ИЗДЕЙМ СЕНИ

Редакциябызга жакындарын, тууган-туушкандарын издеп кимдер гана кайрылбайт, кимдер гана кат жазбайт? Каттар жарыяланган соң табышып, катышып кеткендер көп.

“ЖЫЛДЫЗ, АМАН-СОО ЖҮРӨСҮҢБҮ?”
– Биз бир тууган сиңдибиз Сатарова Жылдыз Кудайбердиевнаны издейбиз. Ал 1979-жылы 2-майда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Катта-Тал округунун Кара-Согот айылында туулуп-өскөн.
Жылдыз 2000-жылы үйдөн чыгып кеткен болчу. Көп өтпөй Орусиянын Калининград-Бишкек каттамында кийим-кечек алып барып соода кылып жүргөнүн уктук. Кийинчерээк ал ишин токтотуп, Бишкектеги бир тигүү цехинде иштеп жатканы тууралуу кабар келди. Андан көп өтпөй Кара-Балта шаарынан “кызыңар оор абалда” деген кабар уктук. Кийин кайра “ата, апа, келип алып кеткиле” деген телефонограмманы алганбыз. Бирок же дареги, же телефону көрсөтүлбөгөндүктөн, кайдан издээрибизди билбей калдык. Ошондон бери 9 жылдын жүзү болду. Бул сүрөттө Жылдыздын мектепти аяктаган мезгили.
Жылдыз, аман-соо жүрөсүңбү? Эгер ушул катты окуп калсаң, бизге кабарыңды билдир. Биз сени сагынып, издеп келебиз. Эгер Жылдызды таанып-билгендер болсо, кабарын билдирип коюуңуздарды суранабыз.

Айнура, 0550 82-93-09, 0556 79-67-61.


“КУРБУМДУН ДАЙЫНЫН ТАППАЙ КЕЛЕМ”
– Мен 1985-87-жылдары Бишкек шаарында чогуу жашаган курбум Мамакеева Жумабүнү тапкым келет. Жумабү 1964-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Коңорчок айылында туулган. Эркин аттуу сиңдиси бар. 1987-жылы сентябрь айында мен өз жериме, Базар-Коргонго кеттим. Курбум болсо менден мурунураак Коңорчокко кеткен эле. Ошол бойдон экөөбүздүн байланышыбыз үзүлдү. Азыркы учурда мен Бишкекте жашайм. Жумабү же анын жакындары ушул катымды окуп калышса, мага чалып коюусун суранам.

Эркайым, 0553 91-14-38, Бишкек шаары.


“ДЕҢИЗ ФЛОТУНДАГЫ ДОСУМДУ ИЗДЕЙМ”
– Мен 1985-1986-жылдары СССРдин аскердик деңиз флотунда чогуу кызмат өтөгөн Кубат Бакытаевди издейм. Экөөбүз запаска бошогондон бери көрүшө элекпиз. Жаңылбасам, ал Нарын тараптан болсо керек. Эгерде бул катты ал өзү же анын кайда экендигин билгендер окуп калса, мага телефон чалып коюуңуздарды өтүнөм.

Коля, 0778 60-59-54, Бишкек шаары.


Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү: Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: 32-33-26

Гүлжамал Бөрүкулова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Kylym
2011-05-10 13:44:56
Эх чиркин!!!Баарынар табыларсынар деген ойдомун.Мендагы инимди издеп келем ушул кунго чейин.
0
Kaika
2011-05-13 22:53:37
эч кимди издебей эле койолучу туугандар, баарыз аман эсен эле чогуу журолу, издегендер жонундо уксам боорум ооруйт, ичим ачышат, батырак табышса экен дейм
0
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан