АТАСЫНЫН КЫЗЫ
Гүлжан атасынын эрке кызы болчу. Кан басымы кокусунан көтөрүлүп атасы каза тапканда урук-тууган, жакындары анын энесине караганда да он үч жаштагы кызы Гүлжандан көбүрөөк сарсанаа болушкан. Атасы менен тармал чач кызы жандан башкача ынак эмес беле. Талаада тракторчулар, шоопурлар, дыйкандар менен аралашып жүрүп, атасы тээ түн ортосунда май, талаа, топурак жыттанып келээр эле. Атасы келгиче уктай албай, чыргоолонуп ыйлап жатып энесинин шайын оодарчу. Качан дарбаза кыйч эте ачылып, кулакка тааныш дабыш угулганда ордунан учуп туруп, “атакелеп” барып моюнуна асылып калчу. Ошол май, тер аралашкан жытка ырахаттана уктап калчу. Бир ирет атасы чөп чабыкка деп жайлоого кетип он күн келбей калганда куса болуп, кадимкидей ооруп калган. Тамак ичпей, көзүн да ачпай, ооруканада сулк жатып калган кызын көрүп, атакеси тимеле буркурап ыйлап: “Экинчи сени таштабайм. Кечирип кой мени, кызым, сени оорутпайм!”- деп убада берген. “Чын эле мени эми атам такыр таштабайт экен”,- деп ойлогон кичинекей акылында. Көрсө, жашоо дегениң такыр башка тура. Кааласа минтип жакын адамыңды алып, ансыз жашатып деле коёт экен.
“СЕЛСАЯК БОЛСО ДА СҮЙӨМ”
Университетте окуп жүргөнүндө бир агай: “Кыздар өзүлөрү байкабай туруп атасына окшош эркекти издешет,- деп тамаша-чынга аралаш айтып калаар эле. Негедир ал кепке анча маани бербеген экен. Анда Гүлжан керилген, жигиттердин көзүн күйдүрүп, эч бирин теңине албай менменсинип жүргөндөй көрүнөөр эле. А чынын айтканда, көңүлгө от жаккан адамды таба элек кези. Окууда го макул, өз билгениндей жүрө алат. Гүлжанды ошол жылдары ат тезегин кургатпай үйүнө келе берген жуучулар жаман жадатышчу. Мындай окуялар Гүлжан окууну бүтүп төрт жыл иштегиче деле көп жолу кайталанды. Анан бир күнү, болгондо да Жаңы Жыл күнү бул баш ооруларга чекит коюлду да калды.
Гүлжанды агасы Жеңиш ой-боюна койбой “Жаңы Жылды биз менен чогуу тос” деп үйүнө алып кеткен. СИЗОнун жетекчисинин орун басары болуп иштеген агасы үй толтура конок чакырганын айткан эмес. Артыкбаш ызы-чууну жактыра бербеген сулуу ушунча бака-шака түшкөн компаниянын арасында отурса да өзүн жападан-жалгыз сезип, көңүлү уйгу-туйгу болуп, терезени телмире тиктеп турган.
– Эмнеге мынча капасыз?- кокусунан чыккан үндөн улам чочуп кетип карай салса, жылмая тиктеп бир жигит туруптур. Тигил коноктордун арасынан бул жигитти көрбөгөн эле.
– Кандайча? Маанайым жакшы эле. Ушундай күнү киши кантип капа болсун?!
Көзүндө төгүлүп-төгүлбөй турган көз жашын шашып аарчымакчы болгон Гүлжанды унчукпай кучактап алган жигит жай гана көздөрүн аарчып, саамайынан шуу жыттап алды. Мына ушул мүнөт Гүлжандын өмүрүн астын-үстүн кылып жиберген сыяктанды. Кийин ойлосо, Сапардын оттой күйгөн көзүн, дал атасындай машинанын майы менен тер аралаш жытын гана байкаган экен. Ушул жытты нечен жылдар бою кусалана сагынып келгенин эми туюп, таанышканына он мүнөт боло элек жигиттин моюнунан кумарлана жыттап, коё бергиси келбей тура берген. Эркелете тиктеген жигит да аны кучагынан бошотпой, анан экөөнүн деминен улам бууланып чыккан терезеге “Жаңы Жылың менен!” деп жазып койгон. Аңгыча жеңеси алактай, кайынсиңдисин издеп келип калды. Алар Гүлжанды атайын агасы менен чогуу иштеген жигит менен тааныштырганы алып келишкен эле.
– Гүкүн, сен кайда?
Мындайды күтпөгөн белем, колундагы бокалы шаңгырай жерге түшүп, бырын-чырыны чыга талкаланып кетти.
– Гүкүн, бул эмне кылганың? Сапар?..
– Кечиресиз, биз байкабай эле...
– Байкабай дегениң эмнеси? Бул кыз менин кайынсиңдим. Сен кете элек белең?
Эмнеге келгенин унуткан жеңеси Сапарды жектегендей тиктеп калды. Көрсө, бул жигитти кол кабыш кылышсын деп агасы алып келген экен.
Анын Сапар менен таанышканын жеңеси эле эмес, агасы да жактырган жок. Эртеси түшкү тамакта отурушканда кыжына столду муштап алды.
– Эмне, ошол селсаяк менин карындашыма сүйлөй турган болуп калыптырбы? “Агам СИЗОдо жатат. Уурулук кылыптыр. Өзү оорулуу эле, кабар алып чыгайын, уруксат бериңиз!”- деп кабинетимдин эшигинен кетпей койгонунан жардам бергем. Кийин кой сойгонго, отун жарганга жардамы тиет деп үйгө апкелсем, кылганын карабайсыңбы наадандын!
Күпүлдөгөн күйөөсүн кайрап бир жактан эми жеңеси чыкты:
– Мен да төбө чачым тик туруп, жаман абалда калбадымбы. Гүкүнтай, сен капа болбо. Билген жоксуң да анын ким экенин.
– Селсаяк болсо эмне экен? Кебетеси андайга деле окшогон жок. Мага жакты.
– Эмне? Мобул кыз эмне деп турат, ыя? Билесиңби анын ким экенин? Агасы ууру, азыр түрмөдө жатат. Атасы да, энеси да жок. Карыган энесинин пенсиясын тиктеп дагы эки карындашы отурат айылда!
– Эмне, атасы, апасы каза болуп калса баласынын күнөөсүбү? Биздин деле атабыз каза болуп калбады беле?
Карындаштарынын ичинен эң сулуусу, жылдыздуусу Гүлжандан мындайды күтпөгөн. Аксаргыл келген агасынын өңү кызарып-татарып, тамагы буулуп чыкты. Сүйлөөргө бир ооз кеп таппай, кудум дем жетпей калгансып шашыла көйнөгүнүн жакасын чечип, шалдая отуруп калды.
“ТЕМТЕЙГЕН НЕМЕ САГА ТЕҢ ЭМЕС”
Гүлжандын тереңине сыр, муң катылгандай оттуу көздөрү Сапарга такыр тынчтык бербей койду. Айласы кеткенде Бишкекке келип, көңүлүнө тынчтык бербей жаткан кызды таап алды. Анын кайсы жерде иштээрин Жеңиш мактанып бир досуна айтып жатканда жакшы эстеп калган. Эки жаштын дүйнөсүнө жаз келип, ай-аалам ырга айланып жатса да, алардын мамилесин Гүлжандын агасы эле эмес, жакындарынын бири да жактырышкан жок. Апасы, сиңдиси, агасы: “Кой, мындай бала сенин теңиң эмес, көзүңдү ач”,- деп кызды айнытууга аракет кылышса, эжеси демитип кирип, Гүлжандын дале бүтпөй жүргөн жарасын тырмап алды.
– Өзүң жогорку билимдүү болсоң, анан кантип ушул темтейген бирөөнү күйөө кыласың? Ойлонуп иш кылбайсыңбы! Эмне, жигиттердин тукуму кырылып калыптырбы? Элестетсең, жездеңе кантип айтабыз “ушул – күйөө бала” деп? Кайынжуртума да шылдың кыласың мени.
– Сиз мени ойлобой эле өзүңүздү ойлоп жатасыз, эже! Ошол байлыгы чириген кайынжуртуңуз эмне кылып кыйратты? Бизди макул, өзүңүзгө эмне кылып беришти? Бай күйөө, тектүү кайынжурт сиздикиндей болсо, рахмат! Мага мындайдын бир тыйынчалык кереги жок!
– Гүлжан, тигиниң сенин башыңды айлантып койгон эмеспи? Жеңишке “Сапар атама окшош экен” деген имишсиң. Эми мага минтип кыйкырып... Ай, кантип оозуң барды, атамды ошол теги жок бирөөгө салыштырганга?
– Эмне эле тектүү болуп кыйын болосуздар Жеңиш экөөңүздөр? Ата-энесинин эрте каза болгонуна Сапар күнөөлүүбү? Атама чын эле окшош...
– Чүш-ш, апам укпасын! Экинчи мен да укпайын мындай келесоо сөздөрүңдү. Биздин атабыз эл сыйлаган, жогорку билимдүү, колхоздун бир жагын чоюп турган киши болгон. Түшүндүңбү?
Билими, эл ичиндеги кадыр-баркы жагынан албетте, атасы менен Сапардын арасы асман менен жердей. Бирок, чанда бир эркекте кездешээр кайрат, өзүнө болгон ишеним, жүрөгү сүйгөн адамына берилгендик бул эки адамда бар экени анык эле. Атасы аны таштап кеткен күндөн бери бороон уруп, бош калган көөдөнүн ушул көздөрүндө от учкундаган жигит жылытып жатканын кантип түшүндүрөт мобул бир туугандарына, энесине?
БАКТЫЛУУ КҮНДӨР МЕНЕН КОШТОШУУ
Баарыбир келише алышкан жок. Атасынан макул, ажал тартып ажыратып кетти. Эми Сапардан кантип айрылат? Ары айтып, бери айтып, Гүлжанды эсине келтире албаган жакындары “башың баш, багалчагың кара таш” деп өз жайына коюшту. Ошентип, жолдору эки ажырым кетти.
Эми ойлоп, “ошол күндөр өмүрүмдүн жазы болсо керек” деп кетет. Экөө эч кимди чакырбай туруп мечитке барып нике окутуп келишкен. Сапар коюнуна аялуу буюмун сындырып алчудай катып алып келип берген ак жоолугу дале сакталуу. Гүлжандын жакындары менен мамилени оңдоого кийинчерээк дагы аракет кылып көрүштү. Бечара экөө “жакшыраак болуп баралы” деп акча табыштын камында эки жумушта иштеп, үйгө буттарын сүйрөп араң келишчү. Анын ысык кучагында жатып: “Сен анчалык капа болбо. Мени баары жакшы көрүшөт. Айрыкча атам өзгөчө жакшы көрчү. Баарыбир кечиришет”,- деп көңүлүн сооротор эле. Айтканындай болбоду. Экөө күндөп-түндөп иштеп таап алып баргандарын акырын гана колдоруна карматып туруп чыгарып коюшту. Жол ката солуктап ыйлап келген келинчегин аяр кучактап, “ыйлап бугун чыгарып алсын” дегенсип, Сапар унчукпай келе берди. Эртеси ойгонсо жанында күйөөсү жок экен. “Жумуштан кечиктим” деп шашып кийинип, эми туфлисин киймекчи болгонунда ичинен алакандай кагаз түшүп кетти. Алып караса Сапардын каты. “Атаңдын ордуна ата, апаңдын ордуна апа, сүйүктүү күйөөң болуп берсем, ыйлабай калаар белең?”- деп жазыптыр. “Сен жанымда болсоң такыр ыйлабайм!”- деп жазып, катын кайда калтыраарды билбей турду да, муздаткычка салып койду. Ал жумуштан келээри менен муздаткычтан айран алып ичээрин билет. Демек, катты көрөт.
Туура ойлогон экен. Эртеси жумуштан сумкасын ачып жатып, кечээки катынын жообун таап алды. Сапар аны качан салып койгонун байкабаптыр. “Рахмат, мага ишеним көрсөткөнүңө. Сени эми эч качан таштабайм, ыйлатпайм, оорутпайм дагы”,- деп жазыптыр. Ошондо жүрөгү кысылып кетти. Кайдан укту эле бул сөздөрдү? Башын оорутуп жатып, баягы кичинекей кезинде ооруп калганында атасы айткан кептер экенин эстеди. Чогуу жашашса да, бири-бирине алакандай кагазга кат жазып, аны күтүлбөгөн жайларга, буюмдардын ичине салып коймой, ушундай жол менен арзууларын билдирүү сыяктуу жоруктар экөөнүн эч кимге айтылбаган сырдуу дүйнөсүнө айланган эле. Жаңы Жылда терезе жанында кучакташып туруп, жылуу демдерине бууланып чыккан айнекке каалоо, арзууларын билдирген кептерди жазышаар эле. Аттиң, өмүр жазы көпкө созулган жок.
Ал күнү Сапарды ой-боюна койбой бир досу туулган күнүнө ээрчитип кеткен. Гүлжан “эртең жыйналыш бар эле” деп шылтоолоп калып калган. Кандай болсо да түнкүсүн үйгө келип калчу күйөөсү ал күнү келген жок. Жүрөгү жагымсыз бир нерсени сезгендей улам терезени тиктеп, эки айлык уулуна тигилип отуруп, ошол түндү уктабай атырды. Бул учурда Сапардын камакка түшүп калганын кайдан билсин?
Көрсө, туулган күнгө баргандар ичип алып мушташып кетишиптир. Бирөөсү бычак ала чуркаптыр. Айтор, кимди-ким көрдү болуп мушташып жатышканда бир жигитке бычак тийип каза болуп калыптыр. Анан милиция келип, ошол учурда дале тынчыбай жаткан үч жигитти алып кетиптир. Баарынан жаманы, бул жигиттерге, анын ичинде Сапарга да санксция берилип, СИЗОго, кайнагасынын колуна барат. Дале күйөө баланы теңсинбей жүргөн Жеңиш бул окуя жөнүндө Гүлжанга бир ооз айтып койбой, бөлөк жайга котортуп жиберет. Жанынан артык көргөн уулун көрүүгө, сүйүктүү жары менен байланышууга кылган аракетинен пайда чыкпаганынан улам Сапар тергөө бүтө элегинде кан басымы көтөрүлүп кетип каза табат. Качан гана ал кайтыш болуп, бөлөк арга жок калганда агасы Гүлжанга келип: “Мына, айтсак тилибизди алган жок элең. Күйөөң балдар менен мушташып, алардын айынан бир жигит каза таап, камакта жаткан экен. Кечээ көз жумуптур!”- деп балч эттире айтып салган. Эки айлык баласын бооруна кыскан Гүлжанга ошондо жер астын-үстүн болуп кеткендей туюлган.
Ошондон бери Гүлжандын өмүрү экиге бөлүнүп калгандай: Сапар каза боло электеги өмүрү жана Сапардан айрылгандан кийинки өмүрү. Өмүрүнүн экинчи бөлүгүндө мезгил токтоп калгандай туюлат. Сыягы, уулу гана аны жашоого үндөйт өңдүү. Жыл сайын Жаңы Жылда, сааттын жебеси он экини какканда терезеге келип “Жаңы Жылың менен...” деп жазганды адат кылып алган. Анан ошол жазууну эш тутуп, кайра кийинки жылга чейин жашай берет.
Айбек Нурадилов