Өткөн жылдын 28-октябрында Индонезиядагы аэропорттордун биринен 21 жаштагы Жибек аттуу мекендешибиз баңгизат менен кармалган. Бул тууралуу жакында гана маалым болуп, айыпталуучунун өзү курмандыкка айланганын айтууда. Учурда он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кыргыз кызын оор жазадан алып калуу айласы көрүлүп жатат.
АЛГАЧ ЖУРНАЛИСТТЕР КАБАРЛАШТЫ
Үстүбүздөгү жылдын 27-апрель күнү индонезиялык журналист Закы Ямани Индонезиянын Бадунг шаарындагы түрмөгө иш боюнча барып, ал жерден кыргыз кызына жолугуп калган. Журналист Кыргызстандагы кесиптештерине кабарлап, аны “Азаттык” биринчи обого алып чыккан.
Жибек тууралуу айта кетсек, ал Бишкек гуманитардык университетинин кытай тили багыты боюнча 5-курста окуп жаткан. Анан кандайча Индонезиянын абагына түшүп калганы тууралуу КРнын Малайзиядагы элчилигинин кызматкерлерине төмөнкүчө маалымат берген.
2000 ДОЛЛАРЛЫК АЗГЫРЫК
Жибек Бишкекте Бен аттуу африкалык мырза менен таанышып калат. Бен ага Кыргызстандан Малайзияга баштыктардын үлгүлөрүн жеткирип берүүнү сунуштап, акысына 2000 доллар бермек болгон. Макул болгон Жибек 2010-жылдын октябрь айында Малайзиянын борбору – Куала-Лумпур шаарын көздөй учат. Айтылган жерге жеткенден кийин Бен баштыктардын үлгүлөрүн Индонезиянын борбор шаары – Жакартадагы өнөктөштөрүнө алып барышы керектигин айтат. Белгиленген шаарга баратканында Бадунг шаарынын аэропортунда текшерүү учурунда жүгүнүн ичинен 1 килограмм героин табылат.
Камакка алынган Жибек сурак учурунда жүгүнүн арасына баңгизат жашырылганын билбегендигин айтып, Индонезиянын полициясы менен иштешүүгө макул болот. Жибек Жакартанын полиция кызматкерлери менен андан баштыктарды алып кетүүчүлөргө чыгууга аракет кылат. Бирок 3 күн ичинде ага эч ким байланышка чыкпайт. Ошентип, Жибек ортодо курмандыкка айланат. Индонезияда баңгизатка байланыштуу кылмыштарга катуу жаза (анын ичинде өлүм жазасы да бар) чектелсе да, айыптоочулар Жибектин тергөөгө көмөк көрсөтүүгө макул болгондугун эске алып, аны 17 жыл түрмөгө кесүүнү суранышууда.
АКЫЙКАТЧЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Окуя тууралуу акыйкатчы Турсунбек Акун төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Жибекке биздин бере турган жардамыбыз – иштебей жаткан Тышкы иштер министрлиги башында турган мамлекеттик органдарга коңгуроо кагып, иштетүү. ТИМ бул окуяны жарым жылдан бери билсе да, же бизге, же башка органдарга айтпай отура бергени туура эмес. Тилекке каршы, буга чейин 3-4 соттун жыйыны болуптур. Өкүм чыгарып коюу коркунучу бар. Ал жакта баңгизат менен кармалгандарга көбүнчө атууга өкүм чыгарылат.
6 айдан бери унчукпай, иштиктүү жардам бербей, туугандарына кабар бербей, кат жөнөтүп коюп гана отурушкан ТИМди, ИИМди, прокуратураны ызылдатып баштадык. Биз коомчулукка жарыя кылгандан кийин президент баш болуп “жардам беребиз” дешип билдирүү жасай башташты. Азамат Кайбалиев деген Малайзиядагы кыргыз элчилигинин үчүнчү катчысы Бадунг шаарына учуп кетти. Аны Индонезиянын ТИМинин кызматкерлери тосуп алып, керектүү жардамдарды бергенге аракет кылышат. Мындан сырткары ал жактын акыйкатчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Алар Жибектин түрмөдөгү абалы, кыйноо көргөн жокпу, тамак-ашы кандай, ушул сыяктууларга жардам берип, бизден барган ТИМдин кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышмакчы.
Бен дегени Бишкекте жеке ишкерлик менен алектенип жүргөн Түштүк Африка Республикасынын жараны болуп чыкты. Бен Жибекти алдап, «болсо болду, болбосо...» деп садага чапкан окшойт. Жибек акчага азгырылып, алданып калган шекилдүү. Өкүндүргөнү, Кыргызстан менен Индонезиянын ортосунда укуктук көмөктөшүү тууралуу келишим жок. Андыктан Жибекти Кыргызстанга кайра алып келүү оор, ал тургай мүмкүн эмес. Бен учурда издөөдө. Башкы прокуратура анын үстүнөн иш козгогон.
“АТАМ ТААНЫБАГАН КОТОРМОЧУ ЖАРДАМ БЕРИП ЖАТАТ”
Жибек Сакееванын үй-бүлөсү тууралуу айтсак, атасы кайтыш болгон. Апасы Орусияда иштеп жүрөт. Апасынын мындай окуядан али кабары жок. Экинчи агасы Туратбек карындашына колдон келген жардамын берүү үчүн аракет кылууда.
– Карындашым бейчеки баспаган, беш убак намаз окуган кыз эле. Анын баңгизат ташышы мүмкүн эмес болчу. Бен жана Диалетта дегендерге алданып калган болуш керек. Жибектин кармалып жаткандыгын агам экөөбүздөн башка эч ким билбейт. Сарсанаа болбосун деп апабызга да айткан эмеспиз. Бул убакка чейин тууган-уруктарыбыз да билбейт эле, эми ММКлар аркылуу угуп-билип калышса керек. Былтыр ноябрда милиция кызматкерлери агама Жибектин түрмөгө түшүп калганын кабарлашыптыр. Анан агам мага айткан. Ошондон бери барбаган жерим калган жок. Баары эле бири-бирине жөнөтүшөт. Бен менен Диалетта дегендер мурун да ушундай жол менен Кыргызстандын эки жаранын карматышкан экен. Алардын бири Кытайдын түрмөлөрүнүн биринде отурат деп уктум.
“АБАКТА ЖИБЕККЕ ЖАКШЫ МАМИЛЕ КЫЛЫШАТ ЭКЕН”
– Индонезияда Мики Салман деген котормочу мени карындашым менен байланыштырып, ага моралдык да, акчалай да жардам берип жатат. Бул жактын тийиштүү органдары кылбаган ишти атам тааныбаган котормочу жасап жатат. Мен да анча-мынча тыйын-тыпыр жөнөтүүдөмүн. Жибекке ал жактын түрмөсүндө жакшы эле мамиле кылышат экен. Тил үйрөтүүчү курстарга барып араб жана жергиликтүү тилдерди үйрөнүп жатыптыр. Жакартадан жактоочу келип, карындашымдын ишин эч кандай акы албай кароодо.
Жибектин тагдыры ММКларга чыгып, акыйкатчы көмөктөшө баштагандан кийин гана тийиштүү органдар аракет кыла башташты. Азыр укук коргоо кызматкерлери Жибекти “подстава” кылды деп шектелген Бенди жана Түркмөнстандын жараны болгон Диалетта аттуу айымды издебей эле, мен өзүм аракет кылып жатам. Карындашымдын Альбина аттуу курбусу анча-мынча нерселерди билет экен. Анын билгендери жөнүндө укук коргоо кызматкерлерине айтсам, алар аракет кылышпады. Альбина азыркы тапта Жибекке жардам берүү үчүн банктан атайын эсеп ачууга аракет кылып жүрөт. Эгер жардам берүүчүлөр табылып эсепке акча которулса, карындашымдын керегине жарап кетет беле.
ЖИБЕКТИН ТАГДЫРЫН МИНИСТРЛЕР ЧЕЧЕБИ?
Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Индонезияда баңгизат менен кармалган кыргызстандык Жибек Сакееванын тагдыры май айынын акырында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда талкууланат. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 25-майда Жакартага сапар алганы турат. Анда Индонезиянын министри менен эки өлкө ортосундагы кызматташтык менен катар, абакта отурган кыргыз кызынын абалы тууралуу сүйлөшүүлөр болмокчу.
Алдамчылардын тузагына илинип, оор күнгө туш болгон мекендешибиздин бул балээден аман чыгышын тилейли.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg