Бүгүн калп тапкыч менен ЖКнын «красавчик» депутаты Жоомарт Сапарбаев эрөөлгө чыкты. «Эл ишенимин актайм» деп алгачкы жолу депутаттык креслого отурган жаш саясатчынын калп тапкычтын алдында күчтүү же алсыз экенин байкап көрүңүз.
Мушташка жакынсыңбы?
Жоомарт Сапарбаев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Ж.С: – Эгер бирөө тийишсе, албетте, мушташып кетем. Бирок өзүм биринчи баштабайм. Бала чакта көп урушасың го... Бир жолу кыз талашып катуу мушташкам. Кызыгы, ошол кыздын аты азыр эсимде жок.
Ичкилик ичкен күндүн эртеси баш жазасыңбы?
Жоомарт Сапарбаев: Жок
Калп тапкыч: Жок
Ж.С.: – Ичкендин эртеси баш жазбайм. Кечээ эле жаңы батирге көчүп, эмеректерди ташып чарчагандыктан, эки бөтөлкө сыра ичкем. Баш жазчудай деле көп ичпейм.
Пара берип көрдүң беле?
Жоомарт Сапарбаев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Ж.С.: – Университетте окуп жүргөндө бергем. Мен группанын старостасы болчумун. Группада жалкоо студенттер болбой койбойт эмеспи. Негедир дене тарбия сабагынан кыздарыбыз жалкоолоно беришчү. Анан агайга акча берип, баа койдуруп берчүмүн. Олуттуу иштер үчүн пара берген эмесмин. Негизи, параны көпчүлүк учурда жакшы кызматка орношууда беришет.
Өзүңдү жылдыздуу деп эсептейсиңби?
Жоомарт Сапарбаев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Ж.С.: – Мурдум кыйшык, белим бүкүр эмес. Бойдок кезде кыздар көп эле ашык болушкан. Ар бир адам өз алдынча жылдыздуу.
Мамлекет башына келем деген оюң барбы?
Жоомарт Сапарбаев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Ж.С.: – Негизи, бул кыялымда. Эгер эл башына туруп калсам, биринчи кадамды кээ бир аткаминерлерге түрмө куруудан баштамакмын, тамаша.
Убадага бексиңби?
Жоомарт Сапарбаев: Жок
Калп тапкыч: Жок
Ж.С.: – Эгер олуттуу, мамлекеттик деңгээлдеги иштер болсо, албетте, аткарууга аракет кылам. Бирок кыстаган турмуш же ар кандай кырдаалдар жеңип кетип, аткара албай калган учурлар кездешет. Жакында эле депутат болгондон кийин бир эже карызга 15 миң сом сурап келиптир. Өзүм 14 миң сом маяна алсам, анан кантип жардам берем? Бирок колумдан келип турган нерседен баш тартпайм.
Аялыңа кол көтөргөн учурлар болобу?
Жоомарт Сапарбаев: Жок
Калп тапкыч: Жок
Ж.С.: – Эми ойноп муштап койгон учурлар болот. Бирок кол көтөргөн адам эмесмин. Эгер эркек деген атка татыктуу болсок, аялга кол көтөрүүдөн өйдө болушубуз керек да. Ал эми жиниме тийген учурларда жаңжал чыгарбай эле, сөз менен түшүндүрүүгө аракет кылам.
Үчүнчү революция болобу?
Жоомарт Сапарбаев: Жок
Калп тапкыч: Жок
Ж.С.: – Ар бир адам жакшылык болушун тилейт. Мен да ошол ой менен “жок” деген жооп айтар элем. Эми президент өз ыктыяры менен кетип, элди ойлосо, анда эч кандай революция болбойт.
Жүрөгүңдүн үшүн алган душманың барбы?
Жоомарт Сапарбаев: Жок
Калп тапкыч: Жок
Ж.С.: – Жүрөктү түшүргөн душманым жок. Канчалык касташпайын, саламымдан жазбайм.
Атамбаевдин иш алып баруусу сени канааттандырабы?
Жоомарт Сапарбаев: Жок
Калп тапкыч: Жок
Ж.С.: – Бетке айткан сөздүн заары жок. Бабановдун ишине байланыштуу канчалаган ой-пикир, талаптар айтылып, бирок ушуга чейин бир да тыянак чыга элек. Ал эми Орусияга барып бензиндин баасын арзандатуу тууралуу сүйлөшүп келүүгө окшош иш-чаралар Акаев, Бакиевдин тушунда деле болгон. Бул алгылыктуу деле иш эмес.
Өзүңдү сексуалдуумун деп эсептейсиңби?
Жоомарт Сапарбаев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Ж.С.: – “Без комментариев!”
Баңгизат колдонуп көрдүң беле?
Жоомарт Сапарбаев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Ж.С.: – АКШда жүргөндө достор менен бир жолу баңгизатын колдонуп көргөм, кызыгып. Азыр болсо тамеки менен кофеден өтөрү жок экен деп калдым. Тамекини ашынып деле чеге бербейм. Кээде 2 кутуга жетип кетпесе эле.
Барыктабасовго чыгарылган өкүмдү туура деп эсептейсиңби?
Жоомарт Сапарбаев: Ооба
Калп тапкыч: Жок
Ж.С.: – Негизи, Барыктабасовго байланышкан митингде 2 милиция кызматкери сабалып, курал-жарактар табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголгону туура деп эсептейм. Бирок Барыктабасовду абактан убактылуу бошотуу тууралуу ходатайствого кол коюп бергем.
Жоомарт Сапарбаев “Калптын казаны кайнабайт” деген принципти бекем карманат өңдүү. Балким, бала чагынан калп айтып койсо, аскердик жашоону аркалап, темирдей тартипти жактырган атасынан катуу жаза алып жалкып калганбы, айтор, Жоомарт Сапарбаевдин жооптору жогорудагыдай болду. Болгону, баңгизатына жана саясатка тиешелүү суроолорго келгенде тердеп-кургаганы байкалды.
Бахияна Сатылганова
politika@super.kg