Негизи, сахна адамдарын макияж менен көрүп жүрүп көзүбүз жатыгып калган. Аларды макияжы жок да бир карап көрбөйлүбү?..
НАЗМИ, ырчы
“Упаны көп колдоном. Себеби жүзүмдө бир аз сепкил бар. Мындан арылуу үчүн пилинг жасатып да көргөм. Бул нерсе ген аркылуу берилгендиктен, оң натыйжа берген жок. Күн ысыгандан тарта күндөн сактоочу бет майларды калтырбай колдоном”,- дейт Назми. Бирок ырчы кызыбыз бекер эле кабатырлангансыйт. Себеби күн жүздүү өңүнө майда сепкилдер көрк кошору көрүнүп турбайбы.
ЗАРИНА ХАСАНОВА, ырчы
Сүрөткө түшкөнү келген Зарина кашы капкара, эриндери кыпкызыл болуп отуруп калды. Таң калган биз “эч кандай боёксуз түшүшүң керек” десек, “ой, мен атайын боёнбой келбедимби. Табияттан эриндерим кыпкызыл, ал эми кашыма айла жок, татуаж” деп бизди жылмайтты. Ырчы сөз арасында Америкага болгон сапарында 300 долларга косметика каражаттарын ала келгенин кошумчалай кетти. “Көп боёнбойм, бирок жанымда упа менен помада жүрөт” деген Заринанын жүзү мынакей.
ЖАНЫМ АЙЗАТ, ырчы
Айзат эч боёнбоду дегенде да бир аз эндик жана түзсүз помада сүртө коёт. Анткени стилисттер ырчы кызга “эндиктин жардамы менен жайык бетти ичке кылып көрсөтсө болот” деген кеңеш беришкен. “Курбуларымдын арасында өтө шайыр кызмын. Бирок боёнуп алганда кадимкидей өзгөрүп, токтоо айымга айланып, кенен-кесир күлө албай калам. Ошондуктан көп боёнбойм” дейт Айзат.
Нурайым Азыкбаева, ырчы
“Косметика каражаттарынын ичинен помада жакын “досум”. Түрдүү түстөгү 60тан ашык помадам бар” деген Нурайым жарашыктуу боёнгонду жакшы көрөт. Бирок жигитине жолугууга жеңил макияж менен барат. Анткени жигити көп боёнгон кыздарды жактырбайт экен.
АЙНУРА САЛАХИДИНОВА, ырчы
Шоу-бизнес чөйрөсүндө “аппак кыз” атка конгон Айнурага өзүнүн кара торулугу анча жага бербейт экен.
ЮЛЯ РУЦКАЯ, ырчы
“Сулууну сулуу кылган суу” демекчи, редакцияга боёнуп келген Юля макияжын жууп салары менен кулпуна түштү. Өзүңүз көрүп тургандай, ырчы кызыбыз боёксуз эле күйөрмандарды топтой алары күмөнсүз. “Жасалма кирпик чаптабайм, өзүмдүкү эле музоонукундай” деген жөпжөнөкөй Юля назарыңыздарда.
ЭЛИЗА КЕНЕНБАЕВА, ди-джей
Тамылжыган жүзүнөн жылмаюу кетпеген Элиза өзгөчө көздөрүнө көп көңүл бурат. Өзүнүн айтымында, көчөгө сөзсүз боёнуп чыкканга аракет кылат. Бирок “кээ бир айымдарга окшоп күзгүнүн алдында эки саат эзилбей, 10 мүнөттүн ичинде боёнуп чыгып кетем” дейт.
ЖАНАРА АТАБЕКОВА, алпаруучу
“Ой, азыр боёнмок тургай, наристем менен алек болуп, кеч киргенин билбей калып жатам. Негизи, мен 7-класста эле боёно баштагам. Бирок макияжсыз деле көчөгө чыгып кете берем. Нарындан болгондугумданбы, бетим тамылжып, кызарып турат. Ошону жашыруу максатында упа колдоном”,- дейт Жанара айым. “Төрөттөн кийин айымдар жашара түшөт” деген чын окшойт, муну Жанара эжебиздин макияжсыз сүрөтү айгинелеп турбайбы.
Жылмайып коюңуз!
Эки дос маектешип отурушат. Бири экинчисине:
– Билесиңби, мен кечээ кандай супсулуу кыз менен тааныштым?! Көрсөң шилекейиң чууруйт!
Анда экинчиси:
– Көп мактанбай коё тур. Алгач ошол чүрөгүңдү мончого түшүрүп, анан мактансаң жарашат.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg