УЭЙН ШРЕК РУНИ

Биздин бүгүнкү каарманыбыз Уэйн Руни – дүйнөлүк футболдун жаркын жылдыздарынын бири. Түрү суук футболчулардын алдыңкы сабынан орун алып, Шрек лакап аты менен белгилүү. Божомолдонгондой эле “Манчестер Юнайтедден” Криштиану Роналду кеткенден кийин лидерлик милдетти аркалай баштады.

УЭЙН МАРК РУНИ
Туулган жылы – 1985-жыл, 24-октябрь
Туулган жери – Ливерпуль, Улуу Британия
Бою – 178 сантиметр,
салмагы – 78 килограмм
“МЮнун” чабуулчусу, катар саны – 10
Жетишкендиктери – “МЮнун” курамында Англия Премьер Лигасын 3 ирет (2007, 2008, 2009), Англия Лигасынын Кубогун 2 ирет (2006, 2009) жана Англиянын Суперкубогун 2 ирет (2007, 2008) уткан. 2008-жылы УЕФАнын Чемпиондор Лигасы менен клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугун жеңип алган. 2003-жылдан бери Англиянын курамында 70 оюн өткөрүп, 26 гол киргизсе, “МЮнун” формасы менен майданга 317 ирет чыгып, 145 жолу айырмаланган.
Үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы.
Учурда Чешир графтыгында жашайт.

КӨЧӨДӨ ЧЕЧИЛГЕН ТАГДЫР
Теги ирландиялык болгон Уэйн Руни Ливерпуль шаарынын Крокстет аймагында туулган. Ал кезде Уэйндин атасы Томас жумушчу, ал эми апасы Жанетт мектеп ашканасында ашпозчу болуп эмгектенчү. Карапайым чөйрөнүн өкүлдөрүнөн турган үй-бүлөдө футбол талкуу болуп, чакан мамлекеттин эки өкүлү тең жергиликтүү футболдук клуб “Эвертонго” жан тартышчу. Мындай жагдай Рунинин спорттун бул түрүнө ыкташы төгүн жерден эмес экендигинен кабар берет. Уэйнди топ менен алгач атасы тааныштырып, жаш чагында белек кылган. Болочок футболчу ошол күндөн тартып топтун артынан түшкөн.
Жаш жеткинчек 9 жашка чыкканда көчөдө футбол ойноп жүргөн жеринен “Эвертондун” “чалгынчысы” Боб Пендлетондун көзүнө илинет да, жаштар командасына чакырылат. Кашкөйлүк, аракетчилдик жана тубаса таланты аны алгачкы жылдардан тарта ийгиликтерге жетелей баштаган. 14 жашында 19 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында Англиянын кубогу үчүн болгон мелдеште мыктылыгын далилдеп, 8 оюнда 8 топ киргизет. Жыл айланбай Англиянын 16 жашка чейинкилерден турган жаштар курамына кошулат. Мындай өсүш аны жерге калтырбайт эле.
2002-жылдын апрель айында “Эвертондун” курамында “Тоттенхэмге” каршы оюнда Англия Премьер Лигасында дебют жасайт. Көп өтпөй Англиянын улуттук курама командасына чакыруу алып, биринчи жолу Австралияга каршы оюнда (2003-жылдын 12-февралында) майданга чыгат. Муну менен ал Англия курама командасынын тарыхындагы эң жаш оюнчу болуп, Жеймс Прайнсептин 124 жылдык рекордун жаңылайт. Андан соң Англия Премьер Лигасынын “эң жаш дебютчусу”, “эң жаш гол киргизүүчүсү” сыяктуу бир катар рекорддорго “кол коёт”.

ФЕРГЮСОНДУН КЫЛТАГЫ ЖЕ СҮЙГӨН КЛУБДУ “САТУУ”
2004-жылы Свен-Еран Эрикссондун жетегинде Англия курама командасы менен Португалияда өтүүчү Европа биринчилигине сапар алат. Мелдеш алкагында 4 гол киргизген Уэйн мекендештери менен чейрек финалдан ары өтө албай, мекенине кайтууга аргасыз болот.
Бул учурда мекенинде аны кезектеги бийиктик күтүп турган. Ага чейин эле беделдүү клубдардын талашына түшүп келген Уэйн “Манчестер Юнайтеддин” тажрыйбалуу башкы машыктыруучусу сер Алекс Фергюсондун укуругуна түшөт.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында трансфер 31-августта ишке ашып, баасы 40 миллион долларды түзгөн. “МЮнун” стадиону “Олд Траффорд” жаш талант Руниге анын кыялындагыдай багынган. Ал УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында түркиялык “Фенербахче” менен болгон оюнда аталган стадиондун босогосун аттаган. 6-2 эсебинде үй ээлеринин пайдасына чечилген бул оюнда Шрек 3 ирет айырмаланып, стадионду “үч көтөргөн”. Ал эми өз клубун “сатып” кеткенин “Эвертондун” күйөрмандары азыр да сөгүү менен кабыл алышат. 2008-жылдын октябрь айында “Эвертон” менен болгон оюнда “МЮнун” эмблемасын өөп, коомчулукту, анын ичинде эски клубунун күйөрмандарын дагы бир ирет иренжиткен.

ОБУ ЖОК ЖОРУКТАРЫНАН
Руниге Шрек аты келбетинен эле эмес, орой мүнөзүнөн улам да ыйгарылган. Калыстардын айтымында, Шрек оюндун жүрүшүнө көптөгөн ыңгайсыздыктарды туудурат. Кези келгенде атаандаштарды уруудан, сөгүүдөн жана каршылаш команданы опузалоодон кайра тартпайт.

Криштиану Роналдуну циркач кылган. 2006-жылкы Дүйнө чемпиондугунда Англия-Португалия беттешинде оюндан четтетилет. Буга калыска түшүндүрүп жаткан Криштиану Роналдуну түртүп жибергени себеп болгон. Андан тышкары португалиялыктын оюнун цирк көргөзмөлөрү менен салыштырган.
“МЮдан” кетем деп... Өткөн жылдын октябрь айында ал “МЮдан” кетүү тууралуу оюн билдирген. Бул жоругун ал соңку мезгилде команданын бедели түшкөндүгү менен түшүндүргөн. Кызыл ажыдаарлардын Англия Премьер Лигасында лидерлик сапка кайтып келиши аны оюнан кайтарып, кечирим суроого мажбур кылган.
Түз эфирде да сөгүнөт. 2-апрелде кошумча киреше булагы болгон Британиянын “Sky” телеканалы Руни менен келишимин үзгөн. Себеби “Вест Хемдин” дарбазасына киргизген үчүнчү голунан соң камерага карап сөгүнгөн. Оюн эрежесине жатпаган мындай кылыгы үчүн ал командасынын эки оюнун сырттан күзөтүүгө мажбур болот.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ
Руни жубайы Колин Маклафлин менен орто мектепти аяктап жаткан жылы таанышкан. 6 жыл сүйлөшүп жүрүп, 2008-жылы баш кошушкан. Арадан 1 жылдан кийин жаш түгөйлөр уулдуу болушуп, ага Кей Уэйн Руни деген ысым ыйгарышат.
Рунинин АКШнын Флорида штатында да үйү бар. Үй-бүлө кожоюну, ата болуу анын токтолушуна жардам бере алган жок дешет. “Дагы да болсо жалгыз бой аялдар, жаш кыздар менен көңүл ачып келет” деген маалыматтар бар. Дагы бир айта кетчү нерсе, 2006-жылдын апрель айында “The Sun” жана “News of the World” басылмалары Руни болочок жубайын түнкү клубда катуу сабаганы тууралуу маалымат тараткан. Соттун маалыматты төгүнгө чыгарышы менен Уэйн 140 миң долларга ээ болот. Бул акчаны Руни кайрымдуулук иштерине жумшаган.

РУНИ – ЛИДЕР...
8-майда Рунинин командасы Англия Премьер Лигасында чемпиондун тагдыры чечилүүчү беттеште “Челсиге” каршы турат. Оюнда Уэйн негизги көзүр катары колдонулуп, оюн тизгинин колго алмакчы. Жылдагыдан маанилүү болгон бул сезондо “МЮ” чемпион атала турган болсо, Лига алкагындагы эң көп чемпион болгон командага айланат.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Руни белгилүү боксчу Рикки Хаттон менен достук мамиледе. Бирок Хаттон “МЮнун” эмес, “Манчестер Ситинин” күйөрманы.
  • Рунинин денесинде Just Enough Education To Perform (Аткаруу үчүн билим гана жетиштүү) деген татуировка бар. Ал сүйүктүү музыкалык тобу “Стерофоникстин” (“Stereophonics”) альбомунун аталышы.
  • Рунинин жолун жолдогон кичүү иниси Жон учурда “Эвертондун” жаштар курамында ойносо, ортончу иниси Грем бокс менен машыгат.
  • 2006-жылдан тарта футболчунун өмүр баянын камтыган 2 китеп жарык көргөн.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жылдыздар жөнүндө - Футболчу Уэйн Шрек Руни
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
ismail
2011-05-10 18:32:22
Руни малочик. Эн жакшы, талантту ойунчулардын бири. Келечекте кайталангыз голдорду жарата берсин.
0
Aidarskiy
2011-05-13 14:08:16
ITALIYA - Champion!!!
0
maksatumetov
2011-05-14 15:52:47
Rooney champion 2011
0
leo10
2011-05-25 02:21:41
руни конечно круче ойнойт ,финалда коробуз месси менен рунин ойногонун, бирок месси руниден алыстап кеткен ал номер 1
0
erik06068
2011-06-24 11:25:15
Уейн легендарный футболист.Рыжий Шрек... Так держать..
0
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан