Кыргызстандын жаштары биримдик жана сергек жашоо үчүн!
СУПЕР-ИНФО 9 ЖАШТА
«САЯСАТЧЫЛАР»
«ТАМАШОУ»
«МЕГАКОМ»
«СУПЕР-ИНФО»
«ЫРЧЫЛАР»
«ГЕРМЕС-ПРОФИ»
«ЭЛТР»
«WWW.SUPER.KG»Айыгышкан күрөш, укмуштуу эмоциялар жана жылдыздардан мегашоу!
28-29-МАЙ. 14:30
БИШКЕК Ш., «ДОРДОЙ» СПОРТ КОМПЛЕКСИ
(Абдрахманов-Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде)
ЧЕМПИОНДУК ҮЧҮН ДЕПУТАТТАР ДА АТ САЛЫШЫШАТ!
Өткөн санда айтылгандай, “Супер-Инфонун” 9 жылдыгына карата өтүүчү футбол боюнча “Супер-Инфонун” кубогуна катышуучу командаларды жарыялайбыз. Сюрприз команда “Саясатчылар” командасы болот. Суперфутболдо биринчи жолу ЖКнын депутаттарынан жана башка белгилүү саясатчылардан куралган команда “Супердин” кубогу үчүн ат салышышат. Сиз трибунадан көрүп жүргөн атактуу саясатчылар эми футбол талаасында өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Андыктан “футболдук сессияны” өткөрүп жибербеңиз.
АЛТЫН КУБОК, АВСТРАЛИЯДАН КОЙ ЖАНА ЧЫН ЖҮРӨКТӨН СЮРПРИЗ!
2-орунга кой (атайын Австралиядан алынып келинет) берилеринен кабарыңыз бар. Ал эми 3-орундун ээлери кандай белек алышары азырынча сыр бойдон турсун. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин башкы сыйлыктын тагдыры да чечилди. Чемпиондорго алтын менен жалатылган кубок тапшырылат. Бул боюнча алтын өндүрүүчү ата мекендик ири компаниялардын бири менен атайын макулдашууга кол коюлду. Айтор, 28-29-майга пландарыңыз болсо, азыртадан башка күндөргө жылдырганыңыз оң.