Чолпон Орозобекова, «Де факто» гезитинин баш редактору: «БАКИЕВДЕРдин КУУГУНУНАН АМАН КАЛГАНЫБЫЗГА КУБАНАМ»

Алыскы Женевада жүргөн кыргыздын азамат уулу, кайраттуу кызы бар, Жеңишбек Эдигеев жана Чолпон Орозобекова деген. Бул эки журналист Бакиевдин бийлигинен бир топ ыдык көрүп, акыры жан аргасын кылып Швейцарияга качып кетүүгө аргасыз болушкан. Интернет аркылуу байланышып, калемдешибиз Чолпон Орозобекова менен маек курдук.

– Чолпон эже, “Де фактонун” тагдыры Кыргызстанга маалым. Анын кыска убакыт аралыгында “саясатчы” гезиттерди артта калтырып, кандай чыкканы, ажыдаардын куйругун басып жабылганы... Аман калуунун аракетинде чет жерди көздөй кеткенсиздер. Ушул күнгө чейин кантип күн көрдүңүздөр?
– Бакиевдердин тушунда эркин журналисттерге мурда-кийин болуп көрбөгөндөй катаал мамиле жасалды. Ал заманды Кыргызстандын маалымат айдыңындагы “кара тилке” болду деп эсептейм. Жолдошум Жеңишбек Эдигеев экөөбүздүн башыбыздан көп нерсе өттү. Аркабыздан салып койгон криминалды да көрдүк. Ошол кримдүйнө аралашпаганда биз кетмек эмеспиз. Мага каршы кылмыш иш козгоп, 5 жылга кесебиз дегени да криминалдын аралашканынын алдында шоона эшпей калган.
Азыр баарын эстеп отуруп, аман калганыбызга кубанам. Биз өлкөдөн чыгып кеткен соң Сыргак Абдылдаевге кол салуу болду. Геннадий Павлюкту өлтүрүп коюшту. Мунун баары бири-бирине байланыштуу. Экөө тең оппозициячыл күчтөрдүн гезитин чыгармакчы болуп жүрүшкөн.
Акыркы кездери биздин коопсуздукка жадакалса эл аралык коомчулук тынчсыздана баштаган. Акыры ошол эл аралык уюмдардын жардамы менен өлкөдөн чыгып кеткенге аргасыз болдук. Каякка барарыбызды деле билген эмеспиз. Мына 3 жылга чукулдап калды, Женевада жашап жатабыз. Бул шаар эл аралык уюмдардын жана маалымат каражаттардын ордосу. Келгенден бери жолдошум экөөбүз тең баш көтөрбөй окудук, тырышып көп иштерди жасадык. Экөөбүз тең магистратурада окуп жатабыз. Журналистикасыз жашай албайт экенбиз. Эң башкысы, мен үчүн утуш – англис тилинде жазууну үйрөндүм. Англис тилиндеги эл аралык медиа каражаттар “Эркин Европа”, “Азаттык” үналгысынын англис тилиндеги сайты, “EurasiaNet” интернет-ресурсу менен кызматташып, бир топ макалаларым жарыяланды.
– “Бакиевдерге бир сомдон” деп акция уюштуруп, окурмандардан акча чогултуп, бийликтин күйбөгөн жерин күл кылган элеңиздер. Ал акциянын максаты эмнеде эле?
– Аны айлабыз куруп, бийликтин акыйкатсыздыгына туруштук берүү үчүн баштаганбыз. Жаныш Бакиевдин студент баласы машина менен келатып бир адамды сүзүп өлтүрөт. Каза болгон жапжаш кыргыз жигиттин туугандарынын айтып бергени боюнча, бул окуяны алгач “Алиби” жазып чыккан. Биз ошол макалага таянып, бирок өз комментарийлерибиз менен жарыялаганбыз. Ошентип, эки гезит Жаныш Бакиевдин каарына калдык. Соттон сотко сүйрөштү. Анан эки гезитке тең 1 миллион сом айып тагылды. Кошоматчы соттордун адилетсиздигине нааразычылык катары анан жанагы “Бакиевдерге 1 сомдон жардам” деп акция баштадык. Редакцияга келген окурмандар сары, бырышкан-тырышкан 1 сомдуктарды каргап туруп таштап жатышты да. Көрсө, ошондо эле эл ал бийликти жек көрүп калган экен. Ошентип, ал акция Бакиевдердин тойбогон кекиртегине каршы чоң саясий акцияга айланып кетти. Редакцияга оппозициялык саясатчыларды кой, мамлекеттик органда иштегендер жашырынып келип жатышты. Бишкектеги бир райондук салык инспекциясынын жамааты 1 сомдон чогултушуп, эки аял кызматкери таштап кетишкен.
Ак үйдө болсо чачын жулуп жатышты. Айрыкча Жаныш Бакиев ушул акциядан кийин катуу кекенди. Анан салык системасындагы коррупция тууралуу жазганыбыз үчүн мага Кылмыш кодексинин 329-беренеси боюнча иш козголуп, 5 жылга кесмек болушту. Бул берене дегеле журналисттерге туура келбейт экен. Андан сырткары сот бизге Арстанбек Ногоев, Таалай Далбаев, Темирбек Курманбеков жана Республикалык салык комитетинин атынан жазылган арыз боюнча дагы 4 миллион сом айып салды. Сотко бизди чакырып убара болбой эле моюнга илип коюшту. Кеңсени тинтишти. Соттук териштирүүлөр эчтеке эмес, бара-бара өмүрүбүзгө коркунуч күчөдү.
– “Адамдардын чыныгы жүзү жакшылыкта эмес, кыйынчылыкта билинет” дейт. Ошол күндөрдөн алган сабагыңыз кандай болду?
– Туура айтасыз, оор күндөрдө кимдин ким экени билинет экен. Биздин териштирүүгө абдан көп адам аралашты, арачалап калгысы келди. Алардын моралдык колдоосун эч качан унутпайм. Ал кезде оппозициячыл саясатчылар ансыз деле өз жандарын канжыгага байлап коюп жүрүшкөн да. Ага карабай бизди коргоп калууга далалат жасашты. Укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова эжелерге абдан ыраазымын. Биз өлкөдөн чыгып кеткен соң Кыргызстанда калган бир туугандарыбызга да басым болуп, суракка алынган учурлар болду. Ошондо ушул укук коргоочулар тынчсызданып, коргоого алып жатышты.
– Кылмыш иштер, аңдымай, коркутуп-үркүтүүлөр баары болду дегендей... Айрыкча эмне эсиңизде калды?
– Адамдар..., адамдардын мамилеси. Мага каршы кылмыш иш алгач Биринчи Май райондук сотунда каралып баштады. Анан судья Султан Бөкөшев капыстан эле биздин суранычты канааттандырып, ишти кайра тергөөгө жөнөттү. Күткөн эмеспиз, таң калдык. Кийин уксам, ал судья профессор Жамгырбек Бөкөшевдин баласы экен. Ал киши мени окуткан эле. “Эмне кылсаң да бул иштен кутул, караба” деген экен баласына. Соттун чечимин алайын деп барсам, Султан Бөкөшев тышта туруптур. Маанайы жаман, тамеки чегип. Учурашарым менен эле “мага жолобоңуз” десе болобу. “Мени менен сүйлөшпөй эле коюңузчу, кабинетиме да кирбеңиз. Сиздин азабыңызды тартып жатам” деди. Көрсө, кайра тергөөгө кетиргени үчүн Жаныш Бакиев сазайын берип жатыптыр.  
Дагы бир окуя, университетте окуткан агайым бар, Мамыр Толубаев деген. Маданияттуу, чынчыл, жакшы адам. Студенттердин баары жакшы көрчү. Жаныш Бакиевдин баласы менен соттошуп жатканда Илимдер Академиясынын Тил институту корутунду берген да, “бул макала калп” деп. Анда ошол агайдын колу турган. Бир күнү кокустан көчөдөн жолугуп калдык. Агай көзүнө жаш алып болкулдап ыйлады. “Эл караган бетимди жер каратышты, кайсы бетим менен ошону жазып берет элем?” деп кечирим сурайт. Корутундуну жазып, даярдап, агайдан сурабай туруп атын коюп салышыптыр. Ушул өңдүү ыйман менен бийликтин жексурдугунун ортосунда кыйналган адамдар эсимде калды.
– Кээ бир гезиттер, атын атабай эле коёлу, өткөн бийлик менен коюн-колтук алышып, адамдардын эч кимдин аралашууга акысы жок жеке турмушун аңдып, “ким экенин тапчы” деп кечээки эле үзөңгүлөштөрүн мазактаганга чейин барды. Силерге да ошондой заказдар же сунуштар болду беле?
– Бизге Бакиевдерден ар кыл сунуштар болду. Тамырыбызды тартып, ийге келтирип да көрөлү дешти. Жаныш Бакиевдин адамдары “кечирим сураган текст жазып беребиз, ошону жарыяла” дешти. Мен башында эле айткам, кечирим сурабайбыз деп. Анан күчкө салууга өтүштү. Максим, жалтыраган нерсенин баарын тартып алууга көнгөн неме гезитти алгысы келди. “Акцияларды берсеңер, баары жайында болот” деп демитишти, болбогондо кызмат да сунушташты, Ысык-Көлгө же Нарынга губернаторго орун басар бол деп. Муну укканда биротоло түңүлдүм.
– Сизге каршы козголгон кылмыш иши бар эле. Ал иштин чын-бышыгына жетип, акты-ак, көктү-көк дечү заман келди го дейм?..
– Ал иш Баш прокуратуранын имаратында өрттөнүп кетиптир. Ушундай маалымат алдым, чын-бышыгын билбейм. Бирок кылмыш иши расмий жабыла элек. Азыр өлкөдө кырдаал оор, укук коргоо органдарынын иши чачтан көп болсо керек. Ал иш заказ менен эле козголгон да, акыры жабыла турган иш.
– Бакиевдер жаптырып салган гезитти кайра чыгаруу алдында турасыздар. Кайрадан эле оппозициялык маанайда болобу? Дегеним, ошо кезде силерге колдоо көрсөткөн инсандар азыр бийликте эмеспи?
– Ооба, ошо кезде бийликке каршы күрөшкөндөр азыр бийликте. Өлкө тагдырын колго алышты. Мурда сындап келишсе, эми өздөрү жооптуу. Анын үстүнө гезит алардын менчиги эмес да. Азыр Кыргызстанда акчалуу саясатчыларда гезит ачуу модага айланыптыр. Мунун баары убактылуу экенин өзүңөр деле жакшы билесиңер. Шайлоодон кийин көбү жабылат. Шайлоону максат кылсак, парламенттик шайлоонун алдынан эле иштетип баштамакпыз. Бир нече партиялар сунуш кылышты, макул болбодук. Туура бир жылдан бери эл аралык уюмдарга долбоор жазып жатып жолдошум экөөбүз грант эсебинде каражат таптык. Эл аралык уюмдар деле бир саясатчыга эмес, жалпы коомго кызмат кыла турган гезитке муктаждык бар экенин түшүнүшөт да.
– Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп ойлойсузбу? Дегеле Батыштагыдай сөз эркиндиги болоруна ишенесизби?
– Ишенүү кыйын. Ооба, азыр журналисттерге кысым байкалбайт. Бирок шайлоодон кийин кырдаал кайра эле өзгөрүп кетеби деп чочуйм.

Шаиста Шатманова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
lider-kg
2011-05-09 10:29:57
Бакиев карапайып элге тийген эмес байларга тийсе тийгендир биринчи бакиев жасаган иштерди жасап анан жамандасак мен кошулмакмын
0
adalsvards
2011-05-09 10:51:21
lider-kg, Бакиев карапайым элге тийбесе, анда кайсы киши жарыктын баасын эки эсе, уюлдук байланышка жарым сомду кошууга жол берди?
0
Konfetka
2011-05-09 12:04:04
Bakievge dagy kan4a kunoolordu moununa ilet ekenbiz! Nu skol'ko mojno obvin9t' ego vo vsex smertnyx grexax! Bardygyna ozubuz kunoolubuz!
0
lider-kg
2011-05-09 12:28:58
Кыргызстан учун кимин эмне жазадын жазгылачы санайлы
баарыбыз кыргыз учун иштеп атканбыз бакиев иштетбей койгон болчу
0
Шаиста Шатманова
2011-05-09 12:46:29
Бул жерде кеп Жаныш Бакиев, анын уулу Асылбектин кокустан бироону сузуп кетип олтуруп алганы, ал кылмышын атасына таянып жаап салганы тууралуу айтылууда. Эгер ал карапайым айдоочу болсо жазасын алмак да. Ошентип жазган журналисттердин башына кандай кун салышканы айтылып жатат.Муну каралоо дегенге болбойт.
0
Titi
2011-05-09 13:58:37
Konfetka biz oruscha bilbeybiz kyrgyzcha jaz. bakievdi sen unutsan biz unuta elekpiz.
jaman ishterinn
0
jaz
2011-05-10 22:41:07
Syz barynan kyiynsyz.En negizgysy den-soolykta bolynyzdar joldoshynyz menen.
Eje ertereek kelip sayattyn kozyn acha soz menen baaryn talkalanyzchy.
Jyrogym ailanat da ailanat. Aila jok ymytonyp jashap tyraly.
0
nurjigit
2011-05-12 08:24:07
Ошондой акцияны Озбекистанга барып кылып корсо Каримов ошол куну тууган уругун кошуп жок кылмак эч нерсе сурап отурбай эле,президенттин наамына доо кетиргени учун жакшы эле жаза алышы керек болчу, дагы аздык кылып калыптыр.......
0
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан