турган күн желеси ошентип жаралат тура.
Келгиле, балдар, силер да ушул түстөрдү ирети менен жайгаштырып, өз алдыңарча күн желесин тарткыла.


Апендинин жоруктарынан

ЭШЕКТЕН ЖЫГЫЛГАНДА
Эшегин чаап бараткан апенди жыгылып түшөт. Карап турган балдар:
– Апенди эшегинен кулап түштү,- деп шылдыңдай башташат. Анда апенди:
– Ай, чыт курсактар! Жыгылбаган күндө да баары бир түшөт элем да,- деп балдарды сөзгө жыгыптыр.

АКЫЛДУУ АПЕНДИ
Падыша апендиден сураптыр:
– Дүйнөдө сообу көп жумуш кайсы?
– Сиздин уйкуда болушуңуз.
– Эмне үчүн?
– Анткени сиз уктап жатканда калк зулумдуктан кутулат, соопко каласыз,- деген экен апенди.


ТАПКАН ТАПАЛАК!
Балдар, коёнек буюмдарын чачып салып, эми таппай жатыптыр. Келгиле, коёнекке жардам берели!
Буюмдар: кнопка, ширеңкенин чийи, өтүк, орок, айры, кашык, балык, тарак, нота жана “А” тамгасы.
Салтанат Мукасова
balakai@super.kg


Жомоктор дүйнөсүндө

АТА БОЛГОН АДАМ ӨЛБӨЙТ
Илгери-илгери даңкы далайга кеткен, бийлиги жердин четине чейин жеткен, өкүмү аткарылбай калбаган, күчтүү да, каардуу да бир падыша жашаптыр. Жылдар өтүп падышанын жашы жүздөн ашат. Ошондо да кайраттан жанбайт, жашоонун кумарына канбайт. Атадан мураска калган алтын тагын баласына да бергиси келбейт, бу дүйнөгө түркүк болчудай, өлбөстүн суусун издейт.
Жигиттерин жер кездирип, мүрөктүн суусун билген мергенчи-уучуларды, өмүрдүн айласын таап, ажалды алыска кууган касиеттүү дарыгерлерди, адамдын акылы жеткисти туюп-билген көзү ачыктарды алдырат. Бирок булардын бири да падышанын талабын орундата алышпайт. Өлбөстүн дабасы жок экендигин айтышат.
– Демек, өлбөстүн дарысы жок экен да...- дейт күрсүнүп падыша.
– Ооба, өлбөстү Кудай жасабайт, сынбасты адам жасабайт,- деген эмеспи...
Мындай ачуу чындык эзели жеңилип көрбөгөн падышанын көңүлүн муюта албайт. Падыша алардын баарын орого салдырат.
Арадан убакыт өтөт. Күндөрдүн биринде падышанын жогорудагыдай жарлыгын уккан бир акылман дербиш жер кезип баратып, падышанын дарбазасын кагат. Дербиш падышага айтар сыры бар экенин туюнтат сакчыларга. Мындай ниетин уккан падыша аны алтын сарайында аземдеп кабыл алат.
Акылман дербиш падыша менен көпкө аңгемелешет. Ошол күнү ал эң кичүү небересинин баласын эркелетип отуруп, дербиш менен алтын чөйчөктөн шарап ичип черин жазат.
– Айт, дербишим. Көптү көргөн жансың, көптү билген акылмансың, менин өлбөй калуумдун сырын айткын...- дейт падыша чыдамы кеткенин билдирип.
– Сиз өлбөйсүз,- дейт ошондо акылман дербиш падышага тике карап. Сиз качан балдарыңыз жана анын баласы, жана анын да балдары, небере-чөбөрөлөрү бүтүндөй баары өлгөндө гана өлөсүз...

(Уландысы кийинки саныбызда)

Сулайман Рысбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kylym
2011-05-13 01:13:50
Суроттогу бойтлйгон соонун бала экен.
0
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан