«МЕНИН СЫРЫМ СЕН БИЛЕСИҢ, БУЛУТУМ...»

Көз кубантып, дил толкуткан сулуулукка кимдер баш ийбеген. Кылымдын өчпөс жылдызы Таттыбүбү Турсунбаеванын каза болгонуна быйыл 30 жылга аяк басат. Дарегине жакшы да, жаман да кептер айтылды. Ошого карабай өз баасынан бөксөрбөй да, кемибей, эл оозунда айтылып келет. Ошол сулуулуктун символу биздин сүрөт баянда.

ТАТТЫБҮБҮ КИМ?

Учкан жылдыз! Батыштан чыгышка же чыгыштан батышка бир укмуштай алоосу жанып, кайып учкан жылдыз.
Ал табышмак! Ким экенин көрүп эле турасың, билип эле турасың, бирок жандырмагын тил менен айтып берүүгө болбогон табышмак.
Таттыбүбү ким? Ыр! Кайсы акындын тилинде кандай үнгө салсаң да миң кубулжуп көркүнө чыгып турат.
Таттыбүбү ким? Миң эркектин жүрөгүн жаралаган... Миң эркектин карегинде катып калган... Миң эркектин эч кимге айтпас эсил сыры, миң эркектин көз жашы!
Таттыбүбү ким? Ушак! Көрбөгөндөр көргөндөй айтат. Укпагандар уккандай айтат.
Таттыбүбү ким? Чындык! Анткени ал пенде. Миңдеген адамдардын катарында пенделик милдетин өтөгөн. Баланын энеси, күйөөнүн жубайы.
Таттыбүбү ким? Жомок! Уламыш! Миңдеген таланттардын дүрмөт отун тутандырар очок, бүтпөгөн поэма, чоң искусство.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
mikasik
2011-05-09 18:27:42
Таттыбубу...сулуулук дуйнону сактап калат дегени туура белем?!...
0
Bazis
2011-05-09 19:01:57
Таттыбубудой талант бир келет. Аны убагында эчким билген эмес, барктаган да эмес.
0
Juma5
2011-05-10 00:07:37
Кызы кайсыл кинону ойногон айттып койунуздарчы?
0
GulyaJ
2011-05-10 02:14:23
Tattibybyhyn kizi ;Maxabat dastani kinosynda Begimaidin rolunda.Abdan sylyy eken ozym korgom anda men jash bolchym Mashirbek yilonot degen spektakl bolchy kadimkidei Mashirbekten kizgangam.Al saxnaga chikkanda byt erkekter ishkirip kiykirip ele kalishkan
0
arlekino
2011-05-10 11:52:21
Мынча сулуу эх чиркин тируу болгондо...
кызы Асель Барктабасовго тийген кундо деле энесинин жолун улантып кетсе болмок деген окунуч ...
0
aminali
2011-05-11 01:59:41
ЖУМА5, Раймалы менен Бегимай деген кинону көрсөңүз,Бегимайды аткарган кыз.
0
akylbekkg
2011-05-13 00:32:07
Aminali "Раймалы менен Бегимай"кино эмес "Махабат дастаны " деген кинодо тартылган
0
saltane
2011-05-13 13:03:31
таттыбубудой таланттын кайра жаралышы учун дагы жуз жыл керек го? ошондо да ким билет кыргызгы жаралабы же?
0
aliya-leyla
2011-05-14 11:11:59
Асель Эшимбекова бир эле "Махабат дастанында" эмес, "Махабат закымдары" деген кинодо да ойногон.
0
Bekos
2011-05-14 12:48:59
Кыргыз кыздарынын сулуулук символу - Таттыбубу...
0
gulzarali
2011-05-15 22:58:38
Таттыбубу унутулгус тарыхый актриса!Анын кино дуйносуно кошкон салымы чон.Таланты да сулуулугу да бар эле.
0
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан