«БАНГКОК ХИЛТОН» ОКУЯСЫ КАЙТАЛАНДЫБЫ?

Тасма көп учурда тагдырдан алынып тартылат эмеспи. “Бангкок Хилтон” аттуу тасманы көрсөңүз, жогорку окуяга эрксизден окшоштурасыз.

ЧЕМОДАНДАГЫ КАПКАН
Кетрина өлдү деген атасы аман экенин билип, аны табуу үчүн изилдөөлөрдү жүргүзө баштайт. Лондондон Австралияга учуу алдында аэропорттон Арки аттуу фотограф жигит менен таанышып калат. Мамилелери келишкен экөө сапарды чогуу улантууну чечишет. Ошол күндөрү Кетке Арки чемоданы менен фотоаппарат белек кылат.
Кетрин каттарды окуп, атасы тууралуу жиптин учугун Таиланддан табат. Таиландга учуп келишери менен полициянын иттери шимшип жүрүп Кеттин фотоаппарат салган чемоданын табышат. Көрсө, Арки белек кылган фотоаппарат салган чемодандын ичине героин катылган экен. Ал жолдон кыздар менен таанышып, аларды баңгизат алып өтүүчү курал катары колдончу тура.
Кетрин Лунгжао шаарындагы Бангкок Хилтон аталган чоң түрмөгө камалат. Түрмөнүн катаалдыгы ушунчалык, анын аман чыгышына эч ким кепилдик бере албайт. Кеттин атасы Стэнтон жана адвокат Карлайл аны алып чыкканга бардык күчүн жумшашат. Бирок баары ийгиликсиз...
Таиланд соту Кетринди өлүм жазасына буюрат. Акыркы үмүт түрмөдөн качып чыгуу болчу. Бирок кантип? Көрсө, Кетриндин атасы Стэнтон дагы мурун ушул түрмөгө түшүп, качып чыккан экен. Ошол жолдун схемасы менен тоннель аркылуу Кетрин качат. Кийин ал фотограф Аркинин изине түшөт. Ал кезектеги курмандыгы менен Индияда жүргөн жеринен кармалат.

ТҮРМӨНҮ ЖАРНАМАЛАГАН ФИЛЬМ
Бул 6 сериядан турган көркөм тасма 1989-жылы экранга чыккан. Башкы ролду актриса Николь Кидман аткарган. Тасманын сюжетин Бангкок Хилтон түрмөсүндө жаткан бир адамдын күндөлүгүнөн алышкан экен.
Фильм чыккандан кийин дүйнө жүзүндөгү атактуу түрмөлөрдүн катарына Бангкок Хилтон да кирген. Бул түрмө 30 жылдан ашык мөөнөттө курулуп, 1931-жылы толук бүткөн. Башында 3-4 миң адамга ылайыкталып курулса, учурда 8 миңден ашык кылмышкерлер бар. Тайлыктар бул түрмөнү “Чоң арстан” деп аташат. Анткени “Чоң арстанга” камалган адамдын тирүү чыгышы аз кездешет. Аталган абакта өлүм жазасына буюрулгандар же 25-30 жылдан ашык жаза мөөнөтү барлар отурушат. Бангкок Хилтондо 2003-жылга чейин кылмышкерлерди атуу менен жазаны ишке ашырышса, азыр атайын укол сайып өлтүрүшөт.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Melis-Aruuke
2011-05-09 21:56:35
Оной эле олтуруп коюшат экен да.
0
19zamir87
2011-06-10 17:08:50
жакшы кино экен мен көрбөптүрмүн.кызыгып калдым..
0
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан