Биз “завод-фабрика курсак, элди жумуш менен камсыз кылып, жакшы жашасак...” деп кыялданабыз. Жакында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери үйүнө баңгизат жасоочу лаборатория ачып алган Данил Кузнецовду кармашты. Орусияда издөөдө жүргөн эргул келечекте Кыргызстанда баңгизат жасоочу завод ачсам деп кыялданып жүрүптүр.
БААРЫ СОЙКУЛАРДАН БАШТАЛГАН
Милиция бөлүмүнө “Бишкекте сойкулардан турган уурулардын тобу пайда болду” деген маалымат түшөт. Атүгүл сойкулардын кардарларды тоноо ыкмасы да белгилүү болот. Көрсө, жашы жете элек сойкулар чакыруу боюнча кардарларынын үйүнө барып, алар менен бирге ичимдик ичишет экен. Кыздар менен чогуу ичкен кардарлар бат эле эстерин жоготушат. Эсине келип ойгонушса, үйдөгү акча, кымбат баалуу нерселер жана уюлдук телефондору жок болуп чыгат. Атайын операциянын жыйынтыгында милиция кызматкерлери өзгөчө тоноочулардын артынан сая түшүп, Зарема аттуу сойкуну колго түшүрүшөт.
Аталган “түнкү көпөлөк” өзүндөй Вика аттуу курбусу менен кардар-жабырлануучунун 50 миң сомун жана кымбат баалуу телефонун көтөрүп жолго түшүшкөн. Милиция кызматкерлери Зареманы жабырлануучунун ошол телефону аркылуу кармашкан. Ал эми акчаны курбусу менен бөлүп алып, коротуп жибергени маалым болду. Албетте, милиция кызматкерлерин кыздардын кардарлары ичкен ичимдиктерге эмне кошкондугу, аны кайдан алгандыгы кызыктырган. Биринчи эле суракта Зарема ал порошоктун аталышын билбегендигин, борбордо жашаган Данила-химик дегенден сатып алгандыгын айтып берген.
ҮЙ ШАРТЫНДАГЫ БАҢГИЗАТ ЛАБОРАТОРИЯСЫ
Ошентип, оперкызматкерлер сойкунун көрсөтмөсү менен Данила-химикти ижарага алып жашап жүргөн үйүнөн кармашат. Лакап аты Данила-химик болгон адам Данил Кузнецов аттуу 26 жаштагы Орусиянын жараны экендиги аныкталды. Бир караганда лабораторияны элестеткен үйүнүн ичинен колбалар, ичинде кандайдыр бир суюктуктары бар мискейлер, бир нече килограмм эфедра чөбү, кислотанын түрлөрү жана баңгизатын даярдоодо керектелүүчү ар кандай аспаптар табылган. Мындан сырткары эксперименттерин жазып жүргөн калың күндөлүгү да чоң олжо болду.
Милиция кызматкерлеринин айтымында, бул жигитти жергиликтүү баңгилер Данила-химик деп аташчу. Данила баңгизат даярдоо үчүн эфедра чөбүн Ысык-Көлгө барып, кемпирлерден сатып алып турган. Келечекте Бишкекте эфедрон жасоочу завод курууну да пландап койгон. Анын айтымында, героин менен алектенгенге караганда эфедрон арзаныраак түшөт жана кымбат сатылат (1 грамм героин орточо 1500 сом турса, ошончо эле эфедрон 4500 сом турат).
“КЫРГЫЗСТАН – БЕЙИШ, МЕН ЖОЛДУУМУН”
Данила-химиктин күндөлүгүн жасаган эксперименттеринен сырткары түрдүү басылмалардан баңгизаттар тууралуу чогулткан макалалар жана сүрөттөр толуктайт. Ал алгач эфедронду дарылардан жасап жүргөн. Бул узак убакытты алып жана кымбатка түшкөндүгүн билген ал кантип оңой жана көп өлчөмдө жасоонун жолун табат. “Алгач базардагы кемпирлерден, андан кийин талаадан эле жыйнап алса болот. Кыргызстан – бейиш. Мен жолдуумун”. Бул сөздөр Данилдин күндөлүгүндө жазылган.
Ал сатып алган кургатылган эфедра чөптөрүн жана талаада өскөн сүрөттөрүн карап суктанчу. Өзүнө да тажрыйба жүргүзүп жүрүп баңгизатына көнүп калган Данила-химик кимдир бирөөлөрдүн атына “баңгизат колдонуп, өз өмүрүңдү кыскартпа” дегендей кыска билдирүүлөрдү жазган. Дагы бир ушундай билдирүүлөрүнүн астына калем сап менен чалгы көтөрүп турган ажалдын сүрөтүн да тартып койгон. Бул күндөлүк өзүнө окшогон адамдын колуна тийип калса эмне болот эле? Ал жерде кантип жасоо керек экендигинин так маалыматтары, схемалары жана эсептери жазылган. Даяр товар жасалуу үчүн кайсыдан канча өлчөмдө кошуу керек, кандай температурада ысытуу, канча убакыт кайнатуу керектиги жазылган.
КУМИРИ – МЕНДЕЛЕЕВ
Бул факт боюнча ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка каршы бөлүмүнүн жетекчиси Азиз Нурмаматов бизге буларды айтып берди:
– Данил Кузнецов Орусиянын Свердлов облусунун Төмөнкү Тагил шаарынын тургуну болот. Мурун түрмөдө отуруп чыгып, кийин да “атайылап денеге оор жаракат келтирген” делинип Орусияда издөөдө жүргөн. Азыр анын биздин өлкөгө кантип келип калгандыгын аныктап жатабыз.
Ал окумуштуулардай болуп баңгизат даярдоо боюнча өз алдынча изденип, түрдүү булактардан маалымат топтогон. Күндөлүгүнүн көпчүлүк бети химиктер гана түшүнө турган формулалардан турат. Кумир тутса керек, үйүнө Дмитрий Менделеевдин сүрөтүн илип алган. Ал химиялык элементтердин мезгилдик системасын жатка билет экен.
Данила-химик убактылуу кармоочу жайга киргизилип, КРнын Кылмыш кодексинин 247-беренесинин 1-бөлүмү (Баңгизаттарын же психиканы бузуучу заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу жана сатып өткөрүү) боюнча иш козголгон. Аталган берене боюнча мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн. Жигитке кыйын эле болууда. Абакта бул баңгиге эч ким баңгизатын бербейт, суроолорго жооп бербей эле ыйлоодо.
ЖАСАГАН БАҢГИЗАТЫ ТУУРАЛУУ
Эфедрин – психоактивдүү касиетке ээ зат. Ал баңгизаттардын прекурсорлор (өндүрүштө колдонулуучу, жасалуучу жана иштелип чыгуучу) тизмесине кирет. Эфедрин медицинада кээ бир мазь, порошок жана суюк дарылардын курамында кездешип, ампула түрүндө да сатылат. Таза түрүндө баңгиликте колдонулбайт.
Эфедрон – кыска убакка таасир берүүчү психостимулятор. Эфедрини бар каражаттардын негизинде жасалат.
Эфедронду 7-8 ай күндө колдонгондон кийин баңгинин психозу өөрчүп кетип, сенестопатия (денесинин бөлүктөрү өзгөрүп, мисалы, кошумча дагы бир кол өсүп жаткандай туюлуу) пайда боло баштайт. Ошондой эле бирөө артынан кубалап жүргөндөй коркуу пайда болуп, кулагына ар кандай үндөр угула баштайт. Корккондуктан, адам үйдөн чыкпай калат.
Эфедрон баңгилердин арасында чоң талап менен колдонулат. Бир нече жолу сайынгандан кийин адам анын түбөлүк кулу болуп калат. Героин колдонуучуларга караганда эфедрон колдонгондордун өлүмү көбүрөөк катталат. Дамамат сайынып жүргөн адам бир нече жылдан кийин майыпка айланат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg