АРЫКТАГЫСЫ КЕЛГЕНДЕРГЕ ДИЕТА
Ашыкча салмактан арылуунун жолдорунун бири бул – диета. Мунун көптөгөн түрлөрү бар. Мисалы, жалаң быштак жеп же шире ичип арыктоо. Бүгүн кээ бирлерин сунуштайбыз.
АРАЛАШ ТАМАКТАН ТУРГАН ДИЕТА
Диетаны 7 күн кармагандар 3-4 килограммга арыктай алышат.
8:00. Нанүштө – сулу акшагынын үстүнө кайнак суу куюп бир аз демдесе, ботко даяр. Кааласа ага алма, жемиштерди кошсо болот. 50 грамм йогурт же быштак жегенге уруксат.
10:00. Экинчи нанүштө – 2 алма же 1 мандарин, же башка жемиш.
12:00. Түшкү тамак – сууга бышкан майлуу эмес 150 грамм эт (же балык, же тоок эти), 1 жумуртка.
16:00. Алма же 2 мандарин.
18:00 (же 19:00). Кечки тамак – жашылча салаты, майсыз айран. Сууга бышкан 1 жумуртка жегенге уруксат.
БАНАН, СҮТ ДИЕТАСЫ
5 күндүн ичинде ашыкча 2,5 килограммдан арылууга болот. Болгону, бир күндө 6 банан, 3 стакан сүт ичүү керек.
КҮРҮЧ ДИЕТАСЫ
7 күндө 3 килограмм салмак ташталат. 3 маал сууга бышырылган күрүч желет (кичине тарелка менен). Буга эртең менен сууга бышкан 1 жумуртка, түштө 100 грамм майлуу эмес тоок эти кошулат. Кечинде күрүчкө 1 помидор кошуп жейм десе, өз эрки.
МАНДАРИН ДИЕТАСЫ
Аталган диета менен 5 күндө 4 килограмм менен коштошууга болот.
Нанүштө – 1 чыны кофе же 1 чай кашык бал кошулган чай.
Экинчи нанүштө – сууга бышырылган 1 жумуртка, 4 мандарин.
Түшкү тамак – сууга бышырылган майлуу эмес 120 грамм эт (тоок эти болсо терисин сыйрып салуу кажет), 1 тарелка ачытылган капуста же жашылча салаты.
Түш оогондо – сууга бышырылган 1 жумуртка, 4 мандарин.
Кечки тамак (кечки саат 6дан кеч эмес) – сууга бышырылган майлуу эмес 120 грамм эт, 1 тарелка жашылча салаты.
БЫШТАК ЖАНА АЙРАН ДИЕТАСЫ
3 күн ичинде 2 килограммга чейин арыктоого мүмкүн. Мында бир күндө 5 ирет тамактануу керек. Ар жолкуда 150 граммдан быштак желип, 200 граммдан айран ичилет.
АЙРАН ДИЕТАСЫ
Аталган диета менен 3 күндө 2-2,5 килограмм менен коштошууга болот.Болгону, бир күндө 1 литр айранды бөлүп-бөлүп ичип, жашылчаларды каалашынча жегенге болот.
ЭСКЕ АЛ!
-
Диета кармоодон мурда дарыгерден кеңеш алуу зарыл. Бул өнөкөт оорулардын козголбошунун же курчуп кетпешинин алдын алат.
-
Оорум жок дегендер да организмине доо кетирип албоо максатында врач-диетологго кайрылып, кеңеш алуулары кажет.
-
Диета учурунда күнүгө 1,5-2 литр суу ичүү керек. Суу денедеги шлактарды, ашыкча суюктуктарды чыгарып, арыктаганга жардам берет.
_______________________________________________________________
Элдик медицинадан
АЧУУ БАДАМДЫН КАСИЕТИ
Бадам ачуу жана таттуу болуп экиге бөлүнөт. Сыртынан экөө окшош, бирок ачуу бадамдын данеги ачуу болот. Ал кээ бир ооруну айыктырууга салым кошот.
-
Терини чымыр, өз калыбында жакшы кармоого жардамы чоң. Демек, бадамды дамамат өлчөмү менен колдонсо, адам жаш көрүнөт.
-
Дайыма башы ооруп жүргөн адам ачуу бадамга уксус кошуп, абдан эзип башына чаптаса, оорусу басылат.
-
Бадамды жеп жүрсө көрүү да жакшырат, жөтөл басылып, какырык чыгат.
-
Бал менен кошуп жесе, боордун иштеши жакшырат.
-
Майдалап жанчып, сууга кошуп чачты жууса, какач кетет. Бадамды эзип туруп териде пайда болгон тактарга басса (маска), так жоголот.
-
Ачуу бадамды майдалап эзип, сыр же шарап кошуп дененин кычышкан жерлерине (аллергияга эмес) сүйкөсө тып басылат.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
mandarin chin ele jardam beret, men 2-3 jumada 7 kg ga aryktadym =)
Кечки саат 6 дан кийин эле тамак жебей ар кандай момо жемиштерди жеп курсакты алдап жатып алсаныз эле арыктайсыз.Бирок арыкташ учун адам озун-озу психологиялык жактан даярдоо керек.б.а мен созсуз арыктайм деп,же озун арык сезип стрестен качуу керек.Себеби ачууланган убагында адам тамакка адаттагыдан да коп басым жасайт экен.
Оба Асельдики туура, мен дагы мандарин диетасы менен 3 неделяда бир отоп арыктадым
Кыздар кенеш учун рахмат, мен да мандарин диетасын колдонуп коройун анда
Менин кенешим э, арыктоонун бирден бир жолу- кунуно 2 литрден кем эмес таза минералдык суу ичуу. Эртен менен туруп 1стакан муздак мин. суу ичуу керек да 15-20 мин кийин тамактанса болот. Тамак ичип 1 саат(!) откондон кийин кайра суу ичуу керек. Кийинки тамак экоонун ортосу 3-4 саат.
Мен ушинтип бир топ арыктадым. Кожага дагы жакшы. Бетин жылмакай болуп калат:)
Men baardyk turun koldonup kordum,birok jyiyntyk chykpai jatat!
МЕН ЭРТЕНДЕН БАШТАП АЙРАН ДИЕТАСЫНА ОТОМ
ashat_neo, сизге эскертүү!
Баш тамгаларды грамматикалык эрежеге ылайык колдонуу керек.
Tamak-ash sodasyn koldonup da aryktasa bolot eken go,dieta emes. Kim toluk joobun bilet,dostor?
Кенешинерге чон рахмат жыйынтыгын диетадан кийин кором.
Туугандар мен да арыктагым келотат дагы кимде кандай кенеш бар.
диета кармагандан кийин коп кыймылдап спорт мененда машугу керек
Менден дагы бир кенеш. Адамда кыймыл-аракет азайганда семирип кетет экен, демек ошону эле тескерисинче жазасак арыктоого мумкун, эн биринчиден кыймыл аракетти кобойтуп, адамдын озундо мен сосуз арыктайм деген ишеним болуш керек... Ар бир адамдын организими ар кандай болот да, менин организимиме айран диетасы жакты, аябай жакшы жыйынтык берди.