ТОЛКУНДУ ТОС!

Акыркы мезгилде мультфильмдердин маани-маңызы өзгөрүлүп баратат. Мурун мультфильмдер бир гана өсүп келаткан муунга жакшы деген эмне, жаман деген эмне экенин үйрөтүү максатын көздөшчү. Бүгүнкү күндө мультфильм бөбөктөргө гана эмес, улуу муун үчүн да арналып жаралат. Андагы каармандар татаал психологиялык образдарды жаратышса, сүрөттөлгөн окуялар чыныгы турмушка жакын. “Толкунду тос!” ошондой мультфильмдердин катарында.

Режиссёрлору – Эш Браннон, Крис Бак
Сценарийин жазгандар – Лиза Аддарио, Кристиан Даррен
Продюсерлери – Лидия Боттегони, Крис Женкинс
Орус тилинде үндөрүн коштогондор: Тимати, Павел Воля, Александр Цекало

МАЗМУНУ
Балким, айылдык бирөөнүн шаарга келип, өз максатына кантип жеткени жөнүндөгү окуялар миң жолу жазылып, миң жолу тартылса керек. Бирок, айылдан келген пингвин тууралуу сөз боло элек болчу. “Sony Pictures Animation” студиясынын чоңдорго жана бөбөктөргө тартуулаган белеги – көңүлгө татыктуу өзгөчө тасма.
Балапан кезинен эле сёрфингге кызыккан Коди Маверик Антарктикада жашайт. Түндүктөгү пингвиндердин баары балык кармоо менен жан багышат. Коди болсо муздан жасалган тактайы менен океандан чыкпайт. Элет жеринен жаңы таланттарды издеген менеджер Кодини Пен Гу аралындагы сёрфинг боюнча жыл сайын өтүүчү Пингвиниада чемпионатына алып келет.
Кодинин Чоң Зи деген атка конгон кумири бар. Ал сёрфинг боюнча адистердин адиси эле. Мындан 10 жыл мурун океанда кайып болгон. Күтүлбөгөн жерден Чоң Зинин тирүү экени билинет. Коди абдан кубанат. Себеби, чоң күрөшкө аны Чоң Зи өзү машыктырса, Кодинин жеңүү мүмкүнчүлүгү көбөймөк. Бирок, чыныгы достукту баалаган Коди улуу жеңиштен, эңсеп жүргөн кыялынан, байлык менен даңктан баш тартууну туура көрөт.

КААРМАНДАР
Соңку жылдары Голливуддагы эң популярдуу жаныбарлар пингвиндер болду окшойт. “Шайыр шыйрактар”, “Мадагаскар” тасмаларындагы пингвиндерден кийин эми спортчу пингвиндер модада.
Баш каарман – Коди Маверик. Үйбүлөсүнүн түшүнбөстүгүнө, коркунучтуу тоскоолдуктарга карабай кыялын орундатуу үчүн түндүктү чыгышка алмаштырган жигит. Өжөрлүгү менен максатына жетүүгө көнгөн. Досторун жана үйбүлөсүн баалайт.
Мультфильмдин көркүн ачкан каарман – Кодинин эң жакын досу жөжө Жо. Ал – короз. Чын аты Жозеф, бирок, аны баары “жөжө Жо” дешет. Жылдык чемпионаттын жеңүүчүсү дыйкан-чарбадан келген короз болуп аныкталганда жөжө Жо өзү да таңкалган.
Чоң Зи – сёрфингдин “атасы”. 10 жыл мурун жаш сёрфер Танкка жеңилип, дайынсыз жоголгон. Аны баалаган жакын досторун тапканга чейин элден жашынып жашап келген.
Танк – 9 жыл катары менен эң мыкты сёрфер деп эсептелет. Бирок, аны байлык менен даңктан башка эч нерсе кызыктырбайт.
Лэни – Чоң Зинин жээни. Сёрфиг боюнча жигиттерден калбайт, бирок, бул Лэни үчүн негизги нерсе эмес. Ал жээкте куткаруучу болуп иштейт жана башка пингвиндердин коопсуздугу Лэни үчүн маанилүүрөөк.

САУНДТРЕК
Тасмага музыка тандалып жатканда көбүрөөк рок-н-ролл жанрына басым жасалган. Атактуу канадалык “Greenday” тобунун ырлары мультфильмди ого бетер жандандырып турат. Жандуу саундтрек мазмунду толуктап, ага керектүү атмосфера берип турат.

ГРАФИКА
Чындыкка укмуштуудай төп келишкен графика көрүүчүнүн көзүн кубантат. Ар бир кадрдагы ар бир деталь эске алынган. Аркадагы фон, мисалы, океан, толкундар, суунун көбүктөрү, токой өтө профессионалдуу деңгээлде тартылган. Анан эмне, ар бир кадрдын үстүндө 45-50 сааттан 100гө жакын аниматор иштеп жатса.
“Толкунду тос!” тасмасын жаратууда өзгөчө жанр колдонулган. Баштан соңуна чейин окуя журналисттик репортаж катары баяндалат. Жашыруун камера менен тартуу, жакындатып тартуу, камеранын титиреши сыяктуу иммитациялар мультфильм жанрында биринчи жолу колдонулду. Ал эми журналисттин үнү же кадрга түшүп калган микрофон репортажды толуктап турат.

ДУБЛЯЖ
Кыргызстандын прокаттык мейкиндигине “Толкунду тос!” тасмасы батыштын башка популярдуу мультфильмдериндей эле россиялык жылдыздардын дубляжы менен жетип отурат. Орус шоу-бизнесинин “эрке баласы” ырчы Тимати баш каарман Кодинин үнүн коштоду. Хип-хоп стилинде ырдаган Тиматинин сүйлөгөнү Кодинин мүнөзүнө жарашып турат. Тимати: ”Мен Коди менен достошуп алдым. Экөөбүздүн мүнөзүбүз окшошуп кетет”,- деп интервьюлардын биринде айткан. Белгилүү актёр, шоумен Александр Цекалонун үнү менен акчаны гана ойлогон куу продюсер Реджи сүйлөдү. Жөжө Жонун үнүн коштогон Павел Воля да өзүнүн талантын дагы бир жолу далилдей алды.
“Тагдырдын жиберген тоскоолдуктарына карабай алдыга максат коюп, ал максатка жетүү үчүн колдон келгендин баарын жаса! Эрк менен күчтү жоготпостон үмүт менен алдыга бас! Өзүңө гана ишенсең да, жакын досторуңдун баркын бил”. Ушундай оптимисттик ураан менен тартылган мультфильмдерди кээде көрүп койсок да ашыктык болбос. Мейли, бул жөн гана мультфильм болсо деле...

Бетти даярдаган Бегайым Мукасеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 256, 28-сентябрь - 4-октябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан