“Замандаш” партиясынын лидери, кыргыздын белдүү азаматы Мухтарбек Өмүракунов мезгилсиз дүйнө салды. Ат-Башынын айтылуу уулун ажал алып кеткени менен, артында анын жолун улачу уул-кызы, шакирттери калды.
КОШ, КЫРГЫЗ КУЛУНУ!
25-апрелде Кубага эс алууга аттанган коомдук ишмер Мухтарбек Өмүракунов Варадеро курорттук аймагында жайгашкан “Салеман” отелине токтоп, эс алып жүргөн. 30-апрель күнү бийиктиги 3 метрлик океан толкуну жээктеги адамдарды сууга алып кирип кетиптир. Арасында Мухтарбек Өмүракунов да болгон. 30-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча 17:30да анын сөөгү океандын жээгинен табылыптыр. Сөөгү 4-май күнү Кыргызстанга алынып келип, 5-май күнү акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Ал эми 6-май күнү кичи мекени Ат-Башыга коюлат. 46 жашында дүйнө салган коомдук ишмердин артында 7 баласы калды. Маркумдун жакындарына, балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
АТ-БАШЫДА ӨТКӨН БАЛАЛЫК
Мухтарбек Өмүракунов 1965-жылы Ат-Башыда жарык дүйнөгө келген. Апасы кош бойлуу кезинде Мухтар Ауэзовдун чыгармаларын таасирленип окугандыктан, уулуна Мухтар деген ысымды ыйгарган. Балалыгы кадимки элеттик балдар көргөн турмуш менен өткөн. Жазында чүкө ойноп, жайында чөпкө барып дегендей.
“Апам Жумабүбү быйыл 70ке чыкты, дале жаны тынбайт. Жаш кезинен эле энергиясы ашып-ташкан кайраттуу аял. Өмүр бою айылдагы тигүүчү ишкананын башчысы болуп иштеди. Бизди уктатып коюп, тикмечилигин улантчу. Ошондо “кайсы маалда уктайт болду экен?” деп таң калчумун”,- деп апасы тууралуу төгүлүп айтып бергени бар эле.
ЖЫЛДЫЗДУУ СТУДЕНТТЕР
Мухтарбек Өмүракунов 1989-жылы Фрунзе Политехникалык окуу жайынын инженер-курулуш факультетин бүтүргөн. “Ал кез кайра куруу мезгили. Окуу жагынанбы, спорт жагынанбы, дайыма биринчиликти алчубуз. Гүлнара Тойгонбаева, Мухтар Атаналиев, Бек Борбиевдер менен чогуу окудум. “Антибригада” деген чакан театрыбыз менен Казанга, Кубага чейин барып келгенбиз”,- деген эле. Студент кезинде Кубага барып, ал өлкө өзүнө тартканбы, санаалаш агаларынын бири: “Аттиң, Кубага барып, ал жактын өнүккөнүн көрүп, “биздин өлкөбүз кудум Кубадай өнүксө болмок” деп келген эле, кийинки жолку сапары кырсык менен аяктаарын ким билиптир”,- деп муңканды.
МИГРАНТ БОЛУП ЖҮРҮП БУТУНА ТУРГАН
Биздин каарман чаар баштык көтөрүп, Орусияга каттап жүрүп бутуна турган адам эле. Кичинекей чүрпөсү менен үйү жок, батирден батирге көчкөн, ылай тебелеп үй тургузган, Орусиянын ызгаардуу суугундагы мээнеттүү күндөрүн мындайча баяндачу: “Менин ошондогу тагдырым бүгүнкү күндө миңдеген кыргыздардын башынан өтүүдө. Чет жерде жүргөн күндөрдү эстесем, азыр да көзүмдөн жаш тегеренип кетет. 1993-жылы Орусиянын Новокузнецк шаарына барып, ишим жүрбөй көрбөгөн азапты көрдүм. Милиция, рэкет, айтор, канча кемсинтүүдөн өттүм”. Өзү да эмгек мигранты болуп, азап-тозокту башынан өткөргөн адам катары чет жердеги мекендештерибизге жардам кылуу максатында 2003-жылы “Замандаш” ассоциациясын түзгөн.
“МЕН ҮЧҮН МЕКЕНИМ КЫМБАТ”
Башынан кыйынчылыкты өткөргөн адам көп нерсени аңдап-билип калат эмеспи. Сыртта жүрүп эл-жерди сагынып, бир ууч топурагына, бир ууртам суусуна зар болуп, көөдөнгө куса батпай “качан биз өз мекенибизди башыбызга көтөрүп жүрөбүз?” деп ыйлаган күндөрүн бизге берген маегинде айткан эле.
“Тапканым – кыргыз элинин ишеничи, сырттагы мигранттардын үнү. Жоготконум – жаш өткөн сайын дос азаят экен. Мен байлыкка, бийликке карап дос болгондордон алысмын” деп Мухтар мырза бекер эле кайгырыптыр. Себеби 5-майда акыркы сапарга узатууда аттуу-баштуу адамдардан баштап, бир кезде көмөгүн көргөн Орусия, Казакстандагы мекендештери келип, көзүнөн жашын агыза коштошуп турушту.
Бурул Исмаилова
koom@super.kg