АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Айлам кете курьерди тиктеп калдым.
– Түшүнсөңүз, мен болгону жумушумду аткарып жатам. Заказды өз ээсине жеткире албасам, акчалай айып салынат.
Не дейсиң мындайда! Айла жок, кол коюп, кооз кагазга оролгон белекти алып кала бердим. Ошол эле залда урнага таштап салгым келди. Бирок каш серпе кантер экен деп тиктеп турган кесиптештердин алдында анте албадым.
Кабинетке алып келип белекти ачсам кутуда укмуш кооз чайнек, эки кичинекей чынысы менен турат! “Азамат, сен мага күндөн күнгө жагып баратасың. Жараткан, көрсө, акыл да берген экен. Аялда акыл менен сулуулук айкалышканда ымм-ммм... Кандай гана сексуалдуулук жаралат! Экөөбүз жолугар күндүн элеси мени кандай эрдиктерге түртүп жатканын билсең эле. Мобу белек сенин коллекцияңдын башталышы болсун. Рестораныңдын биринчи коногу болгум келет...”
Ресторан ачуу идеясын Элдардан башка кимге айттым эле? Аселге, дагы? Башка эч кимге айтпаптырмын. Бу шайтан алгыр менин ойлорумду окуйбу? Же эмне, мага тыңшоочу аппарат жайгаштырып койгонбу? Кандайдыр коркунучту күткөн сезим дагы денемди каптады. Кой, Элдарга айтпасам болбос. Шашып чыгып баратып ачык жаткан коробканы тиктеп калдым. Кымбат баалуу. Кытай фарфоруна абдан кызыгам. Андыктан мындай буюмдун баа-баркын жакшы эле билем.
Үйгө жагымсыз ойлордун кучагында келдим. Адатта, Элдар бул маалда келип калчу, бүгүн кечигип жатты. Жүрөгүм туруп-туруп эле тыбырчылап чыгат. Өзүмдү алаксытуунун амалында Искен менен кечке ойнодум. Менин балакайым чоң жигит болуп, кадимкидей тамгаларды тааный баштады. Абдан зирек.
– Апа, качан Арстан таякем менен сүйлөштүрөсүң?
– Атаң келсин, балам. Мен айтпадым беле, алыскы Америкага чалганды билбейм, атаң гана чала алат деп. Өткөндө экөөң сүйлөштүң го, ошол жеткен жокпу?
– Сен калп айтасың. Телефон чалган оңой эле. Номерин жазып сактап койсоң болду, ошол жетет. Мени алдап турасың.
– Балакай, сени неге алдамак элем? Чын эле, таякеңдин номерин жатка билбейм. Абдан узун сандар. Атаң кыйын да, ал жакшы жаттайт. Азыр уктай турган маал келди. Барып колу-бутту жууп келип уктайбыз, макулбу?
– Менин жанымда жатасыңбы?
– Ооба, сага жомок да айтып берем.
– Йесс!
Кубанычы толуп-ташкан балам жүгүргөн бойдон жөнөдү. Бала экен да, азыр эле сурап турган таякесин заматта унутту. А мен. Унута албай жатам. Жок, баягы эски дарт эмес, башка жаңы илдет пайда болгондой. Илдет да эмес, тынчсыздануу. Деги тынч болгой эле. Уф, Элдар кайда жүрөт? Телефону да өчүк.
Таң калычтуу, адамдын жүрөгү муштумдай эле болот дешет го. Анан ошол муштумдай жерге арман-азап, кубаныч-бакыттын баары батат. Жамандык-жакшылыкты да биринчи болуп жүрөк сезет. Бекеринен тынчсызданбаптырмын. Арстан... Бир жаш баланы куткарам деп өзү машинанын астында кала жаздаптыр. Азыр ооруканада экен. Элдар түн ортосунда келди. Өңү купкуу.
– Паспортуң жаныңдабы?
– Ооба, эмне болду, тынччылыкпы?
– Эртең Москвага учабыз, андан АКШга.
– Эмне? Арстан? Не болду, Элдар, айт не болду?
– Отур, отур дейм.
Башым тегеренип, алсырай отуруп калдым.
– Айтчы, эмне болду?
– Тынч эле. Арстан кырсыктап калыптыр. Жолго тобун кубалай чыккан баланы машина уруп кетерде куткарып калыптыр.
– Өзүчү?
– Өзү деле аман. Бир аз жаракат алган экен, ооруканада жатат. Жанараак эле сүйлөштүм. Жакшы элемин дейт.
– Дагы канча күтүшүбүз керек?
– Эмнени?
– Эмнени болмок эле, самолётту да!
Кудай, аман-эсен айыгып кетсе экен. Так, эмне алышым керек? Паспорт, телефон, тиш щётка, ич кийим. Элдардыкын да салуу керек.
Ары-бери жүгүрүп заматта жолго сумканы дайындай салдым. Дагы бир жумуш жасоо керек. Азыр Элдардын маңдайында тиктешип отурууга болбойт! Отурсам эле өңгүрөп ыйлап жиберем. Болбойт, өзүңдү карма, Айдай, өзүңдү карма! Так, саат канча болду? Үч.
– Самолёт канчада?
– Таңкы саат алтыда.
М-мм, дагы үч саат. Таптым, ваннага! Элдардын жанында думугуп отурганча жок дегенде бир саатты ваннада өткөрүүгө болот. Шашып халатымды алып жөнөп калдым.
– Айдай...
– Оу.
– Шашпа дейм. Азыр түн ортосу го, ваннага кирип эмне кыласың? Жакшысы, бир аз уктап эс алып ал.
– Койчу, ансыз деле самолётто уктаганга туура келет. Мен азыр. Сен жатып эс ала бер.
Суунун бир калыпта чыккан үнү, чачтарымдан, далымдан ылдый сызылган тамчылар да мени тынчыта албай жатты. Кудай, өтүнөм, жалынам, жалбарам, Арстанды аман калтырчы. Ал жаш. Ал абдан жакшы адам. Өзүнүн теңин тапсын, балалуу болсун. “Атамдын, апамдын деле мээримин кыйратып көрбөдүм. Ата-эне ажырашса, экөөнүн мамилеси келишпесе, балада не күнөө? Атам менен апам бири-бирине таарынып, өчөшүп жүрүп мени далай жолу капа кылышты. Апам атамдан кеткени менден кабар алып, ал-жайымды сураган жок. Атам болсо бир стервага үйлөнүп алды. Ошончо жыл мага кылган жакшылыгы – акча жагынан өксү кылбады. Бирок уулум деп кучактап, башымдан сылаган жок. Айдай, биз эч качан ажырашпайбыз. Таарынышсак да балдарыбызга билдирбей таарынып-жазылабыз. Балдарыма атамдан, апамдан ала албаган мээримди берем” дечү. Арстан ошол тилектерине жете элек. Кудай, суранам, анын тилектерин ишке ашыр, суранам. Ал абдан мээримдүү ата, камкор күйөө болот. Эч кимге зыян келтирбейт. Суранам, аман калтыра көр. Суунун майда тамчыларыбы же көз жаш жүзүмдү жууп жатабы?
Мындайда убакыт өтпөй, кыбырап туруп алат. Аэропорттордо көп эле күтүп, тажагам. Бирок мынчалык зарыга күткөн эмесмин. Каттоонун башталышы эле өзүнчө тозок болду. Чыдабай отуруп-туруп, ары-бери басып жатып Элдардын да жинин келтирдим. Акыры башталды, каттоосу. Учакка чыгып, жайгашып орун алгандан кийин күткөнүмчү! Стюардессалар ары-бери басып, тамашалашып деле шашып коюшпайт.
– Уф-ф, дагы канча күтөбүз?! Дагы кичине отурсак, мен жинди болуп кетем!
Эки колум менен бетимди жаап алып сүйлөнүп кирдим.
– Аман-эсен Москвага жетели, анан ал жакта да күтүүгө туура келет. Коньяк ичесиңби?
– Сен эмне, мазактап турасыңбы? Азыр коньяк ичип отурчу заманбы?
– Тынчтансын деп жатканым го.
Коньягын да ичтим, болбоду. Акы­ры Москвадан Бостонду көздөй жөнөгөнүбүздө каршы болгонума карабай Элдар уйкунун дарысын ичкизип койду. Оорлошуп бараткан кирпиктеримди жумбаска аракет кылып канча алыштым, билбедим. Мени учактын капитанынын коңур үнү ойготту. Сыртта абанын температурасынын канчалыгынын мага кандай кызыгы бар? Эртерээк консок, эртерээк Арстанга жетсек болгону.
Дагы адамды зарыктырган каттоо, кезек күтүүлөр.
– Ушундай иштерди тездетүүнүн амалын тапса болбойбу?
– Тез өтсө болот. Ал үчүн сен экөөбүз атайын кызматта иштешибиз керек. Жок, эң оңой жолу премьер же президент болушубуз керек.
Башка маал болгондо жылмайып алмакмын. Бирок азыр тамашалашып отурууга менде дарман жок. Элдардын көңүлү үчүн болсо да жылмайып койгонго жарабадым.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жазгүл Калыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
aku
2011-05-09 10:28:27
oii oshoncho kynalbai telefonuna chala kalsa bolboit bele?Eldar suiloshtum debedibi kalp ele kyinala berbei ununn ugup koiso kichine ozuno kelmek da,anan tragedya kylyp obu joktonboi
0
meerime
2011-05-10 03:34:11
kyinalyp jatyp ele bir seriyasy butup kaldy go..
0
janarik
2011-05-10 10:57:08
дагы канча кутобуз,качан бутот.Журогум сыгылып кетти
0
Kylym
2011-05-10 14:13:25
Кооптон жазгылачы
0
Batken
2011-05-14 16:53:05
Чириген бай го Элдары ,эки кундун биринде эле чет жака уча беришет ,Кыргызстанда андай байлар жок болсо керек чыгарманын мотиви чыныгы жашоодон эмес ко бара -бара "лажасы "кобоюп барат э
0
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан