ТЕРРОРЧУ УСАМА бен ЛАДЕНдин СӨӨГҮ ЖЕРДЕН ЖАЙ ТАППАДЫ

АКШда 2001-жылдын 11-сентябрь күнү болуп өткөн окуяга чейин дүйнөлүк коомчулук Усама бен Ладендин ким экенин деле билишчү эмес. Бирок соңку он жылдын ичинде бул адамдын ысымын планетада укпаган адам калбады. Ушул аптада №1-террорчунун америкалык аскерлер тарабынан өлтүрүлгөндүгү айтылды.

БАШКЫ ТЕРРОРЧУНУН СӨӨГҮ ДЕҢИЗГЕ ТАШТАЛДЫ
Америкалык жалпыга маалымдоо каражаттары 2-май күнү “Аль-Каида” уюмунун лидери Усама бен Ладендин өлтүрүлгөнүн кабарлашты. Операция учурунда бен Ладен үч кабаттуу чоң үйдө жашап келгендиги белгилүү болгон. Лидерден сырткары анын уулу жана үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрү да көз жумушту. Ошентип, акыркы он жылдан ашуун убакыттан бери издөөдө жүргөн бен Ладен 45 мүнөттүк операцияда көз жумду. Башына атылган октон каза болгон №1-террорчу ага кол салуу учурунда келинин "жандуу калкан" иретинде пайдаланууга аракет жасады дешүүдө.
Жаңылык жарыялангандан көп өтпөй АКШнын президенти Барак Обама №1-террорчунун чындап эле америкалык аскерлер тарабынан көзү тазаланганын тастыктады. “Биз 2010-жылдын август айында бен Ладендин изине түшкөнбүз. Так жайгашкан жерин бир апта мурун билдик. Чалгындоонун маалыматына таянып, Усама бен Ладенди өлтүрүү боюнча операцияны өткөрүүгө макул болдум. Ал менин жетекчилигимдин алдында Пакистандын борбору – Исламабадга жакын жайгашкан Абботтабад шаарында башталып, операциянын жүрүшүндө америкалык аскерлер бен Ладенди жок кылышты”,- деди Обама.
Эң башкы террорчунун сөөгү ДНК тестинен өткөрүлүп, чын эле бен Ладен экени далилденген. Орусиялык маалымат агенттиктери Усама бен Ладендин сөөгү Арабия деңизине чөктүрүлгөнүн жазып чыгышты. АКШ бийлигинин өкүлдөрүнүн маалыматына таянсак, “Аль-Каида” лидеринин сөөгү мусулмандардын жөрөлгөсүнө ылайык, бир күндүн ичинде жерге берилген. Ал эми деңиздин тандалып алынышы бен Ладендин мүрзөсүнүн аймагы ислам дининин өкүлдөрү үчүн зыярат кылуучу жайга айланбасын деген максаттан чыккан. Ошондой эле бир да өлкө анын сөөгүн кабыл алууга уруксат беришпегендиги айтылды.
Белгилей кетчү жагдай, операциянын жүрүшү жана сөөктү жашыруу учурлары сүрөткө алынып, видеого тартылганына карабастан, бул материалдар өтө жашыруун болгону үчүн жарыяланган жок.

“УСАМАНЫН ӨЛГӨНДӨГҮ СҮРӨТҮ – ЖАСАЛМА”
"Аль-Каиданын” лидери өлдү” деген маалымат таратылган соң ага күбө катары террорчунун каза тапкандан кийинки фотосүрөтү жарыяланды. Бирок монтаждоо тармагынын адистери бир ооздон муну жасалма дешүүдө. Алардын айтымында, бети канга боёлгон адамга Усама бен Ладендин сүрөттөрүнөн сакал-мурутун жабыштырып коюшкан. Мындан улам анын каза болгондугу тууралуу маалымат да түрдүү түкшүмөлдү жаратпай койбойт.
АКШнын бийлиги террорчулардын өч алуусунан чочулап, дүйнөнүн төрт бурчунда жайгашкан элчиликтеринин коопсуздугун күчөттү. Жашыруун маалыматтарды кеңири жайып сенсация жаратуу менен атагы чыккан Wikileaks сайты өткөн аптада “Аль-Каида” уюмунун жетекчилеринин бири Халид Шейх Мухаммеддин тергөөдөгү көрсөтмөсүн жарыялаган. Ал колго түшкөн соң: “Эгерде Усама бен Ладен өлтүрүлүп же туткунга алына турган болсо, анда “Аль-Каида” атом бомбаны жардырат. Бомба Европадагы өлкөлөрдүн биринде жашырылган” ,- деген.
Мындай коркутуп-үркүтүүлөргө карабастан, АКШнын эли, айрыкча жаштары көчөлөргө чыгып, башкы террорчунун каза болгонуна байланыштуу майрамдашууда. Ал эми Барак Обаманы "терактты жеңген баатыр" дешип, аны экинчи ирет президенттик шайлоого карата чоң упай топтоду дешүүдө.

АКЧАСЫН АЯБАГАН ДЕМӨӨРЧҮБҮ ЖЕ ЖӨН ГАНА ИДЕОЛОГБУ?
Дүйнөнүн эң коркунучтуу кылмышкерине айланган бен Ладенге түрдүү мүнөздөмө берип келишет. Кээ бири аны атасынан мурастап калган акчасын чачкан бирөө десе, дагы башкасы аны террорчу эмес, болгону, уюмдун идеологиясынын негиздөөчүсү деп айтышат. Дүйнөлүк коомчулуктун 2001-жылдын 11-сентябрына чейин эч кандай “Аль-Каида” жөнүндө маалыматы жок болчу. Аны АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы (ЦРУ) дүйнөлүк коомчулукка тааныткан. Ушул убакытка чейин аталган орган “Аль-Каида” жөнүндө маалымат таратуучу жалгыз булак болуп келет. Буга Пакистандын экс-президенти Первез Мушаррафтын 2002-жылы берген маеги далил. Ал: “11-сентябрга чейин биз талибдер жөнүндө гана угуп калчубуз. Бирок каргашалуу күндөн кийин бүт дүйнөнү курчоосуна алган “Аль-Каида” чыга келди”,- деген. Айрым маалыматтарга ылайык, дал ушул ЦРУнун жардамы менен Усама бен Ладен 1989-жылы “Аль-Каида” (араб тилинен которгондо “негиз”, "маалымат топтому" дегенди билдирет) уюмун түзгөн.
Айтмакчы, ЦРУнун мурунку кызматкерлери жалпыга маалымдоо каражаттарына берген маектеринде “бен Ладен – Вашингтондун тыкыр ойлонуп тапкан жөө жомогу. Анын күчтүүлүгү жана таасирдүү экендиги болбогон кеп” деп айтышкан. 1983-1993-жылдар аралыгында террорчулукка каршы ишмердик боюнча АКШнын мамдепартамент жетекчисинин орун басары болгон Ларри Жонсон: “Ак үйдүн администрациясы бен Ладенди өзүнчө бир мусулмандардын супербаатыры кылып алган”,- деп айткан. Ал эми ЦРУнун мурунку кызматкерлеринин бири Милтон Бирден: “Вашингтон аны “коомчулуктун №1-душманы” кылып, акыркы он жылдагы бардык теракттарды Усаманын моюнуна шектүү жолдор менен жүктөй салды”,- деген.
“Аль-Каиданын” лидерин батыштагылар “бөө” көрүшкөнү менен, араб дүйнөсү Кудайындай сыйлашат. Бул аймактын көбүнесе жаштары бен Ладенди кумир тутуп, уулдарына анын ысымын ыйгарууну өзүнчө жөрөлгөгө айлантышкан. Буга кандайдыр бир деңгээлде анын кайрымдуулук иштери да көмөкчү. Себеби Усама бен Ладен мусулман дүйнөсүнүн жакыр адамдарына жардам берүү менен оозго алынган.

ПАКИСТАН ЭМНЕ ҮЧҮН ҮН КАТПАДЫ?
Пакистандын президенти Асиф Али Зардаринин айтымында, “Аль-Каида” уюмунун лидерин жок кылууга Пакистан түз катышпаса да, бул операциянын ийгилиги АКШ менен Пакистандын узак мөөнөттүү кызматташуусунан келип чыккан. “Биздин өлкө террорчулукка каршы турганы үчүн чоң зыянга учурады. НАТОнун бардык жоготууларын кошуп келсек да, биз көбүрөөк аскерлерди жоготтук. Террорчуларга каршы күрөшүүдө 2 миңдей полиция кызматкери каза болсо, андан сырткары эч кандай күнөөсү жок 30 миңге чукул карапайым адамдар өлтүрүлдү”,- деди Зардари.
Вашингтон Пакистанга расмий ыраазычылык билдиргенине карабастан, ага тиш кайрагандар да жок эмес. Алсак, АКШ Конгрессинин ички коопсуздук боюнча комитет башчысы Жозеф Либерман: “№1-террорчу Усама бен Ладендин ошол жакта жашап жүргөнүн Пакистандын бийлиги Америкага чындап эле билбегендигин тастыктап берүүсү керек”,- деди.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

  • Толук аты-жөнү – Усама бен Мухаммад бен Авад бен Ладен.
  • 1957-жылы 10-мартта Сауд Арабиянын Жидда шаарында туулган.
  • Анын атасы ири курулуш тармагынын магнаты, өтө бай адамдардын бири болгон. Усама бен Ладен атасынан 250 миллион доллар мурас алган.
  • 50дөн ашуун бир туугандын ичинен жетинчиси. Атасынын онунчу аялынан төрөлгөн жалгыз уул.
  • Ладендин максаты батыштын таасири жок эркин жана адилеттүү ислам мамлекеттерин түзүү болгон. Ал өзүнүн биринчи катардагы душманы деп АКШ менен Израилди баса белгилечү.
  • 2007-жылы АКШнын Сенаты №1-террорчунун башы үчүн 50 миллион доллар сыйлык берерин жарыялаган.
  • Усама бен Ладен бою узун (1 метр 95 сантиметр) жана арык (75 килограмм) киши болгон. Сологой экендиги жана дайыма таяк менен жүргөнү айтылат. Ошондой эле арабдардын ак чалмасын башынан түшүрбөй ороп жүрчү.
  • Ал бир гана араб тилинде сүйлөгөн.
  • Ислам динине абдан берилген адам болгон. Террорчу лидердин жан сакчысы Насер аль-Бахри анын өтө эмгекчил экендигин айткан.
  • Бен Ладен беш жолу үйлөнгөн. Анын 17 уулунун ичинен экөө – Хамза менен Саад гана “Аль-Каиданын” иштерине аралашкан.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Abylai
2011-05-10 11:24:37
Менимче куноосуз адамдарды Америка олтурду деп ойлойм. Бен Ладен мусулмандарга коппп жакшылык сооп иштерди кылчу экен
0
ismail
2011-05-10 19:54:39
Ушул каракчыны жок кылганы чын эле болсун да.
0
kyrgyzka
2011-05-11 16:28:37
Ай Алтыным Абылай Бен Ладен мусулман аялдарга бомба байлап жардырып ошол еле озунун мусулман элин, сооп иш жасабаса дагы емне сооп иш жасады? Дуйно жузуно мусулман калкын террорчылар кылды ошол.
0
Abylai
2011-05-11 17:00:43
Kyrgyzka сиз экообуз билбейбиз . Элестетип корсон бизде эле жакшы адамдар , элге кызмат кылган(сооп иштерди) жок кылып коюп атпайбы. уккан кулакка ишенбениз, коруп суйлосонунз . Америка бийлиги ошолор жаман иштерди жасайт го. Билсек бизде чоннннннннннн долясы бар . Ото таза кыйын болгон учун аны алар №1 террорист атап койду го
0
Sara
2011-05-11 23:59:49
Amerikanyn duinodo akyrky 100 jyldyn ichinde bolgon ar bir chyr chatakka, ar bir sogushka katyshyp kanchalagan adamdardy olturgonun nege ech kim aitpait. Egerde bilsener ben laden ozunun mynday anti amerikalyk saiasatym afgan sogushuna katyshyp, alardyn musulmandarga kandai mamilesin korgondon kiyin bashtagan.
0
akylbekkg
2011-05-12 01:24:09
Бул жон эле Американын Ислам динине жазаган пропагандасы. Алар дуйно жузуно ислам динин жаман коргозуу алардын башкы максаты!Sara туура айтат кайсы жерде согуш болбосун Америка журот го катышып ! же айта аласынарбы азыр Америка Авганистандагы базасын терроризимге каршы курду деп? жоок алар наркобизнес учун гана азыр ал жакты ээлеп турат,булардын максаты болок!
0
Abylai
2011-05-12 10:25:25
Sara,akylbekkg ни толугу менен кош колдоп колдойм
!!!
0
pearle
2011-05-12 11:40:21
Bul babniktin aiynan kancha degen bei kunoo adamdar kaza tapty!!! Dagy besh ayaly bar imish.Amerikany da Ben Ladendi da aktoogo olboit!!!
0
faiz
2011-05-12 11:58:46
Ben Laden al bolgon kiwibi. SRU nun murdaki kizmatkerleri aytsa alar tuura ele aytsa kerek. Amerika biyliginin oylop tapkan figurasi dep.
0
Jalkoo
2011-05-12 14:05:33
АКШдан копту кутсо болот
0
Abylai
2011-05-12 14:06:59
Жашасын ыймандуулр!!!
0
Аида
2011-05-13 03:16:17
Эн жаманы террорчулардын ИСЛАМ динин жамынып алып ушундай иштерди кылып жаткандыгы болуп жатат.Акыретти ойлобойт ко булар.
0
adiiiiiiiiiii
2011-05-13 09:36:18
Usama ben laden bul bizdin kozur musulmandar alga ALLOHU AKBAR
0
UvE
2011-05-14 14:19:36
Бен Ладен мурда эле олтурулгон болушу мумкун, себеби, бул АКШдагы президенттик шайлоонун алдында озуно Обама упай топтоо менен жургузгон операциясы.Б.а. Ладендин азыркы олтурулгон суроту мурда тартылган, жаш учуру, ишенбесенер http://www.youtube.com/ кирип салыштырып корсонор, ошондо так далилдеген эксперттер. А Бендин олгонго чейин да суроту бар, сакалы, чачы ак тартып бир топ айырмаланат олгондогу суроту менен салыштырганда. Кыскасы, олгондогу жарыялаган суроту чынында монтаждалганы билинет!
0
2011-05-15 03:08:05
Жаль, что он умер....
0
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан