Акун ата: «ИТТИ ТИРҮҮЛӨЙ ЖУЛМАЛАП ЖЕГЕНБИЗ»

Улуу Жеңиш майрамын утурлай Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу, жашы 91ге келсе да баскан-турганы тың Акун Ибраев атаны куттуктап, сөзгө тарттык. «Жеңиш» сөзүн уккан ардагердин кубанычы жылмайган жүзүнөн билинип турду. Ал согуштагы тозоктуу күндөрүн эстеп, оор үшкүрүү менен кеп салып берди.

Биз турмушка аталардан кеч келип,
Тээ батышта согуш отун кечпедик.
Ал аталар төрөлө элек биз үчүн,
Кала берди танк алдында тепселип...

КАН КҮЙГӨН СОГУШ ТАЛААСЫ
1940-жылы 18 жашымда аскерге чакырылдым. 1941-жылы февраль айында Германия менен болгон тынчтык келишим бузулуп, бизди Белоруссия фронтуна согушка жөнөтүштү. Мына ошол жерден кан күйгөн чыныгы согушка күбө болдум. Немистин танкалары, аскерлери кирип келип, октор мөндүрдөй жаай баштады. Жаныңда жүргөн кишилерге ок жаңылып, көз алдыңда кызыл ала канга боёлуп кулап жатканын көрүп, атышуудан башкасынын баарын унутуп коёт экенсиң. Жаныбыз тынган жок. Түн ичинде да атышуу уланып турду. Артиллериялык взводдо мээлегич болчумун. Немистердин танкаларын токтотууга болгон күчүбүздү жумшап жаттык. Ошол учурда биздин артиллериялык взводго снаряд түшүп, курал-жарактарыбыз күйүп кетти. Кудай сактап өзүбүз аман калдык. Душмандар күчтөнүп, курчоого ала баштаганда Вязьма шаарын көздөй качып жөнөдүк.

ТУТКУНДАГЫ КҮНДӨР...
Смоленский токоюнан өтүп баратканбыз. Күүгүм кирип калган. Бир маалда танкалар жарыктарын күйгүзүп-өчүрө баштады. Түшүнбөй эле туруп калдык. Көрсө, немистердин так ортосуна барып калыптырбыз. Атып салат го деп коркуп, өңүбүз купкуу. Баарыбызды лагерге алып келип камашты. Жашоонун баркын ошондо билдим. Жегенибиз сууга бышкан тузу жок картөшкө, бир кесим нан. Анысы аз келгенсип канды соргон биттер. Ачка болгондо эч нерсени ылгабай калат экенсиң.
Бир жолу кишилер топтошуп эле ызы-чуу түшүп калышты. Барсам, зым тосмонун жанынан бир итти кармап алып тирүүлөй эле жулмалап, терисин сыйрып, этин талашып жатышыптыр. Мен да бир үзүм алганга жетишип, аны отко кактап бышырып жедим. Туткундар ачкадан өлүп, алардын сөөгүн чыгарып салган киши жок жаткан жеринде калып жатты.

ТУТКУНДАН КАЧУУ...
– Үч айдан кийин биздин армия шаарды бошотууга келаткандыктан, лагерди кайтаруу начарлай баштаган. Ошол учурдан пайдаланып, күүгүм кирип, туман түшүп турганда жанымдагыларга «качасыңарбы?» дедим. Алар «ажалыңдан мурун өлөсүң» деп болбой коюшту. Анан бир орус жигитке «качтык» десем, «кантип качабыз?» деди. Туткундарды курчап тосуп койгон тикенек зымды күн мурунтан кыйып даярдап койгон элек. Ошол жерден чыгып, токойду карай качып жөнөдүк. Корккондон чарчаганыбызды билбей чуркап кете бердик.

«НЕМИСТИН ЖАРАНДЫГЫН АЛДЫМ»
– Ошентип, токойдун чет жагынан 5-6 үй көрүндү. Бир үйдүн короосуна келдик да, аштоого орус экөөбүз “өлсөк бир өлөбүз, качып кетмей жок” деп колду бекем кармашкан бойдон уктап калыптырбыз. “Ой, мамочка!” деген кыйкырыктан улам чочуп ойгонсок, бир кемпир качып баратат. Көрсө, уй сааганы келаткан неме бизди көрүп жүрөгү түшүп калган экен. Ал кемпир советтик аскерлер экенибизди билгенден кийин экөөбүздүн курсагыбызды тойгузуп, жуунтуп, таза кийимдерди кийгизди да, бизди курбусуна тапшырды. Ал бизге немистин паспортун алып берип, менин атымды Николай Михайлов деп өзгөртүп багып алды. Бул жердин тургундары немистерге баш ийип, алардын жарандыгын алышыптыр. Ошентип, кемпирдин баласы болуп жашап, жергиликтүү советтик партизандар менен бирге душмандар жөнүндөгү маалыматтарды биз тарапка жөнөтүп турдук.

«ЭРТЕДЕН КЕЧКЕ БИТ ТЕРМЕЙ...»
– Төрт айдан кийин немистер бизди лагерге камай турган болушту. Партизандар менен бирге качып кетели десек, «кемпирлерди атып таштайбыз» дешти. Ошентип, орус экөөбүздү 40 миңге жакын туткун камалган Могилёв лагерине камашты. Кайрадан баягыдай сууга бышкан тузу жок картөшкө.
Камалган жайда даараткана жок, заарабызды идиштерге толтуруп, жаткан жерибизге эле төкмөй. Кээ бирлери тамактарын жебей заара куйган идишине салып сатат. Жытына киши чыдагыс. Эртеден кечке эрмегибиз бит термей. Тим эле чууруйт. Көйнөктү силкип чогултсаң, бир ууч чыгат. Айла жок, баарына баш ийип күн өткөрүп жаттык. Ошентип, тозоктун ордосу болгон жайдагы 40 миңге жакын туткундан 542 киши гана тирүү калдык. Баары ачкадан, кашык каның калгыча соргон биттердин айынан көз жумушту. Тирүү калгандарды бөлүштүрүп, согуш болуп жаткан жерлерге жумушка айдады.

«АМЕРИКАЛЫКТАРДЫН ТУТКУНУ БОЛДУМ»
– Мени Франция менен Германиянын чек арасында дзот курдурууга салышты. Дзотторду куруп жаткан жерибизден англичандар менен американын аскерлери басып алышып, алардын туткуну болдук. Бирок алар советтик аскерлерди жакшы шартта кармашты. Үч маал ысык тамак, кийимдер таза. Ал эми немистерге аябай кыйын болду. Немистик лагерде биз көргөн күндөр алардын башына түштү. Согуш аяктагандан кийин, 1946-жылы СССР менен америкалыктар туткундарды алмашканга чейин алардын колунда жүрдүк.

«СОГУШ» СӨЗҮ ӨЧСӨ ЭКЕН!»
Башынан өткөргөн окуяларын эстеп, айтып жаткан сайын көзүнөн жаш тегеренген Акун ата: “Эч качан согуш болбосун! Кээде түшүмдө согуштагы күндөрдү көргөндө, чочуп ордумдан тура калып, көзүмдөн жаш куюлуп кетет. Кан төгүлбөсүн! «Согуш» деген сөз өчсө экен! Кыргыз элим, деги эле бүтүндөй адамзат баласы ынтымактуу жашасын! Кудай биз көргөндү силерге көргөзбөсүн!”- деген тилектери менен сөзүн жыйынтыктады.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Адамзат согушсуз жашай алабы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
jankakg
2011-05-09 17:59:33
Menin chon atam da tayatam da oshol aty ochkur sogushta kurman bolushkan:(
0
damira1991
2011-05-10 22:36:04
Сиздерге баш ийип таазим кылабыз. дагы коп жашагыла!!!
0
melashka
2011-05-12 23:07:58
Албетте жашай алат
0
Melis-Aruuke
2011-05-13 18:05:16
Чон ата-бабаларга рахмат.Эркиндикте жашап журобуз!
0
UvE
2011-05-15 22:47:44
Аталарга терен таазим!
0
№ 444, 6-12-май, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан