САГЫНДЫРГАН ЖАЗ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Ал күнү үйгө кеч кайтышты. Бир маалда Данияр ызырына кирип келди.
– Өткөндө Өктөмдү мас кылышып, акчасын саап алышпады беле. Ошонун баарын Мунар уюштуруптур да.
– Кандайча?
– Колобокко барып, “Өктөмдү мас кылабыз. Анан сенин сүйгөн кызың барып жагынып, тийишет. Асылып кучактай баштаганда барып кармап каласыңар. Бир-эки уруп коёсуңар. Андан кийин мен ортого түшүп, силерге акча өндүрүп берем” дептир. Коркутуп-үркүтүп Өктөмдөн 25 миң рубль өндүрүп, анын 15 миңин орустарга, өзүнө 10 миң алып калыптыр.
– Аны сага ким айтты?
– Мага кайнагам Гена айтты. 100 пайыз чындык экен. “Силер туруп берсеңер, бетине коюп берем” деди.
– Акмак го жеткен. Ошондой да итчилик кылабы?..
– Эмне кылалы?- деп суроо койду Самат.
– Чогулуп барып сүйлөшөбүз. Акчасын кайтарып беребиз,- деди Элмырза.
– Ширинбек, сен үйдө кала бер. Биз Тугулымдан балдарды кошуп алып барып келели.
– Жок, мен дагы барам.
Даярданып жөнөп калышты. Самат карагайдын жыгачынын башына кездемеден ороп курал жасап алды. Жолдон дагы 3-4 кыргыз баланы кошуп жетип барышты. Жолдо өз алдынча “ага сөз өтпөйт. Көптөп урабыз, эч ким эч жакка качпайт” деп сүйлөшүштү.
Силер бекине тургула. Биз жыккандан кийин барасыңар” деп Элмырза, Данияр жана Самат болуп дарбазага жакын барып каккылашты. Дароо эле арсылдап үрүп ити чыкты. Бир аздан соң Мунар чыга келди. Ал чыгары менен Самат колундагы карагайы менен башты мээлей күч менен шилтеп калды. Мунар башын калкалаганга жетишпей жерге кулады. Бирок ал да оңой эмес экен, туруп келип Даниярды көмөлөтө койду. Элмырза дөөдөй неме менен жалгыз калды. Алы эч жетпегидей. Ал ортодо бирөө күүлөнүп келип Мунарды бетке тээп калды. Өзүнө келе электе буттарынан кармап жыгып алды жерге. Карашса, Ширинбек экен. Түзүк эле тепкилешип, акыры короого жөлөп отургузушту.
– Эй, ит турбайсыңбы сен! Кыргыздарды тоногонго кантип колуң барды? Эртең Өктөмдүн бардык акчасын кайтарып бересиң!
– Кайсы акчаны? Эшектер, эртең бирден кармап көрсөтөм силерге! Мени урганга кантип колуңар барды?
– Эртең Тугулымдагы бардык кыргыздарды чогултабыз. Бетиңе коёбуз, Өктөмдү орустарга салып берип, акчасын саап алганыңды. Ошондо үйүңдү өрттөп, бул жерден сени кууйбуз. Кафеде орустар менен отуруп алып кылгылыкты кылганың бизге жетпей калат деп ойлодуңбу? Эртең баарын бетиңе коёбуз, эшек,- деп кайрадан көптөп тепкилеп киришти.
Мындай болсо соо калбасын түшүнгөн Мунар “болду, болду, балдар, токтогула. Ооба, баарын мен уюштургам. Кечиргиле. Акчаны кайтарам. Эч ким билбесин бул ишти” деп жалдырап кирди.
– Кыргызстанда болсо бир жөн эле. Бөтөн элде ушундай кылганың айбандык. Башка элдер кандай ынтымактуу?! Тажиктерче жоксуңбу? Өлүп эле калбайсыңбы, жердешиңди саткандан көрө. Өктөм ал акчаны кандай мээнет менен табат?!
– Балдар, кечиргиле. Эртең сүйлөшөлү калганын. Тиги бала ким?- деп Ширинбекти көрсөтүп калды.
– Эмне кыласың анын ким экенин? Ал дагы кыргыз,- деди Элмырза.
– Менин атым Ширинбек.
– Бешенемди сен жара тептиң, а? Спортсмен бала окшойсуң...
– Спортсмен да. Жүрү кеттик, балдар. Эртең сүйлөшөбүз бул менен,- деп Элмырза балдарды баштап жөнөп калды.
Данияр айланып балдарды бир карап алды да:
– Эй, ончакты болуп келбедик беле?
– Силерди Мунар жыга коюп жатканда эле алар качып кетишкен,- деп күлүп калды Ширинбек.
– Айтпа. Сен болбогондо ал кайра өзүбүздү сабап жөнөтмөк. Көрдүңбү көлөмүн? Дөөдөй. Азамат, кыйын мушташат экен­сиң,- деп мактап калды Данияр.
Үйгө келип, жатып калышты. Кызуу уйкуда жаткан Ширинбекти Самат буттан тартып ойготуп:
– Жүрү, пилорамага барып келеличи. Бир орус картошка берем деген.
Арга жок туруп, бетин жуубай эле кошулуп жөнөдү. Самат велосипед айдап, ал аркасына учкашып алды. Жетип барышса, Ахмед араа курчуткан Василийди жерге жаткырып алып тепкилеп жатыптыр. Аларды көрмөксөн болуп велосипедди зуулдатып айдап өтүп кетишти. Алысыраак жерге туруп алышып кино көргөндөй карап турушту.
– Эй, карасаң, бетке тээп жатат,- деди Ширинбек.
– Аяп коёбу анан, ичип жоголуп кетсе. Араалар курчутулбай жатса.
20дан ашуун адамдын көзүн­чө Ахмед топтой кылып тээп, “сасыган чочко, дагы жоголосуң­бу? Сен үчүн иш токтоп калды” деп бакырып жатты. Жанында турган орустар Василийди өзү иштеген жерге алып кирип камап коюшту.
Ахмед басып келип:
– Эмнеге келдиңер?
– Картошка алганы келдик.
– А жакшы. Эс алгыла. Кечинде тиги чочкону чыгарбагыла,- деп басып кетти.
Такта ташып иштеген орус велосипедине жарым каптан ашык картошка артып келди.
– Картошка канча килограмм?
– 30 килограмм.
Ал үчүн 100 рубль берди да, үйгө жөнөп кетишти. Орус да унчукпай алып алды.
– Самат, тиги Василий ушунча тепки жегенден көрө иштебей эле койбойбу?
– Ээй, Ахмед бардык иштеп жаткан орустарды байлап алган өзүнө. Ар бирине 50-60 миң рублдан карызга акча берип койгон. Кутулмайынча кетишпейт эч жакка. Кутулайын дегенде дагы карыз берип коёт. Болду, анан жүрө беришет. Ахмед карышкыр да.
Аңгыча Ширинбектин телефону шыңгырап калды. Таң атпай ким чалып жатат деп караса, бейтааныш номур экен. Алса, бирөө унчукпай тура берди. Дагы коңгуроо келди. Алса, унчукпайт. Кайра-кайра чалат, унчукпайт. Табышмактуу адам ким экен?.. Сүйрөлүп үйгө келишсе, короонун алдында Мунардын машинасы туруптур. Экөө эмне болуп кетти экен деп шашыла жетип келишти. Короодо Элмырза Мунар менен сүйлөшүп отуруптур. Мунар бети-башын таңып алган.
– Келчи, үкөм, жакындан карап алайын сени. Эч кимден сеникиндей катуу сокку жеген эмес болчумун. Бутуң дагы эле көз алдымда турат,- деп Ширинбекти карап күлүп койду.
Тиктеше түшүштү.
– Сүйлөштүк да. Мен кеттим анда.
Мунар чыгып кетти. Самат Элмырзаны карай:
– Биз силерди дагы мушташып жатабы деп коркуп кеттик. Эмне дейт бул кыйын?
– Эмне демек эле? 30 миң рубль таштап кетти, “Өктөмгө берип койгула” деп. Анан түшкө жакын үйүнө чакырды. Бизди сыйлап кой соёт экен.
– Ох, эт жейт экенбиз да. Азыр эле бара бербейлиби? Этти өзүбүз эле бышырат элек.
Шашкалактаган Ширинбекти таң кала караган Самат:
– Мээң ордундабы? Ошонун үйүнө барып эт бышырасыңбы? Дөөдүрөбө, уктуңбу?!
Экөө тамашалаша күрөшүп кетишти. Күлүп жатып эле Самат жыгылып калды. Кагынып, экөө эки жерге отуруп калды. Саматтын мыкты күрөшкөнүнө таң калган Ширинбек:
– Машыгып жүрүпсүң, ээ, күрөш менен?
– Ээй, үкөм, 2-класстан бери күрөш менен машыгам. Жалал-Абадда спорт мектепте окугам. Шоктук кылып, аяктабай калгам да. Болбосо азыр карагайлар менен күрөшпөй, чоң мелдештерде жүрмөкмүн.
– Сендей таланттар ушинтип талаалап жүрөт да. Мен да кичинемден күрөшөм. Бир тойдо торпок уткам,- деп мактанып алды Ширинбек.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Залкарбек Карабалаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aku
2011-05-09 09:46:10
jakshyyyy.telefon chalyp unchukpai koigonu atasy okshoit.
0
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан