Бир айдан кийин Ош окуясына 1 жыл толот. Бул кандуу коогалаңдын келип чыгышы жана себептери боюнча кимдер гана сөз айтышпады. Киммо Кильюнен жетектеген Эл аралык көз карандысыз комиссия окуядан 11 ай өткөндө гана, ушул аптада өз жыйынтыгын жарыялады.
Комиссиянын төрагасы Киммо Кильюнен: “Эл аралык гуманитардык укукка ылайык, Кыргызстандын түштүгүндө орун алган окуяда тукум курутуу (геноцид) болгон эмес. Коогалаң мамлекет тарабынан ишке ашырылган аскердик кылмышка да кирбейт. Ал эми өзбек айылдарына кол салуу болгон учурларын адамзатка каршы кылмыш деп баалоого болот”,- деди.
Ош жана Жалал-Абад облустарындагы Июнь окуясын изилдөөгө алган эл аралык комиссиянын жыйынтыгы “ана чыгат, жок, мына чыгат” деп көпкө кечиктирилди. Маалымат айтылган соң комиссиянын жыйынтыгына бир топ серепчилер жана саясат таануучулар “айтылып келген маалыматтардан көп деле өзгөчө жаңылык болбоптур” деп чыгышты. КРнын бийлиги бул жыйынтыкты бир тараптуу жана тең салмактуу чыгарылган эмес деп эсептейт.
Эскерте кетсек, былтыркы жылы Июнь окуясында дүйнөдөгү аттуу-баштуу эле жалпыга маалымдоо каражаттары “кыргыздар өзбектерди тукум курут кылып жатат” деген кабарлары менен дүрбөлөң жараткан болчу.
Эл аралык комиссиянын маалыматы боюнча, Июнь окуясында каза болгондордун 74 пайызы жана жоопкерчиликке тартылгандардын 80 пайызы өзбек улутунун өкүлдөрүнөн турат. Материалдык жактан жоготууга учурагандардын ичинен да өзбектер басымдуулук кылган. Комиссиянын башчысы өкмөткө Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында өзбек тилине атайын макам берүүнү сунуштады. Соңку коогалаңды эске алсак, бул сунуштун колдоого алынышы чоң күмөндү жаратат.
Ал эми трагедиянын келип чыгышынын башкы себебине токтолгон Киммо мырза: “Бул – саясий фанатизм. Ага этникалык улутчулдук да кошумча болгон”,- деди. Ошондой эле куралдуу күчтөрдүн куралын белгисиз адамдар тарабынан басып алынышына жол берилгендиги айтылды. “Алар кырдаалды көзөмөлгө алуу үчүн тиешелүү инструкция албай, анын айынан 2 миңдей аскер өз учурунда тартипти жөнгө салган эмес”,- деп билдирди.
Киммо Кильюнендин айтымында, коогалаңга үчүнчү күчтөрдүн кийлигишүү ыктымалдыгын чоң маани берүү менен изилдешкен. “Бирок Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн окуяга кандайдыр бир мамлекеттин аралашканы жөнүндө маалыматтар тастыкталбады. Андан сырткары эл аралык террорчулардын тобунун катышуусу да далил тапкан жок”,- деди.