КЫЛЫМДЫН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮ

Ханзаада Уильям сүйүктүүсү Кейт Миддлтон менен 2011-жылдын 29-апрелинде баш кошту. 29 жаштагы ханзаада Уильям Артур Филипп Луис тойдон кийин ханыша чоң энесинин буйругу менен Кембридж герцогу, Стратерн (Шотландия облусу) графы, Каррикфергюс (Түндүк Ирландия району) барону болуп калды. Уильям – Ханзаада Чарльз Уэльский менен анын биринчи жубайы – ханбийке Диананын уулу, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин небереси.
Кэтрин Элизабет эми Кембридж герцогинясы. Бирок ак сөөктүн тукуму болбогондуктан, ханбийке титулу ыйгарылган жок. 29 жаштагы Кейттин апасы Элизабет стюардесса, ал эми атасы Майкл авиадиспетчер болуп иштеген. 1987-жылы үй-бүлө «Party Pieces» аттуу компания түзүп, анын артынан миллионер болушкан.

ТОЙДУ КӨРҮҮЧҮЛӨР

  • Дүйнөдө. Телевидениеден түз берүүнү бир эле убакта дүйнөнүн түркүн бурчунда жашаган 2 миллиарддан ашык адам көрө алды.
  • Англияда. Британиянын борборуна тойду көрүүгө миллионго жакын туристтер келишкен. Алардан тышкары миңдеген жергиликтүү жашоочулар да чыгышты. Букингем сарайынын алдында ММКлар үчүн лагерь уюшулган. Анда Британиядан жана дүйнөдөн бардыгы болуп 8 миңден ашык ММК кызматкерлери болушту.

2 МИҢГЕ ЖАКЫН КОНОК КЕЛДИ
Баары биригип тойго 1 миң 900 конок чакырылган. Алардын ичинде ханзаада менен колуктунун достору жана туугандарынан тышкары 40тан ашык өлкөнүн аттуу-баштуулары (алардын ичинде Бельгия, Дания падышалары, Монако князы, Сербия өлкө башчысы жана башкалар бар).
Атактуулардан: футболчу Дэвид Бекхэм аялы Виктория менен, маркум ханбийке Диананын жакын досу Элтон Жон Дэвид Ферниш менен, режиссёр Гай Ричи жана башкалар катышышты. Ошондой эле аскерий кызматкерлер, кайрымдуулук жана коомдук уюмдардан да келишти. Коноктор үчүн дресс-код коюлду: аскерий кийимдер, фрак же ишкерлер формасы.
Нике кыюу салтанатынан кийин Букингем сарайында уюшулган ланчка (чак түштөгү тамак) 650 адам, ал эми кечки сый тамакка 300 адам катышты.

ҮЛПӨТ КИЙИМДЕРИ, ТОЙ ГҮЛДЕСТЕСИ, ШАКЕК
Ханзаада Уильям Ирландия гвардиялык полкунун полковнигинин кызыл формасы менен келди. Мундири кызыл-сары кур менен курчалган. Кейт Миддлтон той үчүн 2 көйнөк тиктирген. Биринчиси нике кыюу жөрөлгөсү, экинчиси салтанаттуу кечки тамак үчүн.
Биринчиси үчүн “Alexander McGueen” мода үйүнүн дизайнери Са­ра Бёртондун колунан чыккан көй­нөк­тү тандап алган. Көйнөктүн тордолгон бөлүгүндө Бириккен Хандыктын символдору: роза, төө тикен, нарцисс жана беденин жалбырактары түшүрүлгөн. Тиараны (баш кийим) Кейтке ханыша Елизавета II тартуу кылды. Аны ага 18 жашка чыкканда ханыша апасы тартуулаган.
Бриллиант сөйкө дизайнер Робинсон Пелама, ал эми туфли “Alexander McGueen” мода үйү тарабынан жасалган.
Экинчи көйнөгүнүн стили британиялык сүрөтчү-модельер жана стилист Брюс Олдфилдге таандык.
Кейт үчүн нике шакеги ханышанын үй-бүлөсүнө караштуу зергер үйү тарабынан «Ханзаада Уэльский» кенинен алынган алтындан жасалды. Шакектин баасы 398 миң доллар турат.
Шакек Кейттин манжасына кичине келип, ханзаада аны күч менен такканы айтылууда. Ханзаада өзү нике шакегин тагынбасы белгилүү болду.
Той гүлдестеси сүйүү, ийгиликтүү нике жана ишенимдин символдору болуп эсептелген ландыш, гиацинт, мирт, гвоздика жана төшөлмө гүлдөн (плющтан) түзүлдү. Салтка айлангандай Кейт гүлдестесин элге ыргыткан жок. Аны белгисиз жоокердин мүрзөсүнө коюу керектиги алдын ала чечилген.

БЕЛЕКТЕР
Жаш жубайлар үйлөнүү үлпөт тоюна дейре келе турган конокторго белек бербөөнү, андан көрө бере турган акчаларын кайрымдуулук фондуна өткөрүп коюуларын суранышкан. Ага карабастан баары бир белектерге ээ болушту. Мисалы, Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон Англси аралынын сүрөттөрүн, ал эми Лондондун мэри Борис Жонсон велосипеддин күйөрманы болгондуктан, тандем-велосипед (эки адамдык) тартуулады.

ЧЫГЫМ – 86 МИЛЛИОН ЕВРО
Тойду уюштуруу чыгымын ханышанын үй-бүлөсү жана колуктунун ата-энеси чыгарды. Өкмөттүн казынасынан коопсуздукту камсыз кылууга жана унаа жагынан тейлөөгө гана акча которулган. Жалпы чыгым болжол менен 70 миллион фунт стерлингди (болжол менен 86 миллион евро) түздү.

ЖАШ ЖУБАЙЛАР ҮЧҮН УНАА
Салтанатка жаш жубайлар үчүн 2 ат араба даярдалган. Бири ачык, экинчиси жабык экипаж (кокус жамгыр жааса колдонулмак). Ачык араба алтын менен кооздолуп, 4 ат чегилген. Бул 1902-жылы падыша Эдуардга таажы кийгизүү салтанаты үчүн жасалган. Жабык экипаж болсо алгач 1911-жылы падыша Георг Vге таажы кийгизүү аземинде колдонулган.
Нике кыюу салтанатынан соң жаш жубайлар чиркөөдөн Букингем сарайына ачык араба менен сапар алышты. Ханышанын калган үй-бүлөсү үчүн булардан тышкары 3 карета кызмат кылды.

БАШ КОШУУ СУНУШУ
Кейт 2001-жылы Файфтагы (Шотландия облусу) университетке тапшырып, ал жерде окуп жүргөн Уильям менен таанышып калган. Маалыматтарга караганда, Кейт менен Уильям 2002-жылы достошуп жүргөн кездеринде эле Файфта чогуу жашашкан. Мына ушул кез экөөнүн романтикалык мамилелеринин башталышы болуп саналат. 2003-жылы шаар сыртынан ижарага чогуу үй алып, жашоо кечиришкен.
2010-жылдын 6-ноябрында экөө­нүн үйлөнөрү тууралуу жарыяланып, 7 күндөн кийин тойдун датасы белгиленген. Кейтке кантип сунуш киргизгендиги тууралуу ханзаада ММКларга: “Биз Кейт экөөбүз Кенияда достор менен эмгек өргүүсүн чогуу өткөрүп жүргөн элек. Кечки тамакка чыккан кезде баш кошуу тууралуу сунушумду айтып, Кейтке апам Диананын шакегин тактым. Ал арабызда жок болсо да, шакеги аркылуу биз менен жакын жүргөндөй болсун дейм”,- деп интервью берген.

Канымжан Усупбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жылдыздар жөнүндө - Ханзаада Уилиям менен Кейт Миддлтондун үйлөнүү тою
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Wonderfullgirl
2011-05-09 19:06:48
Чын эле аябай сонун той болду , жашоо ушуларда экенда эххх...
0
Juma5
2011-05-10 00:02:41
Чын жашоо ушулардыкы экен да бактылуу болушсун
0
kyrgyzka
2011-05-10 03:58:15
Sovremennaya skazka :)
0
japarova
2011-05-10 08:23:27
неет вы ошибаетесь))) ето нам с вами повезло...потому что мы свободные,и мы можем отвечат лишь за свои постубки,за родных...а им придется отвечать за всю свою страну,им придется пережить очень много сплетен,..они живут больше по списку,чем по своему желанию..так что поздравляю,это наша жизнь сказка!!!а их на половину...так 4то завидуйте самим себе,потому что мы сами хозяева своей судьбы!
0
Azyk
2011-05-10 09:17:45
мультиктен кордум эле мурун ушундай тойду
0
Looks
2011-05-10 10:04:19
Japarova кыргызча эле жазчы мен тушунбой калдым!
0
Janyla
2011-05-10 14:56:17
жапарова...жить в серой массе серым,это как банально!!!эээ калк ушундай жашоого умтулуш керек,жашоонун кызыгы сага берилген убакытты жана талантты туура колдонуп...копчулук жетпегенге жетишуу)))
0
jaz
2011-05-10 23:00:47
Men dagy sylyy,akildyy myrzaga joluksam dep tilek kilam.Ychym tyzyldaganynan ayagyna cheiyn korgon jokmyn kychyne syytyp tyryp korbosom.
Syiyy syiyy janan syiyy.
Baktilyy bolgula Keit Dianaday akildyy ayalzaty ondonot.Yzak Yzak Yzak jashoo kaalaim.
0
MIRDJAMELL
2011-05-13 13:29:59
Айланайын супер инфо:Тойду уюштуруу чыгымын ханышанын үй-бүлөсү жана колуктунун ата-энеси чыгарды.-деп айтпай эле койсонор болмок.Кыргыздын тоюн коргондой болдум томонку создорду угуп алып...эххх
0
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан