БАЖЫ БИРИМДИГИНЕ КИРҮҮГӨ ШАШПАГАНЫБЫЗ ОҢ

Бажы биримдигинин оң жана терс жактары боюнча көптөгөн макалалар жазылып, ар кандай пикирлер айтылды. Ал талаштардын көбү Дүйнөлүк соода уюмундагы Кыргызстандын мүчөлүгүнүн башы ачыла электигине байланыштуу жемишсиз аяктоодо.

ЭПЧИЛ КОЗУ ЭКИ ЭМЕТ...
Президент Аскар Акаевдин доорунда башталган мамлекеттер ортосундагы мамилелердеги «эпчил козу эки эмет» принциби эгер эл аралык саясаттын тилине которсок, «көп вектордуу карым-катнаштар» доктринасы майнапсыз аяктады. Айрыкча Курманбек Бакиевдин «америкалыктардын шиши толду», «Манас» авиабазасын Кыргызстандан кубалап чыкпаса болбойт» деп Орусияга жагынуу максаты менен жасалган, алысты ойлобогон кадамы өлкөнүн тышкы саясатына залака келтиргени белгилүү. Бакиев «Камбар-Ата-2» курулуш долбоору үчүн 300 миллион доллар өлчөмүндөгү инвестициялык каражатты өндүрүп алып, андан көп узабай берген убадасына турбаган айныкейлигинен кийин көп вектордукка катуу зак кетти. Москва менен болгон мамиле оңой менен оңолбостой болуп бузулду. Анткен менен америкалык авиабазанын кылы кыйшайган жок. Бар болгону «Эл аралык транзиттик борбор» болуп атын гана өзгөрттү да, өз ордунда козголбостон кала берди. Бакиевчил көп вектордук саясат Кыргызстанга болгон Москванын ишенимин гана кетирбестен, экс-президенттин өзүнүн башын жеп тынды. Ошентип, «эпчил козуну» жерип таштоо эл аралык мамилелерде опоңой иш экендиги ачык болуп калбадыбы.
Тилекке каршы, азыркы бийлик деле өткөндөн кенедей да сабак албаганы байкалат. Ошол эле «эпчил козу эки эмет» кыялынын туткунунда калганы көрүнөт.

БАЖЫ БИРИМДИГИНЕ КИРИШИБИЗГЕ ОРУСИЯ КЫЗЫКДАР
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев “Беларусь, Казакстан жана Орусия түзгөн Бажы биримдигине (ББ) кирүү – өкмөттүн алдындагы стратегиялык максаттардын бири” деп жарыялады. Өкмөттүн жыйынында союзга кошулуу боюнча бир добуштан чечим кабыл алынып да кетти. Бирок иш баштапкы калыбынан эч өзгөрбөй, бир орунда жер таптап турганына күбө болобуз.
Бажы биримдигине кирүү чечими экономикалык максаттуулукка караганда саясий кызыкчылыкка көбүрөөк баш ийдирилет. Биримдикке кошулуу Орусиянын алдында моюнуна көтөргөн Кыргызстандын инвестициялык убадаларды аткарбай койгондон улам бузулуп калган мамилени калыбына келтирүүнүн айласы. Алдыдагы президенттик шайлоого карата Москванын колдоосун алуу бийлик үчүн абадай керек.
Биримдиктин максаты – мамлекеттердин ортосунда соода-сатык карым-катнаштарды жолго салуу, чек ара аркылуу товар ташып өткөрүү боюнча бажы салыктар саясатын ыраатка келтирүү, бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүү экени белгилүү. Орусия экономикалык мейкиндиктин кеңейишине, тагыраагы Кыргызстандын Биримдикке мүчө болуп киришине каршы эмес, тескерисинче, катуу кызыкдар. (Келечектеги Бажы союзунун комиссиясында 57 добуш Орусияга таандык болуп, калган 43 добуш башка өлкөлөр арасында бөлүштүрүлөт. Ошентип, көзөмөл пакет Орусиянын колунда сакталышы керек. Ал эми Кыргызстан бар болгону 14,3 добушка ээ болот).

БАШ ТАРТЫШЫБЫЗ КЫЙЫНБЫ?
Бажы биримдигине кошулуу ишинде олуттуу тоскоолдуктар бар. Негизги каскак Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) мүчө экендигинде турат. Бажы биримдигине кошулуудан мурун өлкө ДСУ менен түзүлгөн келишимдерде көрсөтүлгөн милдеттерин аткаруусу ажеп. Ал милдеттерди аткаруу Кыргызстан үчүн кыйла оор. Эл аралык эксперттердин баасына караганда ДСУдан чыгып кетүү үчүн Кыргызстан буга дейре соода-экономикалык алака-катышта болуп келген 50гө жакын өлкөгө 1-1,5 миллиард доллардын тегерегиндеги айып пул төлөөгө аргасыз болот. Экинчиден, ДСУ глобалдык рынокко интеграциялоонун бирден бир жолу экендигин эстен чыгарбоо кажет. Ошондуктан Кыргызстан соода уюмунан баш тартышы кыйын. ДСУдан чыгуу – өзүнө-өзү көр казганга тете болор эле.
Карапайым акылга салып чайкап көргөндө ББга киребиз же кирбейбиз деп талашып-тартышуунун да, шашылуунун да кажети жок. Айталы, ошол эле Орусия далайдан бери ДСУга кирүү үчүн ак эткенден так этип келатат. Орусия ДСУда олуттуу добушка ээ Американын колдоосун да алган жайы бар. Бирок Орусия Федерациясынын ДСУга кошулушуна саясий мотивдер менен Грузиянын караманча каршы чыгып жатканы (ДСУнун уставы боюнча уюмга кирүү үчүн анын бардык мүчөлөрүнүн макулдугун алуу зарыл) Москванын кендирин кесүүдө. Деген менен Орусиянын эртели-кечтир, ДСУга мүчө болуп кирери талаш туудурбайт деле. Грузиянын моюн толгошу узак мезгилге созулары кыйын. Ошондуктан Кыргызстандын саясий утурумдук кызыкчылыктар үчүн алактап шашылбай, Орусиянын өзүнүн Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кирер мерчемин күткөндөн артыгы жок болуп чыгат. Маселе ошондо өзүнөн-өзү чечилери анык.

Үсөн Касыбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
nurgunfun
2011-05-09 13:00:41
байкуш кыргызстандыктардын аран таап жеп жаткан нанын бироого карматайын деп жатасынарбы бийликтегилер экс президентин жолу менен кайра бара жатышат
0
ernispatriot
2011-05-10 19:01:56
элди ойлогула.дагы роволюция кылыш оной эле.
0
Yaposh31
2011-05-10 19:47:43
Андай болсо Кирбегенибиз он ББга. Эх кыргызым качан бизда акылдуу, элди ойлогон элим деген "чиновниктерге" ээ болобуз. Биз акыры эгемендуу мамлекетпизго же орусияга баш ийебизби? Же бизде президентти "Эл" эмес орустун "чиновниктери" шайлайбы? Биз деген эгемендуу мамлектпиз ошону унутпагыла.
0
Programmer
2011-05-10 21:48:09
Атамбаев туура эмес кылып жатат
0
2011-05-10 23:05:59
Азыркы бийлике ишениш деле кыйын болуп калды
0
mikasa
2011-05-13 20:19:42
Баарын убакыт корсотот.
0
erkaw
2011-05-16 09:03:58
эмне деген жашоого баратабыз
0
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан