ӨЛГӨНДӨН КИЙИН...

ӨЛГӨН АДАМ ДАРАК БОЛУП ТИРИЛЕТ
Австриялык Георг Треммель менен жапониялык Сихо Фукухара – Лондон искусство колледжинин окуучулары. Жаш окумуштуулар дүйнөдөн кайткан адамдардын ДНКсынан (дезоксирибонуклеиндик кислота) алма дарагын өстүрүп көрүүнү сунушташкан. Алардын негизги идеясы: күмбөздөр жансыз болушат, ал эми жашоонун символу болгон алма дарагы жакындарын жоготкондорду соорото алат.
Бул ачылыш алгач Георг менен Сихонун “трансгендик күмбөз” аттуу дипломдук иши эле. Бир жылдан кийин бул иш “Биожакындык” деп аталган олуттуу долбоорго айланган. Өлгөн адамдын оозунан ДНК алынат да, алманын клеткасына отургузулат. Алма көчөт болуп чоңойгончо аны 6 айга жакын лабораторияда өстүрүшөт. Адамдын ДНКсынан өскөн дарак өзүнүн тышкы келбетин өзгөртпөстөн, ар бир клеткасында кишинин ДНКсын алып жүрөт да, өлгөн адамга экинчи жашоо берет. Достор “биожакын” дарактын ар бирин 35 миң доллар деп баалашкан.
“Кээ бир өлкөлөрдө өлгөн адамдын атына бак тигишет. Демек, бак-дарак – жашоонун уландысынын символу. Тирүү алмада жакын адамыңдын бир бөлүгү бар экендиги моралдык жактан чоң жардам берет”,- дешет Георг менен Сихо. Бирок, британиялык «ACRE» уюму (жаңы ачылыштарды изилдейт) “тирүү” алма бактар адамдын көңүлүнө терс таасирин тийгизээрин айтышкан. Бул пикирин «ACRE» төмөнкү аргументи менен толуктаган: “Мен өлгөндөн кийин ушул бакта жашайм” дегендин өзү туура эмес. Мисалы, каза болгон чоң эненин элесин өсүмдүктөн эмес, небересинин көздөрүнөн деле тапса болот”.

ӨЛҮКТҮН КҮЛҮНӨН ТАРТЫЛГАН СҮРӨТ
Америкалык “Jane’Us” компаниясы о дүйнөгө кеткен адамдардын сүрөтүн тартуу кызматын сунуштайт. Бирок, сиз ойлогондой портрет эмес, алардын сөөгүнүн күлүнөн тартылган сүрөт. Кадимки боёк менен тартылган сүрөттүн бетине өлгөн адамдын өрттөлгөн сөөгүнүн күлү себиле турган жаңы искусство пайда болду.
Сүйүктүү адамдарын тигил дүйнөгө узаткандар “ар дайым түбөлүккө” деп аталган кызматты колдоно алышат. Мындай таңкалыштуу кызмат кайдан келген? Компаниянын жетекчиси Бетти Уилсон-Брокль бир нече жыл мурун энесинен ажыраган эле. Беттинин бул дүйнөдөн кеткен туугандары көмүлгөн бейит анын жашаган жеринен өтө алыста жайгашкан. Бетти бул маселени энесинин сөөгүн жанына алып калып чечкен. Башкача айтканда, энесинин сөөгүнүн күлүн бир нече сүрөткө кошуп тарткан да, сүрөттөрдү жакындарына таратып берген. Мындай идея көпчүлүккө жакканы да күтүүсүз нерсе эле. Ошентип, биринчи заказдарды аткарып баштаганда шумдук бизнестин да тушоосу кесилген.
“Jane’Us” фирмасы адамдар менен айбандардын сөөгүнөн 300дөн ашык сүрөттү тартып чыгарган. Бир сүрөткө 2-6 чоң кашык күл кетет! Эгер чоң киши өлгөн болсо, анын жарым күлү сүрөткө кетсе, жарымын кумурага салып койсо болот. Ал эми кенедей бала чарчап калса, анда сүрөткө анын күлүн толук колдонууга туура келет. Сүрөткө эмне тартылаарын Бетти кардар толтурган анкетаны окуп чыгып чечет. Ал эми баалары сүрөттүн чоңдугуна жараша 350-900 доллардын тегерегинде болот.

ИНТЕРНЕТ ӨЗҮН-ӨЗҮ ӨЛТҮРҮҮНҮН ЖОЛДОРУН ҮЙРӨТӨТ
Интернеттеги издөөчү программаларга “суицид” деп суроо узатсаңыз, миңдеген жооптордун арасынан “өзүн-өзү өлтүрүүнүн жолдору”, “чогуу өлүүгө шерик издейм”, “өлүүгө эң ыңгайлуу жерлер” сыяктуу акылга сыйбаган жооптор чыкса таңкалбаңыз.
Суицидге арналган сайттарда өлүүнүн эң оңой жана тез ыкмаларын үйрөтүшөт. Өзүн өлтүрүүгө аракет кылган адамдар болсо “таблеткаларга караганда чычкандын уусу жакшы” же “секирүүнү чечсең, баланча көпүрө эң бийик” сыяктуу кеңештери менен бөлүшүшөт.
Мындай сайттардын арасынан “alt.suicide.holiday” эң көп “ийгиликке” жетишкен. Сайттын a.s.h деген баш тамгалары “күл” дегенди түшүндүрөт. ММКда бул сайттын эч ким тарабынан жабылбай жаткандыгы жөнүндө нааразычылык тараган. Сайт анонимдик түрдө иштегендиги үчүн аны жаап салуу оңойго турган эмес.
Бул сайтта өлүм тууралуу кеңири маалымат, “пайдалуу кеңештер”, сүрөттөр жарыяланчу. Жашоодон тажагандарды “өлүм бардык маселени чечет!” сыяктуу ураан сөздөр колдоп тураар эле. Мындай сайтка кирбей калган коноктордун жөн эле каттоодон чыгып кеткени же максатына жетип, өзүн өлтүргөнү ошол бойдон билинбей калат. 2003-жылга чейин бул коркунучтуу сайттын айынан расмий түрдө 14 адам каза тапкан.

АРБАКТАРДЫН КОНЦЕРТИ
Түндүк Каролина штатындагы Роли шаарчасында 2 жыл мурун таңкалыштуу концерт болуп өткөн. Анда эчак өлүп калган мыкты фортепьяночулардын оригинал композициялары жаңырган. Бул өзгөчө иш-чараны басма сөз “Арбактардын концерти” деп атап койгон.
Өлгөн адамдардын жандуу концерти америкалык программист Жон Уокердин жардамы менен ишке ашкан. Жон өзүнөн жана 4 кызматкерден турган “Zenph Studios” компаниясы эски музыкалык композицияларды санарип роялдын эсине жаздырды. Башкача айтканда, илгерки грампластинкаларга жазылган обондор эми MIDI-файл форматына көчү­рүлүп, “Yamaha” үлгүсүндөгү санарип роялда ойнотулду. Бул рояль татаал компьютердик системасы менен айырмаланат. Анын ар бир клавишасы системага баш иет, демек, мындай электрондук роялды ойноого музыканттын кереги жок.
Француз аткаруучу Альфред Корто композитор Шопендин чыгармасын 1928-жылы, ал эми канадалык пианист Гленн Гульд болсо Бахтын шедеврин 1955-жылы ойноп чыгышкан. Корто 1962-жылы, Гульд 1982-жылы каза болгон. Адистер аларды ХХ кылымдын улуу пианисттери деп аташкан. Заманбап техника алардын “кайтып келүүлөрүнө” мүмкүнчүлүк жаратты.

МАРКУМДАР БИЗГЕ КАТ ЖАЗЫШАТ
Эми америкалыктар көзү өткөн туугандары менен досторунан кат ала алышат. Же тескерисинче, каза тапкандан бир ай өткөндөн кийин жакындарына видео, аудиокаттарды жана сүрөттөрдү жөнөтө алышат. Мындай кызматты “Timelessmail.com” компаниясы жүргүзүүдө.
“Timelessmail.com” – 2001-жылдан бери иштеп келаткан үйбүлөлүк бизнес. Аны Лас-Вегаста Роберт жана Нэнси Уокер деген жубайлар ачышкан. Маркумдан кат алуу идеясы 3 жыл бою жетилип келген. Роберт менен Нэнсинин жакын тууганы дүйнөдөн кайтканы аларга катуу сокку болгон да, жубайлар оюн ишке ашырууну чечишкен.
Алгач баалары тууралуу. Өлгө­нүңүздөн кийин жакындарыңызга кат жибергиңиз келсе, анда тирүү кезиңизде “Timeless­mail.comго” жазылып, жыл сайын төлөмдөрүн төлөп турууңуз зарыл. Компаниянын өкүлдөрүнө сөзсүз түрдө социалдык фонддо катталган камсыздоонун номерин билдирип койгонуңуз шарт. Себеби, кишинин өлгөнүн же тирүү экенин социалдык фонддон гана билсе болот. Сайтта катталган кардарлар менен соцфонддун тизмесин салыштырып, “Timelessmail.comдун” кызматкерлери жакындарга кат жиберүү убактысы келгенин билишет.
“Timelessmail.comдун” тарифтик пландары бар. “Жөнөкөй” тарифине жазылган болсоңуз, өзүңүздөн кийин 20 билдирүү калтырып кетсеңиз болот. “Плюс” тарифинде 40 билдирүү менен сүрөттөр, ал эми эң кымбат “Премиум” тарифи боюнча 60 билдирүү, сүрөт жана видео жаздырып кетүүгө мүмкүн. Сиз көз жумгандан туптуура бир айдан кийин баалуу каттарыңыз эң көп 25 жакын адамыңызга жеткирилет.
Укмуштуу кызматтын ээлери: “Бизди баары эле түшүнө беришпейт. Кээлери жинди деп да ойлошу мүмкүн. Бирок, “Маркумдан кат” кызматынын максаты – жашоосунда айта албай калган сөздөрүн, сырларын өлүмүнөн кийин билдирүүгө мүмкүнчүлүк берүү”,- дешет. Компаниянын кызматын колдонуучулардын саны 2001-жылы 11-сентябрдагы Америкадагы каргашалуу окуядан кийин кыйла өскөн.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nurkq100
2012-09-02 19:34:36
соз жок
-1
№ 257, 5-11-октябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан