ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Ливия

КАДДАФИ ПУТИНДЕН ЖАРДАМ СУРАДЫ
1-майда НАТОнун аба күчтөрүнүн Баб-эль-Азизия резиденциясына багытталган чабуулунда Каддафинин алтынчы уулу Сейф аль-Араб (сүрөттө) жана үч небереси набыт болду. Оппозиция өкүлүнүн маалыматына таянсак, бул операция Каддафинин өзүн жок кылууга багытталган, бирок ал жабыр тарткан эмес.
Ал эми өткөн аптанын алтынчы күнү Каддафи согушка катышып жаткан тараптар ынтымакка келүүгө макулдугун беришсе, ал жетектеген ливиялык армия куралдуу кагылышууларды токтотууга даяр экендигин билдирген. Ошондой эле мамлекетин таштап башка жакка качып кетпей мамлекетин коргоо үчүн күрөшө бере тургандыгын белгилеген Каддафи Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путинден АКШ менен НАТО күчтөрүнүн согуштук аракеттерин токтотуп, ынтымакка келүүгө ортомчу болуп берүүсүн суранды. Буга улай ынтымакка келүүгө макул эместигин кабарлаган оппозиция өкүлдөрү “Каддафинин режимине эч ким ишеним артпайт, ынтымакка келүү убактысы өткөн. Ал бийликте калышына эч кандай жол жок” дешет.

Түркия

ТӨШӨК ОЮНУНАН ЧЫККАН ЖАҢЖАЛ
Түркиянын «Улуттук кыймыл» партиясынын эки депутаты Раджаи Йылдырым жана Метин Чабаноглу сойкуларга баргандыгы үчүн ээлеген кызматтарынан четтетилип, алдыдагы 12-июнда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу укугунан ажырашты. Сойкуларга баргандыгы тууралуу жашыруун камера менен тартылган видеотасма интернет булактарында пайда болгон.
Видеотасмада эл өкүлдөрү сойкулар менен саясат, шайлоо жана төшөк жаатындагы суроолор боюнча сүйлөшкөндүктөрү, ошондой эле төшөк оюндарына катышкандыктары түшүрүлгөн. Аталган саясатчылардын жеке жашоосуна аралашкан деген негизде прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бирок прокурордун мындай кадамы эл өкүлдөрүнүн кызмат ордунда калуусуна жардам бере алган жок.

Пакистан

ТАЛИБДЕР “ӨЧ АЛАБЫЗ” ДЕШҮҮДӨ
1-майда АКШ менен Пакистандын биргелешкен операциясынын аркасында жок кылынган Усама бен Ладендин төгүлгөн каны үчүн «Техрик-э-талибан Пакистан» кыймылы өлкөнүн президенти Асифа Али Зардариден, пакистандык аскерлерден жана америкалыктардан өч алуу максатында теракттарды уюштурабыз дешүүдө. Алар: “Эми Пакистандын башкаруучулары менен аскерлери биздин биринчи бутабыз, ал эми америкалыктар экинчи бутабыз болмокчу”,- дешет.
Учурда бул билдирүүдөн кийин АКШнын Пакистандагы элчилиги катуу кайтарууга алынып, өлкөнүн аскер күчтөрү жана атайын кызматтын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштей баштады.

АКШ

ИТТИ КЕМСИНТКЕНДИГИ ҮЧҮН
СОТ ЖООБУНА ТАРТЫЛАТ
АКШнын 25 жаштагы жаранына “полициянын итин кемсинткен” деген айып тагылууда. Себеби полициянын офицери Брэдли Уолкер жол кырсыгы катталган жерде териштирүү жүргүзүп жаткан учурда итинин катуу үрүп жатканын угуп, шашылып келгенинде күлкүлүү окуяга туш болот. Жаш жигит унаанын жанына туруп алып, анын ичинде отурган ит менен ырылдашып үрүп жатканын көрүп, эмне болуп жатканын сураганда тиги жигит “ит биринчи баштады” деп жооп берген.
Брэдлинин айтымында, жаш жигит мас абалында болгон. Бирок итине мындай мамиле кылганына жинденип, ал жигитти убактылуу кармоочу жайга камап, анын үстүнөн кылмыш ишин козгогон. Соттук иштин жүрүшүндө жигиттин актоочусу: “Силер ит менен мындай сүйлөшүүнү туура же туура эмес дейсиңерби билбейм, бирок кандай болсо дагы, бул – сүйлөшүү. Ал ушундай жол менен сөз эркиндигине болгон конституциялык укугун пайдаланды”,- деди. Ал эми полициянын иттерин кемсинткендер ири өлчөмдөгү айып пул же 2 айга чейин эркинен ажыратылары мыйзамда көрсөтүлгөн. Соттун өкүмү кийинки соттук отурумда чыгарылат.

Швейцария

МУАММАР МЕНЕН МУБАРАКТЫН БАНКТАГЫ ЭСЕПТЕРИ АЧЫКТАЛДЫ
Швейцариянын өкмөтү банкта сакталган Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин 415 миллион долларын, Египеттин экс-президенти Хосни Мубарактын 470 миллион долларын тоңдуруп койду. Биздин качып кеткен президенттердин да аталган өлкөдөгү банкта акчалары сакталганы белгилүү.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Looks
2011-05-10 10:11:56
Туркиянын депутаттары андай болсо, биздин Текебаев кандай болот? Кызык....
0
KDM
2011-05-10 16:09:56
bizdin tekebaev andaydi moyundabayt ko
0
Bekos
2011-05-14 12:40:47
Депутаттар деле адам да. Алар деле конул ачкылары келишет, сойкуларга барышат дегендей...
0
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан